Батыштагы аскерлер украиндер үчүн котормочулардын жетишсиздигине кабылды
Украин аскерлерин Германияда окутуу маалында котормочулардын жетишсиздиги чоң көйгөйгө айланды. Бул тууралуу окутуу миссиясынын жетекчисинин орун басары, нидерланд генералы Мартин Бонн Financial Times басылмасына курган маегинде билдирди.
Бонндун айтымында, Украина жана Батыштагы өнөктөштөр квалификациясы жогору эмес котормочуларды жибергендиктен, алар күнүмдүк турмушта эле колдонулган аскердик лексиканы которууда кыйналууда.
Financial Times мындан тышкары окуп жаткандардын ар түрдүү курамына - жашына жана даярдыгына да көңүл бурган. Мисалы, бир аскер 71 жашта экени айтылган. Аскердик окутуу менен алектенгендер муну Украинанын куралдуу күчтөрүнүн тажрыйбалуу адистерди фронттогу милдетинен алагды кылгысы келбей жатканы менен түшүндүрүшөт.
Басылманын маектештеринин бири инструкторлор Советтер Союзунда билим алган украиндер эмнени окуп жатканын эң жакшы билет деп эсептешет.
Financial Times украин аскерлеринин жогорку мотивациясын да белгилешкен.
Жыл соңуна чейин Германияда 10 миң украин жоокери окуудан өтүшү керек. Бул Батыштын украин күчтөрүн танк, артиллерия жана абадан коргонуу системалары менен камсыздоо программасынын бир бөлүгү экенин айтышууда. Financial Times Киев жалпы жонунан АКШ жана Европада 60 миңден ашуун кишини окутууну пландап жатканын жазды.
Украин аскер командачылыгынын Харьков облусунун Купянск багытындагы коргонууну бекемдөө чечими америкалык аскердик эксперттерине карама-каршы келет.
Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды.
Орус армиясынын чабуулдарынан улам Купянск багытында коргонууну күчтөндүрүү керектигин 25-августта Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Александр Сырский билдирди.
Басылма жазгандай, АКШнын Коргоо министрлиги тескерисинче украин армиясы өз күчтөрүн бир багытка салып, душмандын коргонуусун жырып өтүшү керек деп эсептейт.
Кеп Запорожье облусундагы украин армиясынын контрчабуулу тууралуу болуп жатышы мүмкүн экени боолголонот.
Купянск шаарын орус армиясы согуштун алгачкы айларында эле басып алган. Украин күчтөрү былтыр сентябрда аны кайра өз карамагына алган. NYT белгилегендей, Купянск шаарын жоготуу Киев үчүн олуттуу сокку болуп калышы мүмкүн.
"F-16 фронтто 2024-жылдын жазына чейин келиши мүмкүн" деп билдирди Украинанын коргоо министри Алексей Резников Bild немис басылмасына.
"Мен бул "келерки жылдын жазына чейин болушу мүмкүн деп ойлойм, ошол себептүү биз учкучтарды, инженер, техниктерди даярдоо курсун баштадык", - деди Резников. Ал учактарды колдонуу үчүн Украинага инфраструктараны камдоо керектигин билдирди. "Бул жок дегенде алты ай же андан көп убакытты алышы мүмкүн".
Согуштук учактардын фронтто пайда болушу согуштагы "оюн эрежесин өзгөртүшү мүмкүн" деди Резников.
"Биз Орусиянын абадагы, согуш талаасынан сырт жактагы үстөмдүгүн токтотушубуз керек. F-16 учагы абадан коргонуунун бир бөлүгү болот. Биз аба мейкиндигин, биздин шаарларды коргоо үчүн асмандагы биздин мүмкүнчүлүктөрдү күчтөндүргөнү жатабыз. Бул биз үчүн чоң секирик болмок. Өтө чоң", - деп түшүндүрдү ал.
Орусиянын армиясы бир сутка ичинде Украинага 11 ракеталык жана 48 авиациялык сокку урду
Дүйшөмбүгө караган түнү орусиялык аскерлер Полтова облусуна ракеталык сокку урду. Чабуулдун кесепетинен эки адам каза таап, экөө жарадар болду. Эки адамдын дайыны белгисиз. Уранды арасында издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 28-августта Полтава облусунун аскердик администрациясынын башчысы Дмитрий Лунин билдирди. Ал ракета өнөр жай объектисине түшүп, өнөр жай цехин толук талкалаганын билдирди.