Орусия менен Түркиянын президенттери 4-сентябрда Сочиде жолугарын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Апта башында Түркиянын "Адилеттик жана өнүгүү партиясы" Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу жакын арада болорун билдирген.
Президенттер жолугушууда Украинага Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол берген келишимди жандантуу же башка альтернативдүү макулдашуу түзүүнү сүйлөшөрү күтүлүүдө.
Бул дан келишими аяктаган июль айынан берки эки лидердин алгачкы жолугушуусу.
Москва июль айынын соңунда Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоого жол берген келишимден чыгып кеткен.
Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.
Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып, 17-июлда токтоду. Бул аралыкта Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолгон.
The Wall Street Journal басылмасы Кремлдин дан келишимин узартуудан баш тартышынын дагы бир себеби катары Түркия Украинага “Азов” полкунун башчыларын кайтарганын белгилеген. Мариуполдогу салгылашууда “Азовсталдын” коргоочулары туткунга түшүп, алмашуу жолу менен Стамбулга жеткирилген. Алмашуунун шарты боюнча алар согуш бүткөнгө чейин Түркиянын аймагында калышы керек эле.
Украин күчтөрү Запрожьеде чабуулга өтүп, Орехов шаарынын түштүгүндөгү Токмак шаарын көздөй жылып, орусиялык күчтөрдүн логистикалык борборуна жакындап калды.
Орусиялык күчтөрдүн негизги пункту болгон Работино айылын алгандан кийин украин күчтөрү түштүккө карай жылып, Новопрокоповканы айланып өтүүдө. Украин күчтөрүнүн башкы штабынын күнүмдүк маалыматында аскерлер бошоткон аймактарда позицияларын бекемдеп жатканы айтылат.
Украин күчтөрү Работинонун түштүк-чыгышындагы Вербовое багытына жылып, "Суровикиндин линиясы" деп аталган биринчи эшелонго жакындаган. Буга чейин Вербовое багытынын батышында украин күчтөрү позициясын бекемдегени тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок кийинчерек алар оор куралдары жок чалгын топтору экени маалым болду.
Орусия абадан коргонуу системасын Куриль аралдарынан алып кеткенин "Майнити симбун" жапон басылмасы жазды. Орусия системаны украин дрондору чабуул койгондо абадан коргонуу күчтөрү жетишпей жаткандан улам алып кетиши мүмкүн.
Басылма Итуруп жана Кунашир аралдарын Maxar Technologies компаниясынын спутниктери космостон тарткан сүрөттөрдү изилдеген Токио университетинин окутуучусу Ю Коидзумиге шилтеме берген.
Орусия С-300 ракеталык комплексин Итуруптагы Касатка жана Кунаширдеги Түштүк-Куриль аймагындагы булуңга 2020-жылы жайгаштырган. 2022-жылы тартылган сүрөттө ал жерде ракета менен атылуучу транспорттук жабдууларды, радар жана башка жабдыктарды көрүүгө болот. Коидзуми азыр алар жок экенин айтууда.
Ракеталык комплекстер Украинага жакын аймактарга жеткирилиши мүмкүн. Коидзуми Сахалин аралынын түштүгүндөгү аскердик базадагы эски танк жана гаубицалар ремонттон өткөндөн кийин Украинага жеткирилиши мүмкүн деген божомолду айткан.
Москва облусунда Люберцы шаарына жакын жерде дрон атып түшүрүлдү. Жергиликтүү аэропорттордо учууга чектөө кирди. Учкучсуз учак Курс облусундагы Курчатов шаарына чабуул койгонун жергиликтүү бийлик кабарлады. Ал жерде Курск атомдук электростанциясы жайгашкан. Административдик имарат жабыр тарткан. Москванын аэропортторунда чектөө киргизилди.
Псков облусунда дрондордун чабуулуна аскердик аэродром да кабылып, абадан коргонуу күчтөрү иштеди. Бийликтер "белгисиз объекттер зыянсыздандырылганын" билдирди.