Ак үй украин күчтөрүнүн ийгилигин белгиледи
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби жума күнү Кошмо Штаттары акыркы 72 саат ичинде украин куралдуу күчтөрү Запорожье облусунда алга жылганын белгиледи. Анын айтымында, украин армиясы орусиялык коргонуу линиясына чабуул койгондо айрым ийгиликтерге жетише алды. Бирок Киевди бул участокто дагы оор кармаштар күтүп турат.
Украин бийликтери жума күнү украиналык армия орусиялык коргонуу линиясынын биринчисин жырып өткөнүн, бир катар жерлерде өтө кубаттуу орусиялык күчтөр менен кармашууга туура келгенин айтканын "Америка добушу" билдирди. Жазга белгиленип, жай башында башталган чабуулда, украин күчтөрү бир катар конуштарды бошотууга жетишкен.
Батыш медиасы жума башында АКШ администрациясындагы булактарына таянып, Киевди контрчабуулду жай жүргүзүп жатканы үчүн сындаган. Айрым эксперттер украин күчтөрү алга жылбаса, Батыш колдоосун токтотушу мүмкүн деген божомолун айтышкан.
Politico: Украин куралдуу күчтөрү сентябрда M1 Abrams танкынан 10ду алат
Politico басылмасы АКШ армиясынын полковниги Мартин О'Доннеллдин сөзүнө таянып, 200 украин танкисти жакында эле окуудан өткөнүн билдирди. Басылманын маалыматында Киев убада кылынган 31 танктын 10ун сентябрдын ортосунда алууга тийиш. Пентагон бул он танк Германияда ремонттон өтүп бүтүп калганын, толук даяр болору менен Украинага жиберилерин билдирди.
Эстон чалгын кызматы: Орусия украин күчтөрүнүн чабуулун токтотуу үчүн болгон күчүн түштүккө таштап атат
Работинодогу жана Вербовоедеги украин күчтөрү (Запорожьедеги Орехов шаарынан түштүккө карай) "Суровикин линиясына" жетти. Орусия мындан улам ал жакка күчтөрдү жөнөтүп жатат. Бул тууралуу Эстониянын Коргоо күчтөрүнүн чалгын борборунун башчысы Марго Гросберг билдирди.
Ал аймакка Бахмуттун жанындагы Аскер-аба десанттык күчтөрүнүн Псков дивизиясынын бөлүмдөрү жана лиман багытындагы бөлүмдөр келип жатканын билдирди. Гросбергдин пикиринде бул орусиялык аскер жетекчилеринин кыйын абалда калганын көргөзүп турат. "Орусия чоң тобокелдикке барып атат, бул анын кубаты түгөнүп, азайып кеткенин көрсөтөт" деген полковниктин цитатасын ERR басылмасы жазды.
Гросберг украин күчтөрү жай, бирок өтө кылдаттык менен алга жылып жатканын билдирди. Ал украин күчтөрүнө орехов багытында ийгиликке жетүү кыйын болорун, Азов деңизине жетүү оңой болбосун белгиледи.
Украин күчтөрүнүн чабуулунан кийин фронттогу кырдаалга көз салган эксперттер орусиялык күчтөр, айрыкча десанттык бөлүктөр Бахмутка ташталганын билдирген. Украин күчтөрү болсо учурда түштүк тарапта алга жылууда.
Украина: Псков аэропортуна чабуул Орусиянын аймагынан болгон
30-августта Псков аэропортуна болгон чабуул Орусиянын аймагынан жасалган. Бул тууралуу украин чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов The War Zone долбооруна билдирди.
Буданов деталдарды тактоодон баш тартты. Анын айтымында, соккудан улам эки учак жок кылынып, дагы экөө талкаланган. The War Zone спутниктен тартылган сүрөттөрдү анализдегенден кийин бул билдирүүнү ырастады. Космостон тартылган сүрөттөрдө Ил-76 "Кандид" жүк ташуучу учагынын калдыктарын жана фюзеляжынын үстүңкү жагы талкаланган ушундай эле эки учакты көрүүгө болот.
Долбоор мындан тышкары украин чалгын кызматынан дрондун инфракызыл камерасына тартылган видеонун скриншотун алышкан. Сүрөттө талкаланган учактарга урулган соккунун жыйынтыгы тартылган.
"Сүрөттө дрон бомба таштагандай көрүнөт", - деп белгилеген The War Zone. Долбоор дрондорду аэропорттон алыс эмес жерде турган адам башкарышы мүмкүн деп боолгогон.