Украинанын президенти Владимир Зеленский контрчабуул боюнча айтылып жаткан сындарга жооп берип, украин аскерлери эч нерсеге карабастан алдыга жылып кетип баратышканын билдирди. 2-сентябрда Telegram каналына жарыялаган билдирүүсүндө ал «Украин күчтөрү алдыга кетип баратат. Эч нерсеге карабастан, ким эмне десе да, биз илгерилеп баратабыз. Бул эң негизгиси» деп айтты.
Анын алдында АКШнын өзүн ачык атагысы келбеген айрым расмий адамдары Киевди үч айдан бери Батыштын аскердик техникасы жана окутуп, үйрөткөн жардамына карабастан Орусия басып алган аймактарды кайтаруу боюнча контрчабуулу жакшы жүрбөй жатканын айтып сындашканы белгилүү болгон.
Бирок АКШнын жана Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү Украинанын түштүк-чыгышында ийгилик бар экенин, аскерлер Орусиянын катуу бекемделген коргонуу тилкесин бузуп жатышканын билдирүүдө.
1-сентябрда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби “Алар Орусиянын экинчи коргонуу тилкесине каршы ийгиликтерге жетишүүдө” деп, “Контрчабуулга объективдүү көз караш менен байкоо жүргүзгөн ким болбосун, алар прогресске жетишкенин тана албайт. Анонимдүү чиновниктердин айтканы эч нерсеге татыбайт” деп кошумчалаган.
2-сентябрда Улуу Британиянын Коргоо министрлиги чалгын маалыматына таянып украиналыктар түштүк тарапта Орусиянын негизги коргонуу тилкесине жетип калышканын маалымдаган.
3-сентябрга караган түнү орусиялык аскерлер Украинанын түштүгүндөгү Одесса облусуна учкучсуз учактар менен жапырт чабуул жасаганын украин тарап билдирди. Жалпысынан чабуулга 25 "Шахед" учагы катышканы, алардын 22син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн Украинанын Аскердик-аба күчтөрүнүн башкы командачылыгы маалымдады.
Жээктеги порттордун биринин инфраструктурасы жабыркап, өрт чыкканы, ал дароо өчүрүлгөнү, эки жай тургун жараат алганы, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнү кабарланды.
Башка облустардын да жетекчилери өткөн түнү Орусиянын чабуулуна кабылганын билдирип жатышат. Алардын айтымында, Херсон облусунда бир адамдын өмүрү кыйылды, алты адам жараат алды. Донецк облусунда эки адам каза болду, дагы эки адам жараат алды.
2022-жылдын 24-февралында кол салган Орусия соңку күндөрү Украинанын аймактарын күн сайын аткылоодо. Коргоо министрлиги аскердик гана объектилерди бутага алып жатканын айтып, миңдеген жай тургундардын өлүмүнө комментарий бербей келет.
Москвада 3-сентябрга караган түнү ондогон авиакаттам убактылуу токтотулду.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, 23 каттам боюнча учуу болгон жок, 19унун убактысы өзгөртүлдү.
Саат 0:26га карата «Внуково» аэропортунда алты рейс токтотулуп, бешөө башка убакытка калганы, «Шереметьеводо» алты каттам кармалып жатканы, ал эми «Домодедоводо» 17 каттам боюнча учуу болбогону, дагы сегизинин убактысы белгисиз болуп турганы кабарланды.
Мунун себеби эмнеде экени расмий айтыла элек. Өткөн айда да Орусиянын борборунда бир нече жолу учак каттамдары токтотулганда буга Москвага жасалган дрондор чабуулу себеп экени айтылган. Анда каттамдар токтоп, учактарды убактылуу башка аэродромдорго жайгаштырышкан.
2022-жылдын февралында Украинага кол салган Орусия азыркыга чейин бул өлкөгө чабуулдарын токтото элек. Миңдеген украин жараны жана аскери каза болуп, миллиондогон адам үй-жайынан айрылып, өлкө ичинде жана чет жактарда качкын болуп жүрөт. Орус бийлиги Украинанын аскердик гана объектилерин бутага алып жатканын айтууда.
Украинанын армиясы Крым көпүрөсүнө үч жолу учкучсуз учактар менен чабуул коюуга аракет кылган. Бардык дрондор атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2-сентябрга караган түнү экипажы жок кайыктар менен көпүрөдөн сүзүү аракети жасалган. Ал жерде унаа кыймылы үч сааттан ашык убакытка токтотулган.
Украина соңку чабуул боюнча комментарий бере элек. Буга чейин расмий Киев баскынчылар тарабынан уруксатсыз курулган Крым көпүрөсүн мыйзамдуу аскердик бута деп эсептей турганын бир нече жолу билдирген. Көпүрө аркылуу Украинанын чыгыштагы убактылуу басып алынган аймактарындагы орусиялык аскерлер да камсыздалып келет.
Бир нече күн мурун Орусия көпүрөнүн түштүгүнө жети баржаны жайгаштырган.