Орус армиясынын чабуулу күчөгөн кезде Украинада коргоо министри алмашууда. Бул кадрдык өзгөрүү Коргоо министрлигинин дарегине жемкорлукка байланыштуу сын күчөгөн маалда болууда.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников Жогорку Радага кызматтан кетүү тууралуу арызын жолдогонун 4-сентябрда билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбукка жазды.
3-сентябрдын кечиндеги кайрылуусунда Украинанын президенти Владимир Зеленский коргоо министрин алмаштыруу чечимин кабыл алганын билдирген. Ал Резниковдун ордуна крым татары Рустем Умеровду сунуштаган.
“Жогорку Рада бул адамды жакшы билет. Умеров мырза тааныштырууга муктаж эмес. Парламент бул талапкерди колдоп берерине үмүттөнөм”,- деди Зеленский.
41 жаштагы Умеров – Рададагы “Добуш” (Голос) фракциясынын депутаты. “Крым платформасы” депутаттык бирикмесинин башчыларынын бири болгон. Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышкан. Учурда Умеров Мамлекеттик мүлк фондун жетектейт. Бир кезде крым татар саясатчысы Мустафа Жемилевдин жардамчысы болгон.
Алексей Резников Украинанын коргоо министрлигин 2021-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келген. Ал эми Украинанын Британиядагы элчиси болот деген маалымат бар.
Орусиянын армиясы 4-сентябрга караган түнү Украинанын Одесса облусуна учкучсуз аппараттар жана «Калибр» ракеталары менен чабуул койду. Аткылоого жарандык инфратүзүмдөр кабылып, эки киши жаракат алганы кабарланды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, 17 «Шахед» дрону атып түшүрүлдү.
Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер ушуну менен орус армиясы соңку бир апта ичинде төртүнчү жолу чабуул коюп жатканын билдирди.
«Тилекке каршы Одесса облусундагы агроишканалардын бириндеги дан терминалдарына сокку урулду. 100 тонна буурчак жана 20 миң тонна арпа жок кылынды», -деп жазды Кипер Телеграмга.
Жардыруулардын үнү Измаил портунда да угулду. Жергиликтүү бийлик тургундарды жер төлөлөрдө калууга чакырды.
Ал эми 4-сентябрдын таңында дрондордун чабуулуна Днепропетров облусу кабылды. Аймак башчысы Сергей Лысак билдиргендей, алты учкучсуз аппарат абадан кулатылды.
Орусия украин данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол берген келишимден июль айында чыккандан бери күн алыс Одесса облусун аткылап, дан кампаларын бутага алып келет.
2022-жылдын февраль айынын соңунан бери Украина эл аралык өнөктөштөрүнөн 100 миллиард доллардын тегерегинде аскердик жардам алды. Бул тууралуу Украинанын кызматтан кетип жаткан коргоо министри Алексей Резников “Укринформ” маалымат агенттигине берген интервьюсунда айтты.
Ал сөз курал-жарактар, техникалар, снаряддар жана ок-дарылар тууралуу болуп жатканын жана Украинага көрсөтүлгөн жардамдын 60 миллиард долларга жакыны Америка Кошмо Штаттарына туура келерин билдирди.
Киев Батыш өлкөлөрүнөн куралдын жаңы түрлөрүн, анын ичинде орто аралыкка учуучу ракеталарды жана учактарды сурап жатат.
Украинанын өнөктөштөрү берген аскердик жардам Орусиянын армиясынын бир жылдык чыгымынан эки эсе көп. Бул мамлекеттин аскердик бюджети болжол менен 43,5 миллиард долларды түзөт.