Украинанын Жогорку Радасы Алексей Резниковдун коргоо министри кызматынан кетүү тууралуу арызын колдоду. Бул тууралуу шейшембиде депутат Ярослав Железняк билдирди.
4-сентябрда Резников кызматтан кетүү тууралуу Жогорку Радага кайрылганын билдирип, Фейсбукка арызынын сүрөтүн жарыялаган. Ушул эле күнү анын отставкасын парламенттин Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитети кабыл алган.
Президент Владимир Зеленский бир күн мурунку кайрылуусунда коргоо министрин алмаштыруу чечимин кабыл алганын айтып, Резниковдун ордуна крым татары, мурдагы депутат Рустем Умеровду сунуштаган.
Буга чейин Коргоо министрлигинин айланасында талаш жаралган. Жыл башында министрлик "украин армиясынын арткы бөлүктөрүнө азык-түлүктү базар баасынан эки-үч эсе кымбат сатып алды" деп сынга кабылган. Бир канча чиновник иштен кеткен.
Коргоо министрлигин 2021-жылдын ноябрынан бери жетектеп келген Александр Резников курал-жарак жеткирүү боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышкан. Ал кызматтан кеткенден кийин Украинанын Британиядагы элчиси болот деген маалымат бар.
Орус армиясы акыркы бир суткада Украинанын Запорожье облусундагы 26 шаар жана кыштакка 88 жолу сокку урду.
Бул тууралуу 5-сентбярда эртең менен облустук аскер администрациясынын башчысы Юрий Малашко билдирди. Жергиликтүү бийлик аткылоодо Малая Токмачка айылында 74 жаштагы аял каза болгонун, 47 турак жай талкаланганын маалымдады.
Орехово, Преображенец, Степногорск, Новодаровка, Малый Щербак, Степное калктуу конуштары 80 жолу артиллериялык чабуулга, дрон соккуларына кабылганы айтылууда.
Шейшембиде расмий маалыматтарда Донецк облусундагы чабуулдарда эки жайкын тургун жараат алганы, Херсондогу калктуу конуштарга сокку урулганы айтылат.
Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов эки авиабомба Изюм жана Чернещина райондорунда балдар бакчасы менен мектепти талкалаганын билдирди.
Москванын мэри кайра үч дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди
Далилдерге карабай Орусия Украинанын калктуу конуштарына чабуул коюлганын моюнга албайт жана аскердик объектилерге гана сокку урулуп жатканын белгилейт.
5-сентябрга караган түнү жана эртең менен Москвага чабуул коюуга аракет кылган үч дрон атып түшүрүлгөнүн калаанын мэри Сергей Собянин билдирди.
Бир учкучсуз аппарат Калуга облусунда, экинчиси Москва облусунун Истра районунда жок кылынган. Истранын жергиликтүү бийлиги бир чарбалык имарат күйүп кеткенин маалымдады.
Үчүнчү дрон Тверь облусунун Завидово районунда президент Владимир Путиндин резиденцияларынын бири жайгашкан аймакта атып түшүрүлгөн. Тверь облусунун губернатору Игорь Руденя жабыркагандар жоктугун айтты.
Кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги дрондор чабуулун тастыктады.
Түндө жана эртең менен Москванын аэропортторунда 50дөн ашык рейс убактылуу токтотулуп, кайра жанданды.
РБК агенттигинин эсебинде Кремль Украинага ачкандан бери Орусиянын аймагына 500дөн ашуун дрон чабуулу болду. Москва бул үчүн Киевди күнөөлөйт. Украина расмий комментарий бере элек.
Орус армиясынын чабуулу күчөгөн кезде Украинада коргоо министри алмашууда. Бул кадрдык өзгөрүү Коргоо министрлигинин дарегине жемкорлукка байланыштуу сын күчөгөн маалда болууда.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников Жогорку Радага кызматтан кетүү тууралуу арызын жолдогонун 4-сентябрда билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбукка жазды.
3-сентябрдын кечиндеги кайрылуусунда Украинанын президенти Владимир Зеленский коргоо министрин алмаштыруу чечимин кабыл алганын билдирген. Ал Резниковдун ордуна крым татары Рустем Умеровду сунуштаган.
“Жогорку Рада бул адамды жакшы билет. Умеров мырза тааныштырууга муктаж эмес. Парламент бул талапкерди колдоп берерине үмүттөнөм”,- деди Зеленский.
41 жаштагы Умеров – Рададагы “Добуш” (Голос) фракциясынын депутаты. “Крым платформасы” депутаттык бирикмесинин башчыларынын бири болгон. Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышкан. Учурда Умеров Мамлекеттик мүлк фондун жетектейт. Бир кезде крым татар саясатчысы Мустафа Жемилевдин жардамчысы болгон.
Алексей Резников Украинанын коргоо министрлигин 2021-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келген. Ал эми Украинанын Британиядагы элчиси болот деген маалымат бар.