АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге барган сапарын согушта курман болгон украин аскерлерин эскерүү менен баштады. Ал Берковец көрүстөнүнө барганын Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба X социалдык түйүнө (мурдагы Твиттер) жазды.
"Орусиянын Украинага 2022-жылдын февраль айындагы баштаган агрессиясынан бери мен төртүнчү ирет бул жакка келдим. Келген сайын украин элинин, украин күчтөрүнүн, Украина жетекчилигинин өзгөчө эрдигине жана каармандыгына таң калам. Биринчи кезекте Украинага туруктуу жана чечкиндүү колдообузду көрсөтүү үчүн келдим", - деди Блинкен.
АКШ мамкатчысы президент Владимир Зеленский менен, премьер-министр Денисом Шмыгал менен да жолугары кабарланды.
Энтони Блинкен мурда жарыяланбаган сапар менен Киевге 6-сентябрда келди. Анын алдында Украинанын баш калаасы жана Киев облусу Орусиянын ракеталык чабуулуна туш болду. Аба соккулары Блинкендин келишине бир нече саат калганда токтогонун "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
Блинкен Украинага акыркы жолу 2022-жылдын сентябрында келип кеткен.
Украинанын Жогорку Радасы Рустем Умеровду коргоо министри кызматына дайындоону колдоду. Бул тууралуу 6-сентябрда парламенттеги бир канча депутатка таянып, "Азаттыктын" украин кызматы жазды. Умеровго 360 депутаттын 338и "макул" деп добуш берди.
4-сентябрда мурдагы коргоо министри Алексей Резников кызматтан кетүү тууралуу Жогорку Радага кайрылып, депутаттар анын отставкасын кабыл алган. Анын алдында президент Владимир Зеленский коргоо министрин алмаштыруу чечимин кабыл алганын айтып, Резниковдун ордуна крым татары, мурдагы депутат Рустем Умеровду сунуштаган.
Умеров “Крым платформасы” депутаттык бирикмесинин башчыларынын бири болгон. Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышкан. Министрликке сунушталганга чейин Мамлекеттик мүлк фондун жетектеди.
Буга чейин Коргоо министрлигинин айланасында талаш жаралган. Жыл башында мекеме "украин армиясынын арткы бөлүктөрүнө азык-түлүктү базар баасынан эки-үч эсе кымбат сатып алды" деп сынга кабылган. Бир канча чиновник иштен кеткен.
Коргоо министрлигин 2021-жылдын ноябрынан бери жетектеп келген Алексей Резников курал-жарак жеткирүү боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышкан. Ал Украинанын Британиядагы элчиси болот деген маалымат бар.
Британ өкмөтү орусиялык "Вагнер" менчик аскердик компаниясын жакын арада террордук уюм деп тааныйт. Бул тууралуу 6-сентябрда Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги билдирди.
13-сентябрдан тарта күчүнө кирет деп күтүлүп жаткан чечимге ылайык, "Вагнерди" колдоо, анын символун коомдук жайларда көрсөтүү кылмыш катары каралат. Ага баш ийбегендер камакка алынат.
Ички иштер министри Суэлла Браверман "Вагнер" тобун “ырайымсыз жана кыйратуучу” деп атап, ал Владимир Путин жетектеген Орусиянын куралы катары чет өлкөлөрдө иш жүргүзүп жатканын белгиледи.
"Украинада, Жакынкы Чыгышта жана Африкада "Вагнердин" жалданма аскерлери талап-тоноого, кыйноого жана ырайымыз адам өлтүрүүгө катышкан”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
“Вагнер” жеке менчик аскер компаниясын Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткин негиздеген. Сирияда бул топтун жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка толгон аскердик кылмыштары аркылуу таанылган. Орусиянын Украинадагы согушуна жоочуларды жалдаган.
Пригожин менен Уткин бараткан учак 23-августта Тверде кулап, мүрт кетишкен. "Вагнердин" аскерлери уюмдун ишмердиги улана берерин билдиришкен.
Орусиянын президенти Владимир Путин аталган компания өкмөттөн каржыланып келгенин айткан.
Шаршембиге караган түнү Украинада жапырт абадан эскертүү жарыяланды.
Киев шаардык аскер башкармалыгынын башчысы Сергей Попко Украинанын борборуна орус күчтөрү ракеталык чабуул койгонун, баарынын мизи кайтарылганын билдирди.
Баштапкы маалыматтарга караганда, ракеталар Ту-95МС стратегиялык учактарынан атылган.
Баш калаада жабыркагандар жана кыйроолор жок. Киев облусунда ракетанын сыныктары кулап түшкөн соода ишканасынын аймагында өрт чыкты.
Одесса облусуна дээрлик үч саат бою орусиялык учкучсуз учактар чабуул койгону кабарланды. Бир адам каза болгонун облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.
Анын айтымында, бир нече конуштарда кыйроолор бар. Порттогу кеңсе имараттары, айыл чарба ишканалары зыян тартты.
Херсон облусун аткылоодо үч киши жараат алганын облустук аскердик админстрациянын башчысы Александр Прокудин маалымдады.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдиргендей, бир сутка ичинде орус армиясы Украинанын аймагына 40 жолу абадан сокку уруп, бир нече ракеталык системадан 51 жолу аткылады. Москва буга комментарий берген жок.
Орусиянын Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз шаршембиде Украинанын учкучсуз учагы Навлинский районунун үстүнөн атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Анын айтымында, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Киев бул тууралуу комментарий бере элек.