Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:48 7.9.2023

Орус армиясы акыркы бир суткада Украинанын бир канча аймагын аткылады. Запорожье облусунда 68 жаштагы пенсионер соккудан набыт болгонун аймактын башчысы Юрий Малашко билдирди. Ал баллистикалык курал менен чабуул жасалганын, зыяндын көлөмү такталып жатканын Телеграмга жазды.

Одесса ооблустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер аймакты бир нече саат бою "Шахед" жанкечти дрондору бутага алганын, бир адам жарадар болуп, калктуу конуштардагы турак-жай, имараттар зыян тартканын кабарлады.

Украин армиясы бейшембиге караган түнү Сумы облусуна да чабуул коюлганын, 33 дрондун 25и кулатылганын билдирди. Андан тышкары, Харьков облусу да аткыланып, онго жакын турак жай зыянга учурады.

Бир күн мурун Донецк облусунун Константиновка шаарындагы борбордук базар бутага алынганда 16 адам өлүп, 30дан көбү жарадар болгон.

Москва бул чабуулдарга комментарий бере элек.

Орусиянын бир катар аймактарынын бийликтери да 7-сентябрга караган түнү учкучсуз учактар чабуул жасаганын кабарлашты. Ростов облусунда мизи кайтарылган дрон Ростов-на-Дону шаарынын борбордук бөлүгүнө, президент Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу дайыма келип турган Түштүк аскер округунун штабынын жанына кулаганын губернатор Василий Голубев билдирди. Ал бир киши жараат алганын, бирок ооруканага баруудан баш тартканын, автоунаалар, имараттардын тосмолору зыян тартканын белгиледи.

Москванын мэри Сергей Собянин Раменский шаарчасында дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Mash Телеграм каналы учкучсуз аппараттын сыныктары Жуковский аэропортуна жакын жерге кулаганын жазды.

Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз үч дрондун мизи кайтарылганын, алардын бири Брянск шаарынын борборуна кулаганын айтты.

Кремль дрон чабуулдары үчүн Киевди күнөөлөйт. Украин бийлиги комментарий бербейт.

23:58 6.9.2023

Украин башкалаасы кайрадан соккуга кабылгандан кийин ал жерге АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен барды. Киевден тышкары шаршембиге караган түнү Одесса да аткыланды. Бир күн мурда украин президенти Владимир Зеленский майдандагы жоокерлер менен жолугушуп келди.

Киев аткылангандан көп узабай ал жерге барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Украинанын контрчабуулун мындан ары да колдой турганына ишендирди:

Блинкен менен Кулеба укриан аскерлери коюлган көрүстөндө. Киев, 6-сентябрь ,2023-жыл
Блинкен менен Кулеба укриан аскерлери коюлган көрүстөндө. Киев, 6-сентябрь ,2023-жыл

"Украин армиясынын контрчабуулунда ийгиликтерди байкап атабыз. Бул абдан кыйын иш. Биз Украинанын контрчабуулу ийгиликтүү болушу үчүн гана эмес, узак мөөнөттүү келечектеги бардык муктаждыктарын канааттандыруу, өлкөнүн коргонуу дараметин чыңдоо менен болочокто мындай агрессиялардын кайталанбашы үчүн да болгон аракетибизди жумшайбыз".

Мамлекеттик департамент Блинкендин сапары “АКШ Украинанын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана демократияны, өзгөчө орусиялык агрессиянын тушунда жактай турганын көргөзүүнү көздөйт" деп билдирди.

Атын атабаган америкалык расмий адамдар Associated Press агенттигине жана CNN телеканалына буга чейин маалымдагандай, Блинкен 175-200 миллион долларлык аскердик жардамдын жаңы топтомун жарыялаары күтүлүүдө.

Украин баш калаасында Блинкен Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен менен кездешти. АКШнын тышкы саясий мекемеси башкы дипломат ага украиналык учкучтарды F-16s учактарын башкарууга машыктыруу жана Киевге согуш учактарын берүү сунушу үчүн ыраазычылыгын айтканын кошумчалады.

Украин парламентинде сүйлөгөн премьер украиналыктарга кайрылып, “сиздердин күрөш – биздин күрөш" деп билдирди.

Москва согуш ачкан былтыркы февралдан бери Блинкен ушуну менен Украинага төртүнчү жолу барды.

Түнкү чабуулдар

Мунун алдында, 6-сентябрда Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко орус аскерлери украин баш калаасына ракеталардын бир нече түрүнөн сокку урушканын, Ту-95МС учактарынан атылган ракеталарды Абадан коргонуу системасы жок кылганын айтты. Попко борбор шаардын өзүндө курман болгондор жана кыйроолор болбогонун кошумчалады. Ал эми Киев облусунда ракетанын сыныктары кулаганда соода борборунун аймагында өрт тутанды.

Одесса облусуна дээрлик 3 саат бою орусиялык согуштук дрондор чабуул коюшту. Аймактык администрациянын жетекчиси Олег Кипер бир киши каза тапканын, бир нече айыл-кыштакта кыйроолор жана өрт катталганын маалымдады. Кипер кошумчалагандай, бир нече жерде порт жана айыл чарба инфраструктурасы – элеватор, административдик имараттар, ишканалар зыянга учурады.

Киев облусуна урулган соккудан кийин. 6-сентябрь, 2023-жыл
Киев облусуна урулган соккудан кийин. 6-сентябрь, 2023-жыл

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы шейшембиден шаршембиге чейин Орусия абадан 40 жолу сооку урганын жана 51 жолу өлкө аймагын реактивдүү системалардан аткылаганын билдирди. Украин армиясынын аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, өткөн түнү каршы тарап 33 ракета жана учкучсуз учактардан, анын ичинен "Искандер-М" баллистикалык ракетасынан сокку урду, абадан коргонуу системасы бардык ракеталарды жана 25 дронду атып түшүрдү.

Орусиянын өкүлдөрү түнкү чабуулду комментарийлеген жок.

Москва кол салгандан бери Киев жарандык жайлар бутага алынганын айтып келатат. Орусия муну танууда.

Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз Навлин районунда украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун билдирди.

Согуш шартында тараптардын айткандарын дароо текшерүү кыйын.

Зеленский: жоокерлердин суроо-талаптары аткарылат

Бир күн мурда кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Донбасс жана Запорожье аймактарынан кайтып келди.

Зеленский Донецкидеги жоокерлер менен. 5-сентябрь, 2023-жыл
Зеленский Донецкидеги жоокерлер менен. 5-сентябрь, 2023-жыл

"Жарадар болгондон кийин позицияларына, майдандагы үзөңгүлөштөрүнө кайтып барган жоокерлерибиз менен сыймыктанабыз. Жоокерлерибиздин мүдөөлөрү, суроо-талаптары жөнүндө жогорку генералдарды, өкмөт мүчөлөрүн жана тышкы өнөктөштөрдү кабардар кылам. Армияны керектүү нерселер менен камсыздайбыз, эң негизгиси, курал-жаракты өзүбүз чыгара баштайбыз. Аскерлерге тиешелүү бир катар артыкчылыктуу багыттарды аныктадык. Мунун бардыгын ишке ашыруу зарыл. Биз бул иштин өтөсүнө чыгабыз", - деп айтты президент майдандагы 13-бригаданын аскерлери менен жолугушкандан кийин.

Украин армиясынын Башкы штабы 5-сентябрда 20 салгылашуу жүргөнүн билдирген.

Ошол эле күнү Зеленский Донецк облусунун губернатору Павел Кириленкону кызматынан алуу тууралуу буйрукка кол койду. Өлкөдө коргоо министри да алмашты.

Жакында аты аталбаган америкалык расмий адамдардын бири украин аскерлеринин контрчабуулу жай жүрүп жатканын айтып, түндүк-чыгыш багытындагы тактика "канчалык ийгиликтүү болууда?" деген собол салган.

Ошол эле маалда ал түштүк-чыгыш аймагында алга жылуу байкалганын белгилеген. Кийинчерээк Вашингтон сын айтуу “жардам бербесин”, АКШ Киевдин аскердик “ийгилигин” байкаганын билдирди.

21:37 6.9.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский Констаниновка калаасына орус армиясы урган соккуда базардагы карапайым адамдар өлгөнүн айтып, Москваны бул ырайымсыздык үчүн күнөөлөдү. Ал Телеграмга базарга артиллериялык кол салуу болгон учур тартылып калган видеону жарыялады.

Зеленский курмандыктар жана жараат алгандардын саны өсүшү ыктымалдыгын белгилеп, Орусияны тезирээк жеңүү керектигин билдирди.

Орус армиясы 6-сентябрда Константиновкадагы базарга чабуул койгондо бери дегенде 16 адамдын өмүрү кыйылды. Москва бул соккуга комментарий берген жок.

Бул күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге иш сапар менен келген.

Бириккен Улуттар Уюмунун августтагы эсебинде, Орусиянын Украинада бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан согушунда 9500дөн ашуун карапайым тургун набыт болуп, 17 миңден көбү жараат алды. Уюм курмандыктардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт.

Далилдерге карабай, Москва Украинада жайкын тургундар бутага алынганын четке кагып, соккулар аскердик объектилерге гана урулуп жатканын билдирет.

19:22 6.9.2023

Орус армиясы 6-сентябрда Украинанын Константиновка калаасына сокку урганын, бери дегенде 16 адамдын өмүрү кыйылганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы окуя болгон жерден билдирди.

Кыйроолордун масштабы азырынча белгисиз.

Бир күн мурун орус аскерлери Донецк облусундагы Константиновка жана Шахтерское шаарларын артиллериядан аткылаганда беш киши жарадар болгон.

Донецк облусу дээрлик күн сайын орус күчтөрүнүн аткылоосуна туш болуп, карапайым тургундар каза табууда. Далилдерге карабай, Москва Украинада жайкын тургундар бутага алынганын четке кагып, соккулар аскердик объектилерге гана урулуп жатканын билдирет.

Бириккен Улуттар Уюмунун августтагы эсебинде, Орусиянын Украинада бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан согушунда 9500дөн ашуун карапайым тургун набыт болуп, 17 миңден көбү жараат алды.

Уюм курмандыктардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG