Жекшембиге караган түнү Орусия "Шахед" дрондору менен Киевге чабуул койду. Киевдин аскердик администрация башчысы Сергей Попконун маалымдашынча, 20дан ашуун дрон абада жок кылынды.
"Дрондор Киевге топ-тобу менен ар тараптан чабуул коюшту",- деди Попко.
Киевдин Шевченко районунда кыйраган дрондордун калдыктары көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирди талкалап кеткен. Автоунаалар, троллейбус зымдары, жолдор жабыркаганы кабарланууда. Шаар мэри Виталий Кличко бир адам жаракат алганын маалымдады.
Жекшембиге оогон түнү Харьков облусунун Изюм жана Купянск райондору да аткыланды. Днепропетровск облусунда Никополь шаарына үч ракетадан чабуул жасалды.
Бул аралыкта Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын дрондору аннексияланган Крымга чабуул койгонун билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жарым аралга жакын жерден сегиз учкучсуз учакты атып түшүргөн. Орусия ошондой эле жекшембиге караган түндө Кара деңизде "Крымдын жээгине бара жаткан жеринен АКШда чыгарылган Willard Sea Force деп аталган үч аскердик ыкчам катер десанттары менен кошо жок кылынганын" билдирди. Украин тарап бул маалыматты азырынча комментарийлей элек.
Согуш маалында эки тараптын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Атомдук энергия боюнча эл аралык аганттиктин (МАГАТЭ) орусиялык аскерлер басып алган аймак - Украинанын Запорожье облусундагы АЭСте турган эксперттери акыркы жумада көп сандаган жардыруулардын добушу угулгаанын айтышууда.
"Немис толкуну" радиосу маалымдагандай, 8-сентябрда МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси азыркы кырдаал аймакта аскердик активдүүлүктү күчөтүп, "АЭСте өзөктүк коопсуздукка коркунуч келтириши ыктымалдыгын" айтты.
Уюмдун эксперттери 2-сентябрдан тарта үч күн ичинде 20дан ашуун, андан кийин дагы бир нече жардыруулардын добушун угушкан. Гроссинин сөзүнө караганда, АЭСтин өзүндө жардыруунун кесепети байкалган эмес.
МАГАТЭнин эксперттерине станциянын бир катар энергоблоктору жайгашкан чатырына чыгууга уруксат бериле элек.
Июндун башында Украинанын президенти Владимир Зеленский чалгындын маалыматына таянып, Орусия станциянын чатырына жардыргыч заттарды жайгаштырганын билдирген. Москва аны четке каккан.
8-10-сентябрь күндөрү Орусия басып алган аймактарда, анын ичинде Запорожье облусунда "Мыйзам чыгаруу жыйынына" шайлоо өтүп жатат.
Украина шайлоону сындаган.
Британ чалгындоо кызматы: Орусия аскерин түштүккө топтоп жатат
Украин аскерлери Работино кыштагынын чыгыш тарабындагы орус позицияларына тактикалык чабуулун улантууда. Британиянын аскердик чалгындоо кызматынын соңку билдирүүсүнө ылайык, Украинанын куралдуу күчтөрү акырындап Клещеевка менен Андреевканын ортосунда жылып жатат.
Орус аскерлери Украинанын Херсон облусуна урган соккудан бери дегенде үч адам курман болуп, бир канчасы жараат алды. Аймактык аскер администрациясынын башчысы Александр Прокудин Одрадокаменка жана Веселый кыштактары бутага алынганын 8-сентябрда билдирди.
Ушул эле күнү Кривой Рог шаарына Орусиянын күчтөрү аткан ракета полициянын кеңсесине тийип, бир киши кызматкер набыт болгонун ички иштер министри Игорь Клименко айткан.
Ошондой эле Сумы облусундагы эки кабаттуу үйдү ракета талкалап, эки киши жараат алган.
Запорожьеге да ракеталык чабуул болгонун, бери дегенде бир киши жараат алганын аймактын башчысы Юрий Малашко маалымдады.
Одесса жана Николаев облустарына орус күчтөрү дрон менен чабуул койгонун, 20 учкучсуз аппараттын 16сынын мизи кайтарылганын армия кабарлады. Зыяндын көлөмү тууралуу маалымат берилген жок.
Москва Украинанын аймактарына жасалган соккулар тууралуу комментарий бере элек.
БУУнун эсебинде Орусиянын Украинадагы согушунда 9500ге жакын жайкын тургун набыт болду. Уюм курмандыктардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт.
Далилдерге карабай, Кремль Украинадагы аскердик объектилер гана бутага алынарын, калктуу конуштарга чабуул койбогонун айтып келет.