Украинанын Кривой Рог шаарына 8-сентбярда Орусиянын күчтөрү аткан ракета полициянын кеңсесине тийип, бир киши каза болду. Бул туураллуу Днепропетровск облустук аскер башкармалыгынын жетекчиси Сергей Лысак билдирди.
Ички иштер министри Игорь Клименко курман болгон жаран полиция кызматкери экенин, дагы 25 киши жараат алганын айтты.
Чабуулда полиция имаратына жакын жайгашкан турак жайлар да зыян тарткан.
Ошондой эле Сумы облусундагы эки кабаттуу үйгө ракета тийип, эки киши жараат алганы кабарланууда. Сокку урулган үй талкаланып, дагы 20дан ашуун турак жай, автоунаалар зыян тартканын облустук бийлик кабарлады.
Запорожьеге ракеталык чабуул болгонун, бери дегенде бир киши жараат алганын аймактын башчысы Юрий Малашко маалымдады. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн айтымында, чабуулдардын бутасы порт инфраструктурасы болгон.
Одесса жана Николаев облустарына орус күчтөрү дрон менен чабуул койгонун, 20 учкучсуз аппараттын 16сынын мизи кайтарылганын армия кабарлады. Зыяндын көлөмү тууралуу маалымат берилген жок.
Москва Украинанын аймактарына жасалган соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясы катарына жаңы жоочуларды кабыл алууну убактылуу токтотконун билдирди. Мындай маалымат жалданма аскерлердин жакындары үчүн ачылган чатка жарыяланганын "Агентство" басылмасы кабарлады.
13 миңден ашуун катталуучусу бар чаттын админстраторунун атынан жазылган кайрылууда жаңы жоочуларды кабыл алуу акыркы окуяларга байланыштуу токтотулганы белгиленген.
23-августта "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин Тверь облусундагы учак кулаганда каза болгон. Бул окуядан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги "Вагнер" компаниясынын Сириядагы жана Африкадагы ишмердигин өз көзөмөлүнө алууга даярдык көрүп жатканы кабарланган. Беларуста ачылган лагерлердеги "вагнерчилердин" тагдыры белгисиз бойдон калууда.
Буга чейин "Агентство" басылмасы "Вагнердин" жоочуларынын жакындары айлыктар өз убагында берилбегенине жана айрым шаарларда кассалар жабык турганына даттанышканын кабарлаган.
- автор Элиза Кененбаева
Украинанын контрчабуулу кандай жүрүүдө?
Орусиянын Украинага толук кандуу согуш ачканына 18 ай болду. Украин күчтөрү үч ай мурда орус армиясы ээлеп алган аймактарды бошотууга киришти. Бул убакыт ичинде украин аскерлери бир катар тоскоолдуктарга туш болушту, ал эми айрым батыш аткаминерлери контрчабуул жай жүрүп жатканын сынга алууга үлгүрүштү. Анткен менен азыр украин армиясы контрчабуулда чоң секирик жасачудай болуп турат.
Запорожье облусундагы Работино жана Вербовое айылдарынын ортосундагы айдоо талаасы артиллериялык снаряддардан оюлуп-казылып калган.
Бул талаада азыр катары менен жер төлөлөр (траншеялар) казылып, үч бурчтуу бетондон жасалган блоктор коюлган. Аларды "ажыдаардын тиштери" деп коюшат. Андан тышкары көп сандагы миналар көмүлгөн. Бул үч баскычтан турган коргонуу системасы орусиялык генерал Сергей Суровикиндин буйругу менен курулгандыктан "Суровикиндин сызыктары" деген атка конгон.
Контрчабуул башталган үч айдан кийин украин армиясы Запорожье облусундагы Орехово шаарынын жанындагы кармашта алдыга карай секирик жасап, "Суровикиндин сызыктарын" жырып өтүүгө даяр экени кабарланууда.
Эгер украин аскерлери бул секирикти жасай алса, Вербовой калктуу конушун алып, андан ары Ореховодон Работиного бараткан жолду ээлеп, олуттуу тоскоолдуктардан өтүү менен тогуз жолдун тоомунда жайгашкан, темир жол түйүнү бар Токмак шаарына карай багыт алышмак.
Ал жакка көзөмөл орноткон соң "крымдын дарбазасы" делген ири Мелитополь шаарын бошотуп, Крым жарым аралын Запорожье облусу менен байланыштырган кан жолду ээлешет.
"Азыр украин аскерлери душмандын коргонуусунун биринчи баскычынан эле өтүп токтобой, экинчи баскычтын ичинде кармаштар жүрүп жатат. Орус командачылыгы кармаштын куну кандай болорун жакшы билет. Ошондуктан Токмак үчүн салгылаш оор болот. Алар болгон такоолдогу күчтөрүн ошол жакка салышты. Азыр кимдин такоолу биринчи бүтөт деген суроо турат. Бул чабуулда биз дагы, орустар дагы чоң жоготууларга учурап жатат", - дейт "Айдар" батальонунун мурдагы офицери Евгений Дикий.
Польшалык аскер аналитиги Мацей Коровайдын айтымында, орус армиясы контрчабуулдан жана Запорожьеде көзөмөлдүн жоктугунан кооптонуп турушат.
"Украина чап, бас, ачарчылыкка кепте деген принцип менен согушуп жатат. Дал ушул украин тактикасынан орустар коркуп, каршы турууга аракет кылышууда", - дейт ал.
The Guardian басылмасында 2-сентябрда жарык көргөн маекте украиналык генерал Александр Тарнавский анын аскерлери Работинонун жанында "Суровикиндин сызыктарынын" алгачкы баскычтарын жырып өткөнүн билдирди.
"Душман бир гана Украинадагы эмес, Орусиядагы резервдерин да тартып жатат. Бирок эртеби-кечпи орустардын мыкты жоокерлери калбайт. Бул бизге ыкчамыраак чабуул койгонго шарт түзөт. Баары алдыда", - дейт Тарнавский.
Украин аскерлеринин ийгиликтери тууралуу кабарларды спутниктен алынган сүрөттөр жана ачык булактардан алынган маалыматтар ырастайт. Орусиялык аскердик блогерлер да Киевдин фронттогу ийгиликти белгилеп жатышат.
Бир нече айга созулган даярдыктан кийин украин армиясы 5-июнда 1200 чакырымга созулган фронт тилкесинин үч жеринде контрчабуулун баштаган.
Украин жоокерлери орус күчтөрүнүн коргонуусун жырып өтүүдө Батыш берген техника жардам берерине үмүттөнүшкөн. Анткен менен контрчабуул башталган бир нече күндөн кийин украин аскерлери "Суровикиндин сызыктарына" туш болушту. Аларды Орусия бир нече ай бою курган.
Андан бери контрчабуулдун ыргагы сезилерлик төмөндөдү. Украин аскерлери шашпай, акырындан айыл-кыштактарды бошотуп келатышат. "Болжол менен ар беш күндө 700-1200 метр алдыга жылууда" деп жазылат маалыматтардын биринде.
Ореховодон 100 чакырым түндүк-чыгыштагы Мокрые Ялы дарыясынын жээгиндеги эки айылды украин аскерлери үч жумадан ашуун убакытта өз карамагына алууга жетишти.
Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө инситутунун аналитиктеринин жана башка эксперттердин айтымында, 4-5 сентябрь күндөрү украин аскерлери Вербовой айылы тарапта жок дегенде "Суровикиндин сызыктарынын" бирин жырып өтүштү.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Америка Кошмо Штаттары Украинага 1 миллиард долларга чейин жаңы жардам топтомун берерин билдирди.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен болгон брифингде ал пакеттин 665 миллион доллардан ашыгы аскердик жана жарандык коопсуздук үчүн жумшаларын айтты.
"Жалпысынан, орус агрессиясы башталгандан бери биз коопсуздукту камсыздоого 43 миллиард доллардан ашык каражат бөлдүк", - деди Блинкен.
Энтони Блинкен мурда жарыяланбаган сапар менен Киевге 6-сентябрда келди. Анын алдында Украинанын баш калаасы жана Киев облусу Орусиянын ракеталык чабуулуна туш болду.
Блинкен Украинага акыркы жолу 2022-жылдын сентябрында келип кеткен.