Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26
"Азот" ишканасын украин аскерлери 8-июнда да бутага алышкан.
"Азот" ишканасын украин аскерлери 8-июнда да бутага алышкан.

Крымда чукул кырдаал жарыяланды, Украина ракета жана дрон менен аткыланды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:16 11.9.2023

Украинанын куралдуу күчтөрү Авдеевканын жанындагы Опытное айылынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алганын кабарлады. Бул тууралуу Авдеевканын шаардык аскер администрациясынын башчысы Виталий Барабаш билдирди. Анын айтымында, Опытное айылын бошотуу үчүн салгылашуулар уланууда.

Барабаш белгилегендей, Авдеевканын түндүгүндөгү аймактарда кырдаал курч бойдон калууда. Орусиянын армиясы ал жерде чабуулдарын токтотпой жатат.

Орусия Украинага бастырып киргенден бери Опытное айылы согуш майданындагы очоктордун бири болуп калды. 2022-жылдын ноябрында анын басымдуу бөлүгү оккупацияланган, бирок анын чет жакасында салгылашуулар уланып жаткан эле.

Опытное айылындагы талкаланган үйлөр. 3-сентябрь, 2023-жыл.
Опытное айылындагы талкаланган үйлөр. 3-сентябрь, 2023-жыл.

18:54 10.9.2023

Украинанын Донецк облусунда Road to Relief деген гуманитардык уюмунун машинеси аткыланганда чет элдик эки жаран окко учту. Бул тууралуу уюм жана испаниялык El Mundo гезити жекшембиде билдирди.

Road to Relief тараткан маалыматка ылайык, чет өлкөлүк төрт жаран отурган автоунааны Часов Яр деген жерде орусиялык аскерлер аткылаган. Славянск шаарынан Бахмутка бараткан автоунаага дүрмөт тийгенде ал аңтарылып кетип, күйүп кеткен. Уюм окуяга байланыштуу маалымат чогултуп жатканын коушмчалады. Орусия тарап комментарий бере элек.

Маалыматка караганда, канадалык Энтони Игнат жана Испаниянын жараны Эмма Игуаль каза тапты. Оор жараат алган дагы эки ыктыярчы-медицина кызматкерлери – Германия жана Швециянын жарандары ооруканага жеткирилди.

Road to Relief уюму былтыркы марттан бери иштеп келатат. Би-Би-Си жазгандай, ыктыярчылар майдан тилкесиндеги украин айылдарына гуманитардык жардам жеткирүү жана салгылашуулар жүргөн жерлерден калкты көчүрүү менен алектенет.

18:20 10.9.2023

НАТОнун мүчөсү Румыниянын аймагында бир жумада экинчи жолу орусиялык дрондун сыныктары табылды.

«Азаттыктын» румын редакциясы маалымдагандай, сыныктар Орусия Украинанын Одесса облусуна сокку ургандан кийин түшкөн болушу ыктымал.

Украина менен чектеш айылдардын тургундары орусиялык учкучсуз учактар тууралуу даттанганда жергиликтүү бийлик убактылуу эвакуацияны сунуш кылганын Digi-24 каналы буга чейин кабарлаган.

Президент Клаус Йоханнис Орусиянын мындай аракети кабыл алынгыс экенин, өлкөнүн суверендүү аба мейкиндигин бузуп жатканын эскертти. Президент Украинанын калкына жана жарандык жайларга, анын ичинде чек аралаш райондорго коюлган чабуулдарды согуш кылмышы деп эсептей турганын кошумчалады.

Румын мамлекет башчысы Орусиянын соккулары өлкө жашоочуларына коркунуч жаратарын, маселе НАТОнун жетекчиси Йенс Столтенберг менен талкууланганын билдирди. Баш катчы Бухарест менен тилектеш экенин бышыктады.

Столтенбергдин X социалдык тармакка жазганына караганда, орусиялык дрондор Румыниянын аймагына атайлап учурулган деген далилдер жок, бирок ал соккулар кырдаалды туруксуз кылууда. Ал ошондой эле чек араны көзөмөлдөө үчүн F-16 учактарын жөнөтүү боюнча АКШнын буга чейинки чечимин кубаттады.

Румыниянын аймагына Орусиянын согуштук жабдыктарынын сыныктары түшкөнүн Бухарест 6-сентябрда биринчи жолу моюнга алган. Коргоо министрлиги жаңы калдыктар ошол эле дронго таандык деп болжолдоп, ошол эле маалда алар бири-биринен алыс жерлерде табылганын да белгилейт.

15:05 10.9.2023

Жекшембиге караган түнү Орусия "Шахед" дрондору менен Киевге чабуул койду. Киевдин аскердик администрация башчысы Сергей Попконун маалымдашынча, 20дан ашуун дрон абада жок кылынды.

"Дрондор Киевге топ-тобу менен ар тараптан чабуул коюшту",- деди Попко.


Киевдин Шевченко районунда кыйраган дрондордун калдыктары көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирди талкалап кеткен. Автоунаалар, троллейбус зымдары, жолдор жабыркаганы кабарланууда. Шаар мэри Виталий Кличко бир адам жаракат алганын маалымдады.

Жекшембиге оогон түнү Харьков облусунун Изюм жана Купянск райондору да аткыланды. Днепропетровск облусунда Никополь шаарына үч ракетадан чабуул жасалды.

Бул аралыкта Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын дрондору аннексияланган Крымга чабуул койгонун билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жарым аралга жакын жерден сегиз учкучсуз учакты атып түшүргөн. Орусия ошондой эле жекшембиге караган түндө Кара деңизде "Крымдын жээгине бара жаткан жеринен АКШда чыгарылган Willard Sea Force деп аталган үч аскердик ыкчам катер десанттары менен кошо жок кылынганын" билдирди. Украин тарап бул маалыматты азырынча комментарийлей элек.

Согуш маалында эки тараптын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG