Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:50
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Литвада дрон коркунучунан улам айгай жарыяланды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:22 12.9.2023

АКШнын Мамлекеттик департаменти: Путин менен Ким Чен Ын курал-жарак жеткирүүнү макулдашса, Вашингтон жаңы санкцияларды киргизет.

12:16 12.9.2023

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын чопкутталган поезди Орусиянын аймагына кирип, Владивостокту көздөй кетип баратканы кабарланды.

РИА Новости билдиргендей, Ким Чен Ын Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумунун алкагында орус президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Кездешүү качан болору так белгисиз.

АКШ Ким менен Путин Орусиянын армиясы үчүн Түндүк Кореядан ок-дары жеткирүү маселесин талкуулайт деп эсептейт.

15:00 11.9.2023

Орусиянын армиясы 11-сентябрга караган түнү эки ирет Украинанын Кривой Рог шаарын аткылады. Таңкы саат 4кө жакын калаада коркунуч тууралуу эскертүүнүн добушу жаңырды. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, шаарга алгач канаттуу ракеталар, кийин учкучсуз аппараттар менен чабуул коюлду.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кичи мекени саналган Кривой Рог шаарына 8-сентябрда жасалган орус армиясынын аба чабуулунан ондогон адам жаракат алып, бир кишинин өмүрү кыйылган.

Жалпысынан 11-сентябрга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына беш ракеталык жана 26 жанкечти-дрон менен сокку урганын, алардын көбү абадан жок кылынганын Башкы штаб билдирди.

Соңку бир аптада украин армиясы өлкө чыгышындагы Бахмут шаарынын жанындагы эки чарчы чакырым аймакты орус күчтөрүнөн бошотконун дүйшөмбүдө коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди. Ал ошондой эле украин жоокерлери Авдеевка шаарынын түштүгүндөгү Опытное айылынын жарымын өзүлөрүнө кайтарганын кошумчалады.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 11-сентябрга караган түнү Белгород облусунда дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Аймак губернатору Вячеслав Гладков эки дрон абадан кулатылганын, эч ким жабыркабаганын маалымдады. Учкучсуз аппараттардын сыныгы жайкын тургундар жашаган үйдүн жанына кулаганы кабарланды.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

11:16 11.9.2023

Украинанын куралдуу күчтөрү Авдеевканын жанындагы Опытное айылынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алганын кабарлады. Бул тууралуу Авдеевканын шаардык аскер администрациясынын башчысы Виталий Барабаш билдирди. Анын айтымында, Опытное айылын бошотуу үчүн салгылашуулар уланууда.

Барабаш белгилегендей, Авдеевканын түндүгүндөгү аймактарда кырдаал курч бойдон калууда. Орусиянын армиясы ал жерде чабуулдарын токтотпой жатат.

Орусия Украинага бастырып киргенден бери Опытное айылы согуш майданындагы очоктордун бири болуп калды. 2022-жылдын ноябрында анын басымдуу бөлүгү оккупацияланган, бирок анын чет жакасында салгылашуулар уланып жаткан эле.

Опытное айылындагы талкаланган үйлөр. 3-сентябрь, 2023-жыл.
Опытное айылындагы талкаланган үйлөр. 3-сентябрь, 2023-жыл.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG