Орусиянын Коргоо министрлиги жана Москва аннексиялап алган Крымдын орусиячыл бийлиги Севастополго жасалган ракеталык соккудан эки кеме жабыркап, жаракат алгандар бар экенин билдирди.
Аннексияланган Севастополдун Орусия дайындаган башчысы Михаил Развозжаев билдиргендей, калаага чабуул 13-сентябрдын таңында жасалган. Ал кол салуунун натыйжасында Севастополь деңиз заводунда өрт тутанып, 24 киши жабыркаганын кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Севастополго канаттуу ракеталар жана деңиз дрондору менен сокку урулганын, Кара деңиздеги эки кеме жабыркаганын маалымдады.
Мекеме абадан коргонуу системасы он ракетанын жетөөнү атып түшүргөнүн, үч деңиз дрону жок кылынганын билдирди. Ал эми үч ракета оңдоп-түздөөдө турган эки кемеге тийгени кабарланды.
Социалдык тармактарга тараган видеолордон заводдун аймагында кеминде үч чоң жардыруу болгонун көрүүгө болот.
Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулду Украинадан көрдү. Киев бул тууралуу комментарий берген жок.
Украин президенти Владимир Зеленский мамлекеттик кызматтагы адамдарга киреше булактарын ачык жарыялабай турууга мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзам долбооруна вето койду. Бул тууралуу 12-сентябрда белгилүү болду.
«Декларация ачык болушу керек. Дароо. Бир жылдан кийин эмес. Реестрди азыр ачык кылыш керек. Мыйзам мына ушундай негизги өзгөртүү менен чогуу кабыл алынышы зарыл. Болушунча тезирээк», — деди Зеленский.
5-сентябрда өлкө парламенти аткаминерлердин электрондук декларациясы тууралуу мыйзамды караган, бирок аларды ачык кылуу жөнүндөгү пункт тийиштүү добуш албай калган. Эгер бул пункт иштей баштаса, Декларациялардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин сайтына каалаган убакта кирип, мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси боюнча маалыматты көрүп турууга жол ачылат.
Бул норманы кабыл алуу талабы менен Зеленскийге айрым депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү кайрылышкан.
Бир жарым жылдан бери Орусиянын агрессиясына каршы өнөктөш өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен күрөшүп келе жаткан Украинада соңку кезде мамлекеттик органдардагы жемкорлук, паракорлук маселеси көтөрүлүп, реформа жүргүзүү талабы айтылууда.
Орус армиясынын Донецкиге чабуулунда пенсионерлер набыт болду
12-сентябрда орус армиясы Украинанын Донецк облусуна чабуул койгондо 84 жаштагы аял менен 71 жаштагы эркек набыт болду. 72 жаштагы аял катуу жараат алды.
Облустук прокуратура Красногоривка шаарчасы артилерриялык аткылоого кабылып, жеке турак жайлар бутага алынганын билдирди.
Андан тышкары Авдеевкага урулган соккуда 82 жана 55 жаштагы аялдар жарадар болуп, ооруканага жеткирилди.
Прокуратура орус аскерлери аймакты үзгүлтүксүз аткылап жатканын, карапайым тургундардын үйлөрү жана чарбалык объектилер зыян тартканын белгиледи. Согуш мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча кылмыш иши ачылды.
Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк бутага алынганын моюнга албайт жана аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын билдирет.
Шейшембиде украин армиясынын басма сөз кызматы орус аскерлери Киевдин Авдеевка жана Маринка аймагындагы турумун бузуп өтүүгө аракет кылганын, бирок ал ишке ашпаганын маалымдады.
Росгвардия "вагнерчилерди" ишке ала баштады
Камакта отурган кезде "Вагнер" жеке аскердик компаниясы менен келишим түзгөн жалданмачыларды Росгвардия кызматка кабыл ала баштаганын "Важные истории" басылмасы жеке булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, мамлекеттик кызматка анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондор гана алынууда. Бирок алар Росгвардияда жетектөөчү кызматтарда иштей алышпайт.
Өткөн жылы жайында орус армиясы Украинада бир нече жолу жеңилүүгө кабылгандан кийин "Вагнер" компаниясы жана анын негиздөөчүсү Евгений Пригожин жеке өзү камактагыларды согушка тарта баштаган. Согуштук аракеттерге катышууга макул болгондор жарым жыл фронттун алдыңкы чегинде жүрүүгө милдеттендирилген.
Тирүү калгандарга эркиндикке чыгасыңар деп убада берилген. Түрдүү маалыматтарга ылайык, "Вагнер" компаниясы мындай жол менен абактардан 50 миңден 70 миңге чейин кишини катарына тарткан. Пригожиндин айтымында, алардын 32 миңи кайтып келип, согушка катышканы үчүн ырайым алышкан.
Быйыл февралда "Вагнер" камактагыларды согушка тартууну токтотуп, бул иш менен Орусиянын Коргоо министрлиги алектене баштаган. Сентябрда мекеме орус абактагындагылардын баарын "өзгөчө аскердик эсепке алуу" планы тууралуу жарыялаган.
Августта жетекчиси Пригожин каза тапкандан кийин "Вагнер" компаниясы катарына жаңы жоочуларды кабыл алууну убактылуу токтотконун билдирген.
Орусиянын күчтөрү Украинанын Запорожье облусун аткылаганда 27 айыл жарыксыз калганын Энергетика министрлиги 12-сентябрда билдирди. Жылуулук электр станциясындагы бир блок иштен чыкканы айтылууда.
Ошол эле учурда адистер өндүрүлгөн электр энергиясы керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандырууга жетиштүү экенин белгилешүүдө.
Андан тышкары, Донецк, Харьков, Херсон, Сумы жана Чернигов облустарындагы айрым кыштактарда да электр энергиясы өчүп калды. Бригадалар бузулган станцияларды оңдоп жатканын "Азаттыктын" украин кызматы жазды. Херсондогу аткылоолор энергетиктер ишине тоскоолдук жаратууда.
2022-жылдын 10-октябрынан тарта орус армиясы Украинанын маанилүү энергетикалык инфраструктурасын аткылай баштаган. Натыйжада үйлөргө жарык жетишпей маселе жаралган.
2023-жылдын мартында Орусия энергетика тармагына чабуулдарын азайтып, Украина бузулган шаймандарды калыбына келтире баштаган.