Кишинёв орус бийлигине караштуу "Sputnik Молдова" маалымат агенттигинин башчысы Виталий Денисовду "улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет" деген жүйө менен өлкөдөн депортациялады.
Денисов 13-сентябрда РИА Новости агенттигине өзүг Молдовага он жыл аралыгында кирүүгө тыюу салынганын билдирди. Буга байланыштуу Молдованын Орусиядагы дипломаты Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Ал эми министрликтин маалымат катчысы Мария Захарова Денисовдун өлкөдөн чыгарылышын "Молдова бийлигинин демократия түшүнүгүнө жатпаган аракеттеринин бир бөлүгү" катары сыпаттады.
Ал эми Молдова өкмөтүнүн маалымат катчысы Даниэль Водэ "Денисов "жалган маалымат таратуу менен алектенерин" айтты. Кишинёв тескери пропаганда аркылуу мамлекетти алсыратууга жол бербестигин кошумчалады.
2022-жылы февраль айында Орусия Украинага негизсиз кол салганда Кишинёв Sputnik Молдова телеканалын улуттук коопсуздук маселесине байланыштуу жапкан.
Евробиримдик Кремлге караштуу Sputnik жана RT телерадиоканалдарынын ишмердигине шаркет аймагында тыюу салган.
Sputnik маалымат агенттиги Кыргызстанда 2014-жылдан бери иштеп келет.
Орусия менен Түндүк Кореянын лидерлери 13-сентябрда Владивостоктогу “Чыгыш” космодромунда жолугушту. Алар алгач “Союз-2” ракеталык комплексин карап чыгышты. Орусиянын президенти Владимир Путин Ким Чен Ын “ракеталык техникага кызыгарын” белгиледи. Жолугушуунун алдында журналисттердин “аскердик-техникалык кызматташтык талкууланабы?” деген суроосуна Путин “бардык маселелерди шашпай сүйлөшөбүз, убакыт бар” деп жооп берди.
Ким Чен Ын Орусия “өз эгемендигин коргоо үчүн катуу турганын” белгилеп, Пхеньян Москва менен алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана “президент Путин баштаган орус өкмөтүнүн бардык чечимдерин колдой турганын” кошумчалады.
Эки лидердин жолугушуусу алгач эки тараптын делегацияларынын коштоосунда өттү. Орус тараптан делегация курамына коргоо министри Сергей Шойгу да кирген. Кийин Ким менен Путин көзмө-көз жолугушканы кабарланды.
Британиялык Financial Times басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, Путин менен Ким Түндүк Кореядан артиллериялык снаряддарды, танктарга каршы ракеталарды Москвага жөнөтүү маселесин талкуулашат.
Ал эми Москва Пхеньянга буудай, мунай, аскердик технологияларды жана акча сунушташы мүмкүн. Буга чейин орус өкмөтүнүн өкүлдөрү түндүк кореялык мигранттарды оккупацияланган Донбассты калыбына келтирүү иштерине жөнөтүүгө даяр экенин билдиришкен.
Вашингтон Путин менен Ким курал-жарак тууралуу макулдашса, аларга каршы жаңы санкция салууга даяр экенин эскертти.
Орусиянын Коргоо министрлиги жана Москва аннексиялап алган Крымдын орусиячыл бийлиги Севастополго жасалган ракеталык соккудан эки кеме жабыркап, жаракат алгандар бар экенин билдирди.
Аннексияланган Севастополдун Орусия дайындаган башчысы Михаил Развозжаев билдиргендей, калаага чабуул 13-сентябрдын таңында жасалган. Ал кол салуунун натыйжасында Севастополь деңиз заводунда өрт тутанып, 24 киши жабыркаганын кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Севастополго канаттуу ракеталар жана деңиз дрондору менен сокку урулганын, Кара деңиздеги эки кеме жабыркаганын маалымдады.
Мекеме абадан коргонуу системасы он ракетанын жетөөнү атып түшүргөнүн, үч деңиз дрону жок кылынганын билдирди. Ал эми үч ракета оңдоп-түздөөдө турган эки кемеге тийгени кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулду Украинадан көрдү. Киев бул тууралуу комментарий берген жок.
Орусиянын армиясы 13-сентябрга караган түнү Украинанын Одесса облусуна «Шахед» жанкечти-дрондору менен сокку урду. Учкучсуз аппараттар менен чабуул коюлары тууралуу эскертүү түн ортосунда берилди. Украин Куралдуу күчтөрү билдиргендей, 44 дрондун 32си абадан атып түшүрүлдү.
Абадан жасалган кол салуудан Дунайдагы украин порттору, жарандык обьектилер жабыркап, алты киши жаракат алды. Үчөөнүн абалы оор экенин Одесса облустук администрация башчысы Олег Кипер билдирди.
Ошондой эле жүк ташуучу машинелер токтогон жайда өрт тутанды.
Орусия украин данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол берген келишимден июль айында чыккандан бери күн алыс Одесса облусун аткылап, дан кампаларын бутага алып келет.
7-сентябрга караган түнү аннексияланган Крымдан учурулган дрондордун чабуулунан порттогу инфратүзүмдөр, элеватор жана карапайым тургундардын турак-жайлары жабыркаган.