Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18
"Азот" ишканасын украин аскерлери 8-июнда да бутага алышкан.
"Азот" ишканасын украин аскерлери 8-июнда да бутага алышкан.

Крымда чукул кырдаал жарыяланды, Украина ракета жана дрон менен аткыланды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:57 15.9.2023

Украин аскерлери Донецк облусундагы Бахмут шаарына жакын Андреевка айылын орус күчтөрүнөн бошотконун бейшембиде Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Телеграмга жазды.

"Негизги кармаштар Андреевка, Курдюмовка, Клещеевка райондорунда уланууда. Андреевка - биздики. Биз өз позициябызды бекемдеп жатабыз", - деди Маляр.

Бирок анын артынан эле Бахмуттун жанындагы чабуулду жетектеп жаткан 3-бригаданын каналына чыккан билдирүүдө Андреевкада жана Клещеевкада айыгышкан салгылашуу уланып жатканы, "бошотулду" деп айтууга эрте экени маалымдалды.

Бахмут - Украинадагы уруштун кандуу чордонуна айланган. Ал аймакты Орусиянын жалданмалары - "вагнерчилер" ээлеп алгандан бери украин армиясы каармандык менен кармашып жатты.

Орус аскерлери Андреевкадан жана коңшулаш Клещеевкадан чыгып кете баштаганын орусиялык бир катар Телеграм каналдар бир күн мурун кабарлашкан.

12:56 15.9.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский келерки аптада АКШга барууну пландап жатканын америкалык басылмалар Ак үйдөгү булактарына таянып жазып чыгышты.

Украинанын лидери шаршемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөйт. Андан соң Вашингтонго барып, АКШ президенти Жо Байден жана Конгресстин мүчөлөрү менен жолугушат.

Зеленскийдин сапары Байдендин администрациясынын Киевге дагы 20 миллиард доллардан ашуун жардам пакетин бөлүү үчүн Конгресстин макулдугуна жетишүү аракети көрүлүп жаткан учурга туш келүүдө. Бул пакеттин алкагында Украинага курал-жарак, ок-дарыларды жана каржылык жардамды жылдын аягына чейин жеткирүүнү камсыз кылат. Америкалык басылмалардын жазганына караганда, Байдендин администрациясы Украинага узак аралыкка учуучу ATACMS ракеталарын берүү боюнча чечим кабыл алуу алдында турат. Жакында эле Украинанын өкүлдөрү президент Байден жакынкы аралыкта буга байланыштуу чечим кабыл алат деген үмүтүн билдиришкен.

Зеленский акыркы жолу Вашингтонго өткөн жылы декабрда барган. Америкалык мыйзам чыгаруучулардын басымдуу көпчүлүгү Украинага аскердик жана каржылык жардам көрсөтүүнү колдоону улантууда. Анткен менен сурамжылоого ылайык, Киевди колдоо деңгээли өтө жогору деп эсептеген америкалыктардын саны көбөйүүдө.

19:08 14.9.2023

Украин армиясы Орусия аннексиялап алган Крымга чабуул коюп, абадан коргонуу системасын жарактан чыгарганы кабарланууда. 13-сентябрда украин күчтөрү окуппацияланган жарым аралда Орусиянын эки аскер кемесин талкалаганы маалым болду.

Ал арада Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын аткылоону улантууда. Херсон облусундагы чабуулдан алты жаштагы бир баланын өмүрү кыйылды.

"Рейтерс" агенттиги украин чалгын кызматындагы булагына таянып, аннексияланган Крымдын Евпатория аймагына 14-сентябрга караган түнү Украинанын Коопсуздук кызматы жана Деңиз-аскер флоту дрондор жана ракеталар менен чабуул койгонун жазды.

Бул маалыматты "Украинская правда" басылмасынын дагы чалгын кызматындагы булагы ырастап, украин күчтөрү "Триумф" абадан коргонуу системасын жок кылганын билдирген.

Маалыматка караганда, украин күчтөрү алгач дрондор менен чабуул коюп, антенналарын жана радарларын жарактан чыгарып, андан соң эки "Нептун" канаттуу ракетасы менен системанын өзүн кыйраткан.

Ал эми украин армиясынын маалымат катчысы Наталья Гуменюк Евпатория жана анын айлана-тегерегиндеги жардыруулар тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматына комментарий берип жатып, Крымда жабыркаган объектилердин баары "орус агрессиясына" катыштыгы бар экенин кошумчалады.

Жардырууларды чагылдырган сүрөт-видеолор социалдык тармактарга да жайылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу системасы жарактан чыкканы тууралуу үн катпастан, аннексияланган Крымга жасалган украин дрондорунун мизин кайтарып, 11 учкучсуз аппаратты жок кылганын маалымдады.

Мекеме ошондой эле Кара деңиздеги "Сергей Котов" аскердик кемесине чабуул коюуга аракет кылган "беш дрон атып түшүрүлгөнүн" кошумчалады.

"Стратегия ХХI" борборунун аскердик программаларынын Павел Лакийчук украин коопсуздук кызматы Орусиянын абадан коргонуу системаларын жарактан чыгаруу менен жаңы ири операцияларга даярданып жатат деген пикирин "Настоящее время" телеканалына бөлүштү.

13-сентябрда аннексияланган Крымдагы эки орус аскер кемеси жабыркап, кеме оңдоочу заводдо жардыруу болгон.

Украинанын Башкы чалгын башкармалыгы билдиргендей, 13-сентябрдагы соккулардан «Минск» кемеси жана «Ростов-на-Дону» суу алдында жүрүүчү аппараты кайра калыбына келбегидей болуп талкаланды.

Sky News британиялык басылмасы батыш жана украин булактарына таянып, Киев чабуулда Британия берген Storm Shadow ракеталарын колдонгонун кабарлады.

Аннексияланган Севастополдун Орусия дайындаган башчысы Михаил Развозжаев билдиргендей, калаага чабуул 13-сентябрдын таңында жасалган. Ал кол салуунун натыйжасында Севастополь деңиз заводунда өрт тутанып, 24 киши жабыркаганын кошумчалаган.

Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери он чакты орус кемеси талкаланды.

Ал арада Орусиянын Курск облусуна жасалган чабуулдан бир киши мүрт кетип, электр зымдары үзүлгөнүн аймактын губернатору Роман Старовойт «Телеграмга» жазды. Киев бул маалымат боюнча комментарий берген жок.

Буга чейин орусиялык аскерлер жана маалымат агенттиктери Украина менен чектешкен Брянск жана Белгород облустарында украин учкучсуз аппараттары атып түшүрүлгөнүн маалымдашты. Мүрт кеткендер жана жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Херсондо алты жашар бала мүрт кетти

Украинанын Башкы прокуратурасы маалымдагандай, орус армиясынын Херсон облусунун Новодмитровка айылына жасаган аба чабуулунан алты жашар бала мүрт кетти. Анын 13 жаштагы агасы менен дагы үч киши жаракат алды.

"Душмандын снаряддары менчик турак-жайга жана анын короосуна тийген", - деп жазылат мекеменин Телеграмдагы баракчасында.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 14-сентябрда билдиргендей, бейшембиге караган түнү Николаев, Запорожье, Днепропетров жана Сумы облустарында орус армиясынын 22 дронунун 17cи атып түшүрүлдү.

16:38 14.9.2023

Украинанын армиясы оккупацияланган Крымдагы Евпаторияга жакын жерде Орусиянын турумуна 14-сентябрда эртең менен сокку урду. Ракеталык комплекси жайгашкан жер бутага алынганын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык байланыш борбору кабарлады. Кошумча маалымат берилген жок.

Бейшембиде эртең менен Евпаторияда дрон чабуулдары жана жардыруулар болгону тууралуу Телеграм каналдар жазып, сүрөт-видеолор жарыяланган.

Украинанын Коопсуздук кызматындагы булак "Азаттыктын" украин кызматына ал жакта "уникалдуу атайын операцияда" Орусиянын 1,2 миллиард долларлык "Триумф" абадан коргонуу системасы жок кылынганын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG