Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:06
Коллаж
Коллаж

Орусия менен Украина "энергетикалык элдешүүгө" жетиштиби?

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:40 17.9.2023

Москванын мэрия Сергей Собянин жекшембиге караган түнү Подмосковьеде эки дрон жок кылынганын жарыялады.

11:38 17.9.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын аймагында жекшембиге оогон түнү алты дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

17:50 16.9.2023

Харьковду аткылоодо беш киши жараат алды

Украинанын Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, ишембиде Орусиянын армиясы Холодногорск районуна С-300 ракеталары менен беш жолу сокку урду.

Анда беш тургун жараат алган. Өмүрлөрүнө коркунуч жок. Тиешелүү кызматтар ракета соккусунун кесепеттерин жоюу менен алектенүүдө.

12:46 16.9.2023

Келерки аптада Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугары белгилүү болду. 16-сентябрда Би-Би-Си АКШ администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливанга таянып жазганына караганда, жолугушуу Ак үйдө өтөт.

«Албетте мунун баары Орусия айыгышкан согушта Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн жандалбастап жардам издеп, ал эми Украина өзүнүн контрчабуулундагы ийгилигин улантып жаткан жоопкерчиликтүү учурда болууда», - деди Салливан.

Анын айтымында, Байден украин президентинин азыркы кырдаал боюнча пикирин угуу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Украинанын чыгышындагы Бахмут багытында контрчабуул жүргүзүп жаткан Үчүнчү чабуул бригадасынын аскерлери Андреевка айылын орус күчтөрүнөн бошотконун 15-сентябрда билдирди.

Бахмут Украинадагы уруштун кандуу чордонуна айланган. Ал аймакты Орусиянын жалданма аскерлери жазында алып, орус армиясына өткөрүп берген. Бахмуттун айланасындагы салгылашта "Вагнер" менчик аскердик компаниясы менен согушка катышкан бир нече кыргызстандык жигит набыт болгону тууралуу "Азаттык" атайын иликтөө даярдаган.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG