Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:59
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Литвада дрон коркунучунан улам айгай жарыяланды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:23 17.9.2023

Украин аскерлери жекшембиде Донецк облусундагы Клещеевка калктуу пунктун бошотконун билдирди.

Айыл орусиялык күчтөр ээлеп алган Бахмуттун түштүк тарабында жайгашкан. Клещеевка үчүн кандуу кармаштар бир нече ай жүрүп, айыл толук талкаланган.

Айыл украин күчтөрүнүн колуна өткөнүн Аскерлердин чыгыш топторунун пресс-кызматынын жетекчиси, капитан Илья Евлаш "Украин чындыгына" билдирди. Украин аскерлери айылда турганы тартылган видео дагы жарыяланды.

Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Клещеевкада храмдын жанында турган аскерлердин сүрөтүн жарыялады. Айылдын бошотулганын президент Владимир Зеленский дагы кечки кайрылуусунда билдирди.

Клещеевка - Бахмуттун алдындагы украин күчтөрү кайра алган экинчи айыл. Буга чейин анын жанындагы Андреевка айылы бошотулган.

Айыл көп айлык кармаштан кийин урандыга айланган Бахмуттан бир канча чакырым алыс түштүктө жайгашкан.

Бир катар орусиялык аскердик Телеграм-каналдар шаршембиде орусиялык аскерлер Андреевканы жана ага коңшу Клещеевканы таштап кеткенин билдирген.

Алар эки айыл тең ортодогу зонада турганын, эч ким көзөмөлгө албаганын жазышкан.

Украин аскерлеринин кыштактарды алганы Бахмутту жана бир катар маанилүү жолдорду кайтарып алууга жол ачышы мүмкүн.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинадагы согушу жакында бүтпөй турганын айтты.

17-сентябрда немистердин Die Welt басылмасы жарыялаган интервьюда ал аскердик альянска кирген өлкөлөр Украинада тынчтыктын тезирээк орношун кааларын, бирок эгер Украина согушпай койсо, өлкө катары жоголоруна токтолгон.

“Эгер президент Владимир Зеленский жана украиндер кармашпай койсо, алардын өлкөсү жок болуп кетерин биз түшүнүүбүз абзел. Башка жол жок. Эгер президент Владимир Путин жана Орусия куралын таштаса тынчтык орнойт” – деп айткан баш катчы. Ал ошондой эле Украина акыры НАТОго мүчө болуп кирерин дагы белгилеген. Бирок качан ишке ашарын так айткан жок.

НАТОнун июлдагы саммитинде Украина башында күтүлгөндөй аскердик бирикмеге кошулууга чакыруу алган жок. Саммиттин жыйынтыктоочу декларациясында "Чоң жетиге" кирген өлкөлөр эки тараптуу узак мөөнөттүк келишимдердин негизинде Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздары жазылган.

Украинага курал-жабдык берип жаткан Европа өлкөлөрүнүн чыгымы өсүп жатканына Столтенберг немис өкмөтүнүн тарыхын эске салган.

“Кансыз согуш" маалында Конрад Аденауер же Вилли Брандт башкарып турганда коргонууга кеткен чыгым экономикалык өндүрүштүн 3-4% чейин түзгөн. Эми ошону кайра жасашыбыз керек” деген жүйө келтирген.

Баш катчы НАТОну жетектегенден бери анын мекени- Норвегияда “саламаттык сактоого, билим берүүгө же инфраструктураны өнүктүрүүгө көп акча керек болуп турганда коргонууга акча бөлүү канчалык кыйын экенин” түшүнгөнүн да айткан.

19:19 17.9.2023

Харьковго жасалган ракеталык чабуулдардан бир суткада эки адам өлүп, тогузу жараат алды.

Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, түн ичинде шаарда S-300 үлгүсүндөгү төрт ракета ишканага тийип, ал жерде өрт чыккан. Харьковго бир сутка ичинде экинчи жолу чабуул жасалды. Бир күн мурун саат 11:10 чамасында орус аскерлери "Искандер К" канаттуу ракеталары менен сокку урду.

Жарандык ишканалардын бир нече имараттары жана жеке турак жай имараттары жабыркаганын Синегубов кошумчалады. Алты адам жабыркап, ооруканага жаткырылды.

Глубокое жана Стрелеча айылдарынын ортосунда ишемби күнү эртең менен жарандык автоунаага тийген ракетанын натыйжасында эки адам каза болуп, дагы бири жараат алды.

11:41 17.9.2023

Украинада согуш башталгандан бери алгачкы жолу кургак жүк ташыган жарандык кемелер бул өлкөнүн портуна жете алышти. «Интерфакс-Украина» агенттиги маалымдагандай, Кара деңизде убактылуу ачылган коридор аркылуу ишемби күнү жеткен эки кеме Одесса облусунун аймагындагы порттон 20 тоннадай украин буудайын жүктөп Азия жана Африка өлкөлөрүнө алып кетет.

Расмий Киев Кара деңизде убактылуу коридор ачылганын Орусия “дан келишиминен” чыгып кеткенден кийин жарыялаган. Бул келишим украин портторунан дан азыктарын экспортко жүктөп кетүүнүн коопсуздугун кепилдеш үчүн түзүлгөн.

Коопсуздукка орус аскерлери жактан коркунуч сакталып тургандыктан, сууда Орусия коюп кеткен миналар бар болгондуктан кеменин ээси же капитаны мындай опурталдуу шартта сүзүүгө макулдугун бергенден кийин гана жолго чыга алат.

11:40 17.9.2023

Орусиялык «Sputnik Молдова» маалымат агенттигинин редактору, 13-сентябрда Молдовадан чыгарылган Виталий Денисов орус армиясынын офицери деген маалымат бар экенин The Insider басылмасы жазды.

«Денисовдун журналистика менен анча деле байланышы жок. Ал атайын кызматтын 72-борборунун (54777 аскер бөлүгү) кадрдык офицери экени жана Башкы чалгын башкармалыгынын кызыкчылыгы үчүн ар кандай маалыматтарды жайылтып, чет элдик аудиторияга жалган маалымат берүү менен алектенери тууралуу кабарлар бар», – деп билдирди The Insider.

Иликтөөдө айтылгандай, Денисов совет учурунда Украинанын Львов шаарында аскердик-саясий окуу жайды аяктап, кийин Москвага барып, Коргоо министрлигинин гезитинде, Москванын Тергөө башкармалыгында иштеген жана атайын даярдыктан өтүп, чет элдик аудиторияга фейк маалыматтарды таратуу менен алектенип келген.

Соңку эки айда Молдова бийлиги “өлкөдө туруксуздук жаратышы мүмкүн” деген кооптонуунун негизинде орусиялык 45 дипломатты өлкөдөн чыгарды. Анын алдында журналисттер Орусиянын Кишиневдогу элчилигинин имаратынын чатырына телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоого алуучу жабдыктар орнотулганын жазып чыгышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG