Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Днепрде Орусиянын соккусу эки өмүрдү алды, алтоо жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:59 18.9.2023

Украинанын министрлер кабинети коргоо министринин жети орун басарынын алтоону кызматтан бошотту. Бул тууралу парламент депутаты Алексей Гончаренко билдирди.

Маалыматка караганда, Александр Павлюктан башка орун басарлардын баары жана министрлигинин статс-катчысы Константин Ващенко да иштен алынды.

Сентябрдын башында мурдагы коргоо министри Алексей Резников кызматтан кеткен. Анын ордуна крым татары, мурдагы депутат Рустем Умеров келген.

Буга чейин Коргоо министрлигинин айланасында талаш жаралган. Жыл башында мекеме "украин армиясына азык-түлүктү базар баасынан эки-үч эсе кымбат сатып алды" деп сынга кабылган. Бир канча чиновник иштен кеткен.

Коргоо министрлигин 2021-жылдын ноябрынан бери жетектеп келген Алексей Резников курал-жарак жеткирүү боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышкан. Ал Украинанын Британиядагы элчиси болот деген маалымат бар.

17:57 18.9.2023

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда 18-сентябрдан 27-сентябрга чейин Украинанын Орусияга каршы арызы боюнча баштапкы угуулар болот. Киев Москва Украинадагы согуш ачып, Геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазалоо жөнүндө эл аралык конвенциянын талаптары бузду деп айыптоодо.

Украина 2022-жылы 27-февралда, Орусия басып киргенден үч күн өткөндөн кийин Эл аралык сотко кайрылган. Сот буга чейин 32 өлкө Украинанын дооматына кошулууга укуктуу деп чечкен. Алар - Европанын дээрлик бардык мамлекеттери, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия. Кошмо Штаттар техникалык себептерден улам баш тарткан.

Баштапкы угуулар учурунда орус тарап бул иш боюнча Эл аралык соттун юрисдикциясы жок экенин далилдөөгө аракет кылышы мүмкүн экени айтылууда. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдин дооматтары негизсиз экенин билдирип келет. Ошондой эле Москва украин бийлиги Донбасстын элине каршы геноцид жасаганын белгилейт.

Эл аралык кылмыш соту 2023-жылдын мартында Орусиянын президентин камакка алууга ордер берген. Орусия 2016-жылдан бери Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

16:53 18.9.2023

Украинадагы согушта Орусиянын 31-аба чабуул бригадасынын командири, полковник Андрей Кондрашкин каза болду. Бул тууралуу өзүн "Донецк элдик республикасы" деп аталган аймактын "Восток" батальонунун командири Александр Ходаковский билдирди. Ал Кондрашкин кандай жагдайда өлгөнүн айткан жок.

Украин журналисти Юрий Бутусов Кондрашкин башкарган бригада согуштагы бардык негизги салгылашууларга катышканын эске салды.

Бутусов орустардын 31-аба чабуул бригадасы орус бөлүгү азыр Бахмуттун жанында жайгашканын белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги Кондрашкиндин каза тапканына байланыштуу комментарий бере элек.

Өткөн аптада Украина Бахмуттун жанындагы Андреевка кыштагын бошотконун жарыялаган. Жекшембидеага жакын Клещеевка конушу да бошотулганы маалымдалган, бирок 18-сентябрда бул кыштакта айыгышкан салгылаш уланып жатканын Украинанын Куралдуу күчтөрү тастыктады.

16:44 18.9.2023

Дүйшөмбүгө караган түнү Украинанын Херсон облусунда орус армиясынын аткылоосунан эки адам өлүп, үчөө жарадар болгонун аймактык аскер башкармалыгынын жетекчиси Александр Прокудин билдирди. Ал турак жайларга жана фельдшердик пунктка сокку урулганын айтты.

Каза болгондордун бири Херсон шаарынын, экинчиси Кизомыс кыштагынын тургундары, экөө тең жашы улгайып калган жарандар.

Украин армиясы орус аскерлери акыркы бир суткада учурган 24 дрондун 18и, 17 канаттуу ракетанын баары атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Андан тышкары, Одесса облусунда жарандык объектилер зыян тартты. Канаттуу ракеталар Харьков жана Днепропетровск облустарынын чек арасына чейин жеткен.

Далилдерге карабай, Кремль Украинадагы аскердик объектилер гана бутага алынарын, калктуу конуштарга чабуул койбогонун айтып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG