19-сентябрга караган түнү Украинанын аймагы 30 жолу “Шахед” жанкечти дрону жана бир жолу "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен аткыланганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.
Учкучсуз учактардын 27син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, алар түштүк-чыгыш багытта учуп келишкени, ал эми баллистикалык ракетаны орус аскерлери аннексияланган Крымдан Кривой Рог шаары көздөй учурушканы кабарланды, ракета кайсы жерден атып түшүрүлгөнү маалымдалган жок.
Социалдык түйүндөрдө Кривой Рог шаарында көп кабаттуу турак үйдө өрт чыкканы, дрондордун жапырт чабуулуна Львов шаары кабылганы, жарылуулар болгону, эки адам жараат алганы жөнүндө кабарлар чыкты.
Би-Би-Синин украин кызматынын кабарчылары Львовго кол салуу маалында орусиялык учкучсуз учактар шаардын ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхый борборунун, анын ичинде башкы Рынок аянтынын үстүнөн учуп өткөнүн кабарлашты. Журналисттери муну Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери Львовдо эң узакка созулган дрон чабуулу экенин белгилешти.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Орусия 18-сентябрда Краснодар аймагындагы Приморско-Ахтарск шаарынан жанкечти дрондорду учурган. Беш сааттан кийин алар Львовго жеткен.
Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугуКремлди агрессор катары айыптап жатат.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун абалы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Буга чейин маалымат каражаттары Кадыровдун ден соолугу кескин начарлап кеткенин жазышкан.
"Бизде бул жаатта эч кандай маалымат жок. Кандай болгон күндө да президенттин администрациясы саламаттыкка байланыштуу маалыматтарды бербейт, андыктан бул жерде силерге айта турган эч нерсебиз жок", — деди Песков журналисттерге. Анын сөзүн мамлекеттик Интерфакс агенттиги жарыялады.
Песков ошондой эле Путин өткөн апта соңунда Кадыров менен жолугушпаганын белгиледи.
Өткөн жумада бир нече чеченстандык оппозициялык каналдар Рамзан Кадыров катуу ооруп жатканын жазган. Жекшембиде Кадыровдун Телеграм-каналында ал тартылган видео жарыяланды.
Орусиянын курамындагы Чеченстан жумуриятынын башчысына таандык учак сентябрдын башында үч жолу Москвага учканын, азыр да ал жакта болушу мүмкүн экенин "Вёрстка" басылмасы аба каттамдарын көрсөткөн тиркемелердин бирине таянып жазды.
46 жаштагы Рамзан Кадыров Орусиянын Украинага согушун катуу колдогондордун бири.
Украинанын Херсон шаарынын мурдагы мэри, орус аскерлери кармап кеткенден дайыны чыкпай калган мэри Игорь Колыхаев 13-сентябрда расмий түрдө туткун макамын алды. Бул тууралуу "Суспiльна" басылмасына анын уулу Святослав Колыхаев билдирди.
Ошол эле учурда, анын айтымында, мэрдин так жайгашкан жери да, ден соолугунун абалы да белгисиз.
"Мен Кызыл Чырым уюму менен байланыштым, алар мага орус тарап атамды согуш туткундарынын тизмесине киргизгенин гана айтышты", - деди уулу.
Игорь Колыхаев Херсон шаарына мэр болуп 2020-жылдын ноябрь айында шайланган. Орус аскерлери калааны 2022-жылдын март айында басып алышкан. Колыхаев оккупацияга карабастан Херсондо калган жана шайлоочулардын алдындагы милдетин аткарууну улантып жатканын айткан. Июнь айында орус аскерлери аны иш бөлмөсүнөн алып чыгып кетишкен. Колыхаев узак убакыт бою "дайынсыз жоголду" деп эсептелген.
Орусиянын армиясы Украинанын Донецк облусуна 18-сентябрда жасаган чабуулда үч жайкын тургун мүрт кетти.
Украин Башкы прокуратурасы билдиргендей, эртең менен Авдеевка жана Торецк кыштактарынын айланасына сокку урулганда эки киши набыт болгон. Түшкө жуук Авдеевкага ракеталык чабуул жасалганда дагы бир тургун каза тапты.
Өткөн аптада Украина армиясы Донецк облусундагы Бахмут шаарына жакын Андреевка кыштагын бошотконун жарыялаган. Жекшембиде Клещеевка конушу да бошотулганы маалымдалган, бирок 18-сентябрда кыштакта айыгышкан салгылаш уланып жатканын Украинанын Куралдуу күчтөрү ырастады. Ушул күнү өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймакка Орусия дайындаган жетекчи Денис Пушилиндин администрациясында өрт чыкканын Телеграм каналдар кабарлашты.