19-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөгөндө Орусия баштаган согуш дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу терс таасирин тийгизгенине токтолду.
Зеленский “Москва башкаларды оккупацияланган украин аймактарын Орусиянын бир бөлүгү катары таанууга мажбурлоо үчүн азык-түлүк кризисин курал катары колдонуп жатканын” белгиледи.
"Орусиянын агрессиясынан кийин дүйнөдө эч ким эч бир элге кол салууга батынбашы үчүн Украина бардыгын жасап жатат", - деген Зеленский дүйнө элин агрессияга каршы турууга дагы бир жолу үндөдү.
Башкы ассамблеянын сессиясында сүйлөгөн бир катар лидерлер Киевге тилектештигин билдиришти.
АКШ президенти Жо Байден Вашингтон жана анын союздаштары эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан Украина менен бирге экенин айтты. Ал Украинадагы согуш темасына кыскача кайрылып, калабаны дипломатиялык жол менен жайгарууга үндөдү жана тынчтык орнотуу Москванын колунда экенин билдирди.
БУУнун Башкы ассамблеясы жыл сайын сентябрда дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлерин Нью-Йоркко чогултуп, анда дүйнөдө тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо, качкындардын көйгөйү жана экологиялык маселелер талкууланат. Бул жолку сессияга Орусиянын президенти Владимир Путин барган жок.
Орус армиясы шейшембиге караган түнү Украинанын Львов шаарына дрондон жапырт чабуул койгондо бир киши каза тапты. Анын сөөгү уранды астынан табылганын облустук аскер администрациясынын башчысы Максим Козицкий 19-сентябрда билдирди.
Буга чейин уранды астынан эки адам куткарылганы, биринин абалы оор экени кабарланган.
Түнү менен шаарда жардыруулар угулуп, абадан коргонуу иштеди. Калаа мэри үч өнөр жай кампасы, арасында гуманитардык жардам сакталган жай да талкаланганын маалымдады.
Би-Би-Синин украин кызматы Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери Львовдо эң узакка созулган дрон чабуулу болгонун жазды.
Херсон облусу артиллериялык аткылоого кабылып, полиция кызматкери курман болгонун, эки киши жараат алганын шаардык аскер администрациясынын башчысы Роман Мрочко кабарлады. Ал жүргүнчүлөр менен бараткан троллейбус бутага алынганын белгиледи.
Кривой Рог шаарына урулган соккуда көп кабаттуу имарат өрттөлдү. Жараат алгандар тууралуу маалымат жок. Андан тышкары, Николаев, Одесса, Хмельницкий облустарына да чабуул болгону расмий кабарланды.
Украианын куралдуу күчтөрү билдиргендей, 19-сентябрга караган түнү өлкө аймагы 30 жолу “Шахед” жанкечти дрону жана бир жолу "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен аткыланган.
Константиновка шаарындагы базарда 16 кишинин өлүмүнө себеп болгон ракета украин армиясына таандык болушу мүмкүн.
"Бук" түзмөгүнөн атылган зениттик ракетанын багытында ката кетиши ыктымалдыгы New York Times басылмасына чыккан иликтөөдө айтылат.
6-сентябрдагы каргашада 16 киши набыт болгондон тышкары, 30дан ашууну жараат алган. Киев бул сокку үчүн Орусиянын армиясын күнөөлөгөн. Бирок New York Times басылмасынын журналисттери күбөлөрдүн айткандарын, ракетанын кыйратуучу элементтеринин фрагменттерин жана анын издерин изилдеп, башка жыйынтыкка келишкен.
Басылма жазгандай, байкоо камераларынын кадрлары жана эксперттердин анализдери ракета орус армиясы басып алган аймактардан эмес, Украина көзөмөлдөгөн тараптан учуп келгенин көрсөтүп турат.
Буга чейин Conflict Intelligence Team тобунун негиздөөчүсү Руслан Левиев Константиновкадан Украинанын президенти Владимир Зеленский жарыялаган видеону талдап чыккандан кийин ушундай жыйынтыкка келген. Левиев бул максаттуу сокку эмес, трагедиялуу кырсык экенин белгилеген. Ракета Константиновкага чектеш аймактарда уланып жаткан салгылашуу учурунда атылган болушу ыктымал.
Киев The New York Times жарыялаган иликтөөгө комментарий бере элек. Буга чейин өлкө бийлиги Константиновкадагы соккуну өз алдынча иликтебей турганын, анткени Киев үчүн "баары ачык-айкын, бул - Орусиянын ракеталык чабуулдарынын бири" экенин билдирген. Москва буга расмий комментарий берген эмес.
19-сентябрга караган түнү Украинанын аймагы 30 жолу “Шахед” жанкечти дрону жана бир жолу "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен аткыланганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.
Учкучсуз учактардын 27син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, алар түштүк-чыгыш багытта учуп келишкени, ал эми баллистикалык ракетаны орус аскерлери аннексияланган Крымдан Кривой Рог шаары көздөй учурушканы кабарланды, ракета кайсы жерден атып түшүрүлгөнү маалымдалган жок.
Социалдык түйүндөрдө Кривой Рог шаарында көп кабаттуу турак үйдө өрт чыкканы, дрондордун жапырт чабуулуна Львов шаары кабылганы, жарылуулар болгону, эки адам жараат алганы жөнүндө кабарлар чыкты.
Би-Би-Синин украин кызматынын кабарчылары Львовго кол салуу маалында орусиялык учкучсуз учактар шаардын ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхый борборунун, анын ичинде башкы Рынок аянтынын үстүнөн учуп өткөнүн кабарлашты. Журналисттери муну Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери Львовдо эң узакка созулган дрон чабуулу экенин белгилешти.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Орусия 18-сентябрда Краснодар аймагындагы Приморско-Ахтарск шаарынан жанкечти дрондорду учурган. Беш сааттан кийин алар Львовго жеткен.
Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугуКремлди агрессор катары айыптап жатат.