Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Днепрде Орусиянын соккусу эки өмүрдү алды, алтоо жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:03 21.9.2023

Орус армиясы Украинанын Херсон облусуна 21-сентябрга караган түнкү чабуул койгондо үч тургун мерт болуп, бешөө жараат алды. Бул тууралуу Херсон шаарынын аскердик админстрациясынын башчысы Роман Мрочко билдирди. Набыт болгондордун бири - 81 жаштагы аял. Чабуул маалында ал батиринде болгон.

Ички иштер министрлиги орус күчтөрү көп кабаттуу үйлөрдү, автоунаа жана базарды бутага алганын маалымдады.

21-сентябрда эртең менен орус армиясы Украинага жапырт чабуул жасаганы тууралуу эки ирет абадан эскертүү жарыяланды. "Азаттыктын" украин кызматы Черкассы, Харьков, Киевде жарадар болгондор бар экенин кабарлады.

Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк бутага алынганын моюнга албайт жана аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын билдирет.

14:13 21.9.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде жана аннексияланган Крымда 19 дрон жок кылынганын, Курск, Белгород жана Орел облустарында бирден учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.

21-сентябрга караган түнү Крымдын көптөгөн аймактарына дрондор чабуул койгонун жергиликтүү каналдар кабарлады. Анын кесепети тууралуу маалымат берилген жок.

Киев азырынча бул маалыматка реакция жасай элек. Украинанын куралдуу күчтөрү аннексияланган Крымда, анын ичинде Севастополь менен Евпаторияга жакын жердеги буталарга бир нече ирет сокку урган.

Бейшембиге караган түнү Орусия Украинанын бир катар аймактарына чабуул койгон. Киев соккуда Хресондун үч тургуну каза тапканын билдирди.

14:21 20.9.2023

Орус армиясы 19-сентябрда Украинанын бир катар аймактарына чабуул койгондо бери дегенде тогуз киши каза болду.

Украин тарап тараткан расмий маалыматтарга ылайык, дрон чабуулунан Львовдо 300 тоннадан ашуун гуманитардык жүк сакталган кампа өрттөлүп, бир адам каза тапкан.

Харьков облусунун чыгышындагы Купянск шаарында авиабомбадан алты адам набыт болгонун аймактын башчысы Олег Синегубов билдирди.

Херсон шаарында эл ташып бараткан троллейбуска тийген артиллериялык соккуда эки адам набыт кеткенин жергиликтүү бийлик маалымдады.

09:53 20.9.2023

19-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөгөндө Орусия баштаган согуш дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу терс таасирин тийгизгенине токтолду.

Зеленский “Москва башкаларды оккупацияланган украин аймактарын Орусиянын бир бөлүгү катары таанууга мажбурлоо үчүн азык-түлүк кризисин курал катары колдонуп жатканын” белгиледи.

"Орусиянын агрессиясынан кийин дүйнөдө эч ким эч бир элге кол салууга батынбашы үчүн Украина бардыгын жасап жатат", - деген Зеленский дүйнө элин агрессияга каршы турууга дагы бир жолу үндөдү.

Башкы ассамблеянын сессиясында сүйлөгөн бир катар лидерлер Киевге тилектештигин билдиришти.

АКШ президенти Жо Байден Вашингтон жана анын союздаштары эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан Украина менен бирге экенин айтты. Ал Украинадагы согуш темасына кыскача кайрылып, калабаны дипломатиялык жол менен жайгарууга үндөдү жана тынчтык орнотуу Москванын колунда экенин билдирди.

БУУнун Башкы ассамблеясы жыл сайын сентябрда дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлерин Нью-Йоркко чогултуп, анда дүйнөдө тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо, качкындардын көйгөйү жана экологиялык маселелер талкууланат. Бул жолку сессияга Орусиянын президенти Владимир Путин барган жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG