Украин аскерлеринин түштүк багытынын командачылыгы Вербовоеде алга жылганын билдирди
"Таврия" оперативдүү-стратегиялык аскердик тобунун башчысы, бригадалык генерал Александр Тарнавский ишемби күнү CNN каналына курган маегинде украин армиясы Запорожье облусундагы Вербовое айылындагы орусиялык коргонуу чебин жырып өткөнүн билдирди.
Буга чейин аймакта украин армиясы "Суровикин линиясы" деп аталган Орусиянын коргонуусун талкалаганы тууралуу кабар тараган. Бул жерде адегенде украиналык жөө аскерлер пайда болуп, кийин оор техникалар тартылган.
Аннексияланган Крым жарым аралынын Севастополь шаарындагы Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына жасалган чабуулдан кеминде тогуз адам өлүп, 16 киши жаракат алган. Алардын арасында орусиялык генералдар да бар экенин “Америка авазы” радиосунун украин кызматына Украинанын Аскердик чалгындоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов билдирди.
Ал жаракат алгандардын арасында орус генералдары Александр Романчук, Олег Цеков да бар экенин айтты.
Запорожье багытындагы орус аскерлеринин тобунун командири Александр Романчук генерал-полковник наамын 2023-жылы алган. Генерал-лейтенант Олег Цеков Орусиянын Аскер-деңиз флотунун 200-мотоаткычтар бригадасынын командири.
22-сентябрда Севастополдо бир нече жардыруу болду. Орусиянын оккупациялык бийлиги Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына ракеталык чабуул жасалганын билдирген. Украинанын Куралдуу күчтөрү бул маалыматты ырастаган.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.
Крым: Севастополдогу Кара деңиз флотунун штабына сокку урулду
Аннексияланган Крымдын Севастопол шаарындагы Кара деңиз флотунун штабына 22-сентябрда ракеталык сокку урулду. Орусиянын Коргоо министрлиги бир аскер мүрт кеткенин кабарлады.
«Ракеталык чабуулдун мизин кайтарууда абадан коргонуу системасы беш ракетаны атып түшүрдү. Кол салуунун жыйынтыгында Кара деңиз флотунун тарыхый штабы жабыркады. Маалыматка караганда, бир аскер мүрт кетти» - деп билдирди мекеме.
Алгач окуя тууралуу кабарлаган Севастополдун Москва дайындаган мэри Михаил Развозжаев Луначарский атындагы драма театрдын жанына «ракетанын сыныгы» түшкөнүн Телеграм-каналга жазды.
Крым.Реалий сайтынын кабарчысы билдиргендей, үч катуу жардыруунун үнү угулган. Жарым аралды Орусия менен байланыштырган негизги Крым көпүрөсүндө кыймыл убактылуу токтотулду.
Украинанын Аба күчтөрүнүн командачылыгынын өкүлү Юрий Игнат Севастополдогу окуя тууралуу «Крымда көптөн бери тынч эмес. Бир жума ичинде эле бир катар кызыктуу окуялар болду. Бардык коргонуу күчтөрү, бардык кызматтар баскынчылар тынч жашоодо өмүр сүрбөшү үчүн бирге колунан келген аракетин жасап жатышат» - деп айтты.
Севастополдогу Кара деңиз флоту буга чейин 31-июлда жана 20-августта дагы дрон чабуулуна кабылган.