АКШ менен Украина биргелешип курал-жарак, анын ичинде абадан коргонуу системаларын өндүрүүнү макулдашышканын 24-сентябрда кезектеги видеокайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал Кошмо Штаттарга жана Канадага болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
«Американын курал-жарак жана абадан коргонуу системаларын биргелешип өндүрүү тууралуу тарыхый чечими бар. Жакында эле биз үчүн бул кадимки фантастикадай сезилчү эле. Бирок реалдуулукка айланат. Биз муну реалдуулукка айландырабыз», — деди Зеленский.
Ал курал-жарактын кайсы түрү жөнүндө кеп болуп жатканын тактап айткан жок, бирок мындай макулдашуу эки тараптан тең жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачарын, “орусиялык агрессиянын кайталанышына жол бербөө үчүн жаңы күч пайда болорун” белгиледи.
Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугуКремлди агрессор катары айыптап жатат.
24-сентябрь күнү таңга жуук Курскидеги административдик имарат дрон чабуулунан жабыркаганы кабарланды. Айрым мааалыматтарга караганда имаратта Орусиянын чалгындоо кызматынын аймактык башкармалыгы жайгашкан.
Курскинин губернатору Роман Старовойттун маалымдашынча, дрон чабуулунун натыйжасында имараттын чатыры "азыраак" бузулган.
"Агентство" басылмасы чабуулга Орусиянын чалгындоо кызматынын Курскидеги башкармалыгы кабылганын жазды. Astra Телеграм каналы чабуул тууралуу жергиликтүү тургундар соцтармактарга жазышканын билдирди. "РБК-Украина" Орусиянын аскердик чалгын башкармалыгындагы булагына таянып жазып чыкты.
"Осторожно, новости" Телеграм каналы Курскинин борборунда түтүн чыгып жаткан тасманы жарыялап, "бир нече жардыруу" болгонун маалымдады. "Курский бомонд" агенттиги жардыруулар шаардын бир катар аймактарында угулганын жазды.
Жергиликтүү тургундардын кабарлашынча дрон чабуулу Добролюбов көчөсүндөгү имаратка жасалган. Ал көчөдө Орусиянын чалгындоо кызматынын Курскидеги башкармалыгы жайгашкан.
Азырынча расмий маалымат жок. Украин тарап чабуул боюнча комментарий бере элек.
24-сентбярда Курскиде Шаар күнү белгиленет.
Аннексияланган Крым жарым аралынын Севастополь шаарында 23-сентябрь күнү таңга жуук катуу жардыруу болгонун "Крым. Реалии" сайты кабарлады. Жергиликтүү кабарчынын маалымдашынча, жардыруунун толкунунан үйлөрдүн айнектери сынып кеткен.
Кийинчерээк аймактын Орусия дайындаган башчысы Михаил Развожаев Севастополго ракетадан чабуул жасалганын ырастады. Анын сөзүнө караганда, абадан коргонуу системасы иштеп, атылган ракеталардын калдыктары Сухарный районундагы жээкке түшкөн.
Жардыруудан кийин жүргүнчүлөрдү ташыган суу транспорттору токтоду.
Михаил Развожаев бир күн мурун да аймакта жардыруу болгонун, ракеталык чабуул Орусиянын Кара деңиз флотуна багытталганын Телеграм каналына жазган эле.
Украинанын Аскердик чалгындоо башкы башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов 22-сентябрда Севастополь шаарындагы Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына жасалган чабуулдан кеминде тогуз адам өлүп, 16 киши жараат алганын, арасында орусиялык генералдар да бар экенин билдирген.
Тараптардын маалыматтарын согуш шартында тактоого мүмкүн эмес.
Ак үй Украинага алыска атылуучу ATACMS ракеталары бериле турганы жөнүндө маалыматты расмий ырастоодон баш тартты
Ишемби күнү брифингде Ак үйдүн пресс-катчысы Карин Жан-Пьер Жо Байден Владимир Зеленскийге мындай ракета берүүнү убада кылганбы деген суроого "Мен бул маалыматты ырастабайм... Президент ATACMS талкуудан чийилбегенин айткан. Мен түшүндүрө турган жаңы эч нерсе жок" деп жооп берди.
Буга чейин америкалык медиада АКШ ATACMS ракеталарын бере турганын жазышкан.