25-сентябрда эртең менен Орусиянын Курск жана Брянск облустарынын губернаторлору дрондордун чабуулу болгонун билдиришти.
Маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги ырастады. Мекеме дрон чабуулдары тууралуу кененирээк маалымат берген жок.
"Курск облусунун аймагында украиналык эки дрон, Брянск облусунун аймагында дагы эки учкучсуз учак жок кылынды", - деген билдирүү таратты.
Орус армиясынын Украинанын Одесса облусуна 25-сентябрга караган түнү болгон жапырт чабуулунда деңиз терминалына зыян келтирилип, мейманкана өрттөндү.
Киевдин маалыматына караганда, Одесса облусуна 19 дрон, эки "Оникс" ракеталары менен сокку урулду.
Дрондордун баары атып түшүрүлгөн, ракеталарды жок кылууга мүмкүн болгон эмес.
АКШ менен Украина биргелешип курал-жарак, анын ичинде абадан коргонуу системаларын өндүрүүнү макулдашышканын 24-сентябрда кезектеги видеокайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал Кошмо Штаттарга жана Канадага болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
«Американын курал-жарак жана абадан коргонуу системаларын биргелешип өндүрүү тууралуу тарыхый чечими бар. Жакында эле биз үчүн бул кадимки фантастикадай сезилчү эле. Бирок реалдуулукка айланат. Биз муну реалдуулукка айландырабыз», — деди Зеленский.
Ал курал-жарактын кайсы түрү жөнүндө кеп болуп жатканын тактап айткан жок, бирок мындай макулдашуу эки тараптан тең жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачарын, “орусиялык агрессиянын кайталанышына жол бербөө үчүн жаңы күч пайда болорун” белгиледи.
Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугуКремлди агрессор катары айыптап жатат.
24-сентябрь күнү таңга жуук Курскидеги административдик имарат дрон чабуулунан жабыркаганы кабарланды. Айрым мааалыматтарга караганда имаратта Орусиянын чалгындоо кызматынын аймактык башкармалыгы жайгашкан.
Курскинин губернатору Роман Старовойттун маалымдашынча, дрон чабуулунун натыйжасында имараттын чатыры "азыраак" бузулган.
"Агентство" басылмасы чабуулга Орусиянын чалгындоо кызматынын Курскидеги башкармалыгы кабылганын жазды. Astra Телеграм каналы чабуул тууралуу жергиликтүү тургундар соцтармактарга жазышканын билдирди. "РБК-Украина" Орусиянын аскердик чалгын башкармалыгындагы булагына таянып жазып чыкты.
"Осторожно, новости" Телеграм каналы Курскинин борборунда түтүн чыгып жаткан тасманы жарыялап, "бир нече жардыруу" болгонун маалымдады. "Курский бомонд" агенттиги жардыруулар шаардын бир катар аймактарында угулганын жазды.
Жергиликтүү тургундардын кабарлашынча дрон чабуулу Добролюбов көчөсүндөгү имаратка жасалган. Ал көчөдө Орусиянын чалгындоо кызматынын Курскидеги башкармалыгы жайгашкан.
Азырынча расмий маалымат жок. Украин тарап чабуул боюнча комментарий бере элек.
24-сентбярда Курскиде Шаар күнү белгиленет.