Америкалык "Абрамс" танктарынын биринчи партиясы Киевге келгенин Украинанын президенти Владимир Зеленский тастыктады. Канча танк келгени айтыла элек.
Жалпысынан, Пентагон Украинага бул үлгүдөгү 31 танк, башкача айтканда, бир батальонду берери кабарланган. АКШнын акыркы аскердик жардам пакеттеринде "Абрамс" үчүн ок-дарылар да бар.
Вашингтон Украинага 325 млн долларлык жаңы аскердик жардам жөнөтөрү 21-сентябрда Зеленский АКШда президент Жо Байден менен жолугушкандан кийин расмий маалымдалган.
Жаңы аскердик жардамга Киев сурап жаткан узак аралыкка атылуучу ATACAMS ракеталары кирген эмес. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын айтымында, АКШ президенти "азырынча ATACMS ракеталарын жөнөтпөй турууну чечти, бирок бул маселени күн тартибинен алган жок".
Зеленский Байден менен жолуккандан кийин Киев менен Вашингтон "курал-жабдык жана коргонуу системаларын чыгарууда биргеликте кызматташарын" айткан.
Орусиянын армиясы Украинанын Херсон облусуна кол салууда авиабомба колдонууну көбөйттү. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматына 25-сентябрда облустук аскер администрациясынын өкүлү Александр Толоконников билдирди.
Анын айтымында, дүйшөмбүдө Москванын күчтөрү Днепрдин оң жээгиндеги Николаевка жана Львов конуштарына абадан бомба таштады.
Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин Берислав шаарына да чабуул болгонун Телеграмга жазды. Бомба турак жайларды тейлеген кеңсенин имаратын талкалаганын билдирип, курмандыктар же жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жоктугун айтты. Бир күн мурда кол салууларда Херсондо эки киши набыт кеткен.
25-сентябрга караган түнү орус аскерлери Одесса облусуна "Шахед" жанкечти дрондору, "Калибр" жана "Оникс" ракеталары менен чабуул жасаганын украин армиясы билдирди. Расмий кабарда алардын дээрлик баары атып түшүрүлгөнүн, деңиз боюндагы бекет жана конок үйү зыян тартканы айтылат.
Москва чабуулдарга комментарий берген жок.
25-сентябрда эртең менен Орусиянын Курск жана Брянск облустарынын губернаторлору дрондордун чабуулу болгонун билдиришти.
Маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги ырастады. Мекеме дрон чабуулдары тууралуу кененирээк маалымат берген жок.
"Курск облусунун аймагында украиналык эки дрон, Брянск облусунун аймагында дагы эки учкучсуз учак жок кылынды", - деген билдирүү таратты.
Орус армиясынын Украинанын Одесса облусуна 25-сентябрга караган түнү болгон жапырт чабуулунда деңиз терминалына зыян келтирилип, мейманкана өрттөндү.
Киевдин маалыматына караганда, Одесса облусуна 19 дрон, эки "Оникс" ракеталары менен сокку урулду.
Дрондордун баары атып түшүрүлгөн, ракеталарды жок кылууга мүмкүн болгон эмес.