Украинанын армиясы билдиргендей, 28-сентябрдын таңында абадан коргонуу системасы Орусиянын күчтөрү учурган 44 «Шахед» дронунун 34үн жок кылды. Алты чалгын учкучсуз аппараты атып түшүрүлгөнү маалым болду.
Украин армиясынын маалымат катчысы Наталья Гуменюк орус армиясы негизинен өлкө түштүгүндөгү аймактарга чабуул койгонун 28-сентябрда маалымдады.
Ал эми Николаев облусунун администрация башчысы Виталий Ким кулатылган дрондун сыныгынан бир айыл чарба обьектиси жабыркаганын билдирди. Адамдар арасында жараат алгандар тууралуу маалымат чыккан жок.
Фронтто соңку бир суткада 26 кагылышуу катталганын, алардын басымдуу бөлүгү чыгыштагы Бахмут, Авдеевка жана Марьинка аймактарында болгонун украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.
27-сентябрда өлкө президенти Владимир Зеленский украин күчтөрү чыгышта ийгиликке жетип жатканын кабарлаган.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
ISW: Орусия Ирандан ракеталарды сатып алышы мүмкүн
Москва менен Тегеран 18-октябрдан кийин БУУнун Ирандын курал-жарактарына чектөөлөрүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин учкучсуз учактарды жана ракеталарды сатуу боюнча келишимге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Согушту изилдөө институту (ISW) жазып чыкты.
Институттун баяндамасына караганда, 18-октябрдан кийин Иран ракеталарды жана ага тиешелүү технологияларды эл аралык көзөмөлсүз экспорттой алат. Бул жагдай Тегерандын Орусияга ракета жеткиришине мүмкүндүк бериши толук ыктымал.
Украинанын Херсон шаардык аскердик администрациясынын башчысы Роман Мрочко калаада жарылуулар болгонун 27-сентябрда түштөн кийин билдирди.
"Орус армиясы шаарды убактылуу басып алган сол жээктен аткылап жатат. Коопсуз жерде болуп, өзүңөргө жана жакындарыңарга кам көргүлө", - деп жазды ал Телеграмга. Андан башка кошумча маалымат берилбеди.
Херсон шаарын 2022-жылы күзүндө украин армиясы орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери дээрлик күн сайын бул калаа орус армиясынын аткылоосуна кабылууда.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирип, айрым аймактарды оккупациялаган. Далилдерге карабай, Кремль Украинадагы аскердик объектилер гана бутага алынарын, калктуу конуштарга чабуул койбогонун айтып келет.
Украинанын Запорожье облусунда согуш уланып жаткан аймакка жакын беш райондон бардык балдар эвакуцияланды.
Бул тууралуу облустук аскер башкармалыгынын төрагасынын орун басары Евгений Мироненко "Азаттык" радиосунун украин кызматына билдирип, 60ка жакын жеткинчек коопсуз жакка көчүрүлгөнүн айтты. Балдарды эвакуациялоо чечими 29-августта кабыл алынган.
Ал арада украин күчтөрү Мелитополь багытында чабуулга өтүп жатканын Башкы штаб кабарлады.
27-сентябрдагы маалыматка ылайык, украин армиясы Вербовое жана Новопокровка айылдарынын ортосунда чабуулду күчөттү. Буга чейин ал жердеги "Суровикин линиясы" деп аталган орусиялык күчтөрдүн коргонуу эшелону талкаланган.