АКШ: Өкүлдөр палатасы убактылуу бюджетти жактырды
Долбоордо Украинага жардам берүүгө, каралашууга каражат бөлүү каралган эмес.
АКШнын Өкүлдөр палатасы өкмөттүн, мамлекеттик мекемелердин ишинин токтоп калышына жол бербөө үчүн убактылуу бюджет тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Эми документти президентке кол коюуга жөнөтөрдөн мурда Сенатта дагы добушка коюлат.
Каржылоо долбоору 45 күнгө эсептелген жана аны Өкүлдөр палатасынын республикачыл сенатору Кевин Маккарти сунуштаган.
Учурда Өкүлдөр палатасында республикачылар, ал эми Сенатта демократтар көпчүлүктү түзөт.
Эгерде убактылуу бюджет тууралуу мунаса табылбаса соңку он жылдын ичиндеги төртүнчү “шатдаун” башталмак.
Ак үйдүн өкүлдөрү документти президент Жо Байден колдошу мүмкүндүгүн билдиришти.
АКШда жаңы фискалдык жыл 1-октябрда башталат. Эгер Конгрессте жаңы бюджет тууралуу мунаса табылбаса Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинде федералдык өкмөттүн ишин камсыз кылуу үчүн каражат калбай калат. Бирок конгрессмендер өкмөттүн ишин убактылуу каржылоочу мыйзам долбоорлорун кабыл алса болот.
Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазона" басылмасы Орусия былтыр февралда Украинага каршы согуш ачкандан бери набыт болгон 33 226 орусиялык жоокердин тек-жайын аныктап, тактап чыкты.
Журналисттердин иликтөөсүнө ылайык, алардын 3836сы мобилизацияга тартылгандар. Украина июлда контрчабуул жарыялагандан бери 2448 орус аскери өлгөн, алардын арасында эки генерал жана 11 полковник бар.
Аталган басылмалардын иликтөөчү журналисттери Украинадагы согушта набыт болгондор тууралуу ачык документтерге, маркумдардын жакындарына таянып, мүрзөлөрдөгү маалыматтарга мониторинг жүргүзүп келет. Алар жоготуулардын так саны мындан 2,5 эсе көп болушу ыктымалдыгын белгилешет.
«Шахеддер» Украинанын батышына жана борборуна жетти
Орусиялык армия аннексияланган Крымдан кое берген жанкечти дрондор Украинанын батыш жана борбордук бөлүгүнө чейин жетти.
Аба коркунучу Винницк, Хмельницк, Черкасск облустарында жарыяланып, Абадан коргонуу системасы иштегени тууралуу кабарлар келип жатат.
Украинанын аба күчтөрү буга чейин "Шахеддер" Одесса облусунун чыгыш жана түштүк тарабын, Дунайдагы портторду бутага алганын билдирген.
Дрон чабуулунун кесепеттери жана жоготуулар тууралуу азырынча маалыматтар чыга элек.
Орусиянын Брянск жана Белгород облусунун бийлиги 30-сентябрдагы украиналык сокку тууралуу билдирди
"Белгород жана Белгород облусунда абадан коргонуу күчтөрү иштеп, шаарга келе жаткан объекттер атып түшүрүлдү", - деп билдирди аймактын губернатору Вячеслав Гладков.
Кийин Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород облусунда Украина тараптан жапырт ок чыгаруучу реактивдүү "Ураган" системасы менен атылган тогуз снаряд жок кылынганын билдирди.
Кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.
Брянск облусундагы Погар кыштагында украин чабуулунун кесепетинен энергетика менен камсыздоо түйүнү талкаланганын аймактын губернатору Александр Богомаз билдирди. Анын айтымында, жабырлануучулар жок.
Жергиликтүү жашоочулар Shot Телеграм-каналына төрт жарылуунун үнүн укканын, экөө административдик имарат жактан, үчүнчүсү май куючу жайдын жанынан, төртүнчүсү электр станциясынын жанында болгонун айтышкан. Shot төрт кыштакта электр жарыгы өчкөнүн жазды.