Украин армиясынын Башкы штабы билдиргендей, 2-октябрга караган түнү Орусия дрондор менен жапырт аткылады.
Украинанын 150дөн ашык айыл-кыштагы артиллериялык аткылоо алдында калды.
Башкы штабдын маалыматына караганда, Ирандан чыккан "Шахед" дрондору Донецк, Запорожье, Луганск, Харьков жана Херсон облустарына сокку урду. Ушул эле аймактар жана Сумы, Чернигов облустары ракета менен аткыланды.
Түнкү аткылоолордо Харьков облусунун Волчанск шаарында карапайым тургун курман болду. Шаарды өрт чалып, жер үйлөр, ишканаларга зыян келтирилгенин аймактын башчысы Олег Синегубов кабарлады.
Херсондо жер үй өрттөнүп кетти. 13 жаштагы кыз жараат алган, эжеси катуу коркуп калган. Алардын энесине осколканын сыныктары тийген.
Орусия аткылоолор тууралуу комментарий берген жок.
Киевде Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуусу 2-октябрда өтүп жатат.
Жолугушуу тууралуу шаркеттин тышкы саясий мекемесинин башчысы Жозеп Боррел бүгүн эртең менен билдирди. Ал өзү Киевге кечээ барды. Министрлердин сапары тууралуу алдын ала маалымдалган жок.
Боррел кездешүүнү "тарыхый" деп атады жана биринчи жолу шаркеттин аймагынан тышкары жакта өтүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, министрлер Украинанын элине тилектештик жана колдоосун билдиришмекчи.
Орусиянын армиясы 2-октябрдын таңында Украинанын Херсон облусуна жасаган аба чабуулунан карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Алты киши жаракат калды, алардын экөө балдар. Бул тууралуу облус губернатору Александр Прокудин билдирди.
"Бүгүн таңкы саат бештерде душман Херсондун борборун аткылады. Окуя болгон жерде өрт тутанып, аны тиешелүү кызматтар ыкчам өчүрүштү", - деп жазды Прокудин Телеграмга.
Орус күчтөрүнүн чабуулунан жергиликтүү чиркөө жана Херсон епархиясынын администрациясы жабыркаганын 2-октябрда Украинанын православ чиркөөсү билдирди.
Херсон облусунун орус армиясынан бошотулган бөлүгү, анын ичинен Херсон шаары бир нече айдан бери Днепр дарыясынын сол жээгинде жайгашкан орус армиясынын тынымсыз аткылоосуна дуушар болуп келет.
1-октябрда дагы артиллериялык аткылоонун жыйынтыгында Тягинка шаарында 40 жаштагы кишинин өмүрү кыйылган.
2-октябрга караган түнү орус армиясы өлкө түштүгүндөгү Днепропетров аймагына жети «Шахед» дрону менен чабуул койду. Алардын төртөө абадан атып түшүрүлгөнүн украин армиясынын маалымат катчысы Наталья Гуменюк билдирди.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Орусиянын армиясы 1-октябрда түшкө жуук Харьков облусундагы Волчанск шаарынын борбордук аянтына сокку урду. Украинанын Ички иштер министрлиги бир киши каза болгонун билдирди.
Жекшембиге караган түнү орус күчтөрү Херсон, Запорожье, Харьков жана Донецк олблустарын аткылаганын жергиликтүү бийлик башчылары кабарлаган.
Ал эми Орусиянын Белгород облусунун башчысы украин аскерлери Шебекино шаарындагы борбордук базардын аймагын аткылаганын, үч адам жабыркаганын маалымдаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшемби күнү эртең менен бир учкучсуз учак Краснодар аймагында, дагы үчөө Смоленск облусунда атып түшүрүлгөнүн билдирди, кыйроолор тууралуу айтылган жок.