Украинанын атайын даярдыктагы аскерлери оккупацияланган Крымдагы орус күчтөрүнө чабуул койгонун Башкы чалгындоо башкармалыгы билдирди.
4-октябрда Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов Федералдык коопсуздук кызматкерлери (ФСБ) украин күчтөрү менен кагылышканын айтып, бирөө кармалганын маалымдаган.
"Азаттык" радиосу азырынча бул маалыматты өз алдынча текшере албайт.
Украина аннексияланган Крымдын Севастополь шаарындагы Кара деңиз флотунун штабына 22-сентябрда ракеталык сокку урган. Орусиянын Коргоо министрлиги бир аскер мүрт кеткенин кабарлаган. Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган.
Украина Евробиримдикке кирсе, шаркеттин бюджетинен келерки жети жылда 186 миллиард еврого жакын каражат алууга укук берет. Мындай божомол Financial Times таанышкан Евробиримдиктин ички изилдөөсүндө жазылган.
Басылма бул изилдөөнү блоктун кеңейиши менен өзгөртүлүшү мүмкүн болгон учурдагы эрежелердин экстраполяциясы экенин белгиледи.
Киевдин Евробиримдикке кирүү маселеси чечилсе, Украина биримдиктин бюджетинен эң көп каражат алчу өлкө болуп калат. Бул Украина Европа биримгинин эң жакыр мүчөсү жана анын эң ири айыл чарба өндүрүүчүсү экенин айгенилейт.
Азыркы эрежелерге ылайык, Биримдиктин Фондунан жакыр мүчөлөргө төлөмдөр жана Жалпы айыл чарба саясатынын алкагындагы чегерүүлөр бар. Алардын көбү түздөн-түз фермерлерге берилет. 2021-2027-жылдарга бул бюджеттин 62% түзөт.
Учурда тогуз өлкө Евробиримдикке кирүүнүн түрдүү баскычтарында турат: Украина, Босния жана Герцеговина, Молдова, Албания, Черногория, Сербия, Түндүк Македония, Түркия талапкер макамын алган. Грузияга мындай макам азырынча бериле элек.
Учурдагы эрежелерге ылайык, аларды Евробиримдикке кошуу жети жыл ичинде 256,8 миллиард еврону талап кылат, анын 72% ашыгы Украинага кетет.
Евробиримдиктин кеңейиши бир нече жылга созулушу мүмкүн. 6-октябрда блоктун азыркы мүчөлөрү талкууга чогулушат.
Литва Украинанын данын Балтика деңизиндеги порттор аркылуу ташуу үчүн коридор ачты. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
"Орусия азык-түлүктү талкалап, бүлүндүрүп жатат. Литва болсо аларды жеткирип жатат. Балтикадагы порттор аркылуу дан ташууга коридор ачуу макулдашылды жана жактырылды. Бул украин чек арасындагы басымды жеңилдетет жана Африкага жана андан ары дан ташууну көбөйтөт. Кызматташуу жемишин берип жатат",-деп жазды министр.
Муну менен катар Украинанын, Польшанын жана Литванын айыл чарба министрлери эки күндүн ичинде украин-поляк чек арасындагы санитардык жана ветеринардык көзөмөлдү Литванын Клайпеда портуна көчүрүүнү макулдашты. Бул Польша аркылуу дан жана башка айыл чарба өнүмүн ташууну тездетмекчи.
Литва июль айынын аягында Украинадан Европа Биримдигине дан ташуу үчүн кошумча жол катары Балтикадагы портторду колдонууну сунуштаган.
Украина – дан азыктарын ири көлөмдө экспорттогон өлкө. 2022-жылы февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин анын Кара деңиздеги портторун флот аркылуу бөгөттөп, Киевдин дан азыктарын экспорттошуна мүмкүнчүлүк бербей койгон.
2022-жылы 22-июлда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Украина, Орусия жана Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен дан экспортун кайра жандантуу боюнча келишкен эле. Украина Түркия жана БУУ менен өзүнчө келишимге кол койгон. Ал эми ушул келишимди Орусия тарап Түркия жана БУУ менен өзүнчө түзүп, милдеттенме алган.
БУУнун маалыматына караганда, ошондон бери Украинанын түштүк портторунан чыккан кемелер текшерүү үчүн Түркияга токтоп, миллиондогон тонна азык-түлүктү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө ташып турган. Дан келишими жалпысынан үч жолу узартылды. Соңку келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктап, Москва аны узартуудан баш тарткан.
АКШда Өкүлдөр палатасында 3-октябрда спикер Кевин Маккартини отставкага кетирүүгө байланыштуу маселе добуш берүүгө коюлду. Бул сунушту 216 конгрессмен колдоп, 210у каршы болду. Бул Кошмо Штаттарында Өкүлдөр палатасынын тарыхында спикерди отставкага кетирген биринчи окуя болуп калды.
Reuters агенттиги бул чечим Маккарти менен анын республикачыл айрым кесиптештери талашып-тартышкан жагдайдан улам кабыл алынганын жазды. Республикачылардын араздашуусу Конгресстин эки палатасында тең убактылуу, 45 күнгө эсептелген бюджет жактырылгандан кийин көп өтпөй күчөгөн.
CNN Маккартинин ордуна убактылуу спикер болуп Түндүк Каролинадан шайланган республикачыл конгрессмен Патрик Макгенри дайындалганын кабарлады.
Кевин Маккарти ушул жылдын башында төрт күнгө созулган 15-жолку добуш берүүдө гана Өкүлдөр палатасынын спикери болуп шайланган.
Соңку жүз жыл ичинде Өкүлдөр палатасы добуш берүүнүн биринчи айлампасында эле шайлап келген. Мындай окуя туура 100 жыл мурда, 1923-жылы болгон жана анда палатанын башчысы тогуз турдан кийин гана шайланган.
Былтыр 8-ноябрдагы шайлоодо АКШда Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана Сенаттын үчтөн бири шайланган. Анын жыйынтыгында Конгресстин төмөнкү палатасында республикачылар көпчүлүктү түзгөн.
2018-жылкы шайлоодо 435 орундун 235ин демократтар, 199ун республикачылар алган. 2020-жылы өткөн шайлоодо демократтардын саны 222ге түшүп, республикачылардын саны 213кө жеткен.