Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




23:23 6.10.2023

Украинанын Орусияга каршы күрөшүү үчүн ок-дарылары түгөнүп баратканын шейшембиде Би-Би-Си НАТО жетекчилигине шилтеме берип жазды.

НАТОнун аскерий комитетинин төрагасы Роб Бауэр ушул апта Варшавада өткөн коопсуздук форумунда сүйлөгөн сөзүндө согуштук өнөр жайга ондогон жылдар бою аз каражат жумшалганын, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ансыз деле ок-дары кампалары жарым жартылай бош турганын белгиледи.

"Бизге чоң көлөмдөгү каражат талап кылынат. Либералдык экономикабызда 30 жылдан бери карманып келе жаткан "өз убагында жана талап кылынгандай көлөмдө" принциптери көп жагынан жакшы, бирок согуш учурундагы куралдуу күчтөр үчүн жарабайт", - деди Роб Бауэр.

Британиянын коргоо министри Жеймс Хиппи ушул эле форумда Батыштын курал камы "акырындап түгөнүп баратканын" билдирди. Ал НАТО боюнча союздаштарын мурда милдеттенме алгандай ИДӨнүн 2% коргонууга жумшоого чакырды.

"Эгерде азыр, Европада согуш болуп жатканда, коргонууга 2% жумшай турган убак эмес болсо, анда аны дагы качан сарптоо керек?", - деди британ аткаминери.

14:28 6.10.2023

Харьков облусунун Гроза айылына урулган соккудан өлгөндөрдүн саны 52 адамга жетти. Бул тууралуу аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Алты адам жараат алган.

Бийликтин маалыматында бул Харьков облусундагы орусиялык армия кол салгандан берки эң ири жоготуу.

Купянск, Харьков
Купянск, Харьков

Алдын ала маалыматта сокку "Искандер" ракеталык комплекси менен урулган. Ушундай эле ракеталар менен Харьковго жумага оогон түнү да сокку урулду.

Купянск, Харьков.
Купянск, Харьков.

Гроза айылында 300дөй адам жашайт. Сокку 5-октябрда кафеге эл тажияга чогулган маалда урулганын өлкөнүн ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.

Орусия тарап бул маалыматка комментарий берген жок.

13:42 6.10.2023

Орусиянын армиясы Украинанын Харьков шаарына 6-октябрь күнү эртең менен жасаган соккудан бир бала мүрт кетти.

Жараат алгандардын саны 20дан ашканын Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Ал Харьковго эки ракета, алдын ала маалыматтарга караганда “Искандерлер” менен сокку урулганын кошумчалады. Ракеталардын бири үч кабаттуу үйгө тийип, өрт тутанган.

Калаа мэри Игорь Терехов соккулар “жарандык объектилерге гана” урулганын билдирди. Жабыркагандар арасында 11 айлык наристе бар. Урандыларды тазалоо иштери уланууда.

Украин куралдуу күчтөрү билдиргендей, 6-октябрга караган түнү Орусия өлкө аймагына 33 дрон менен чабуул койгон. Алардын 25и Одесса, Николаев, Харьков, Днепропетровск, Черкасск жана Житомир облустарында абадан атып түшүрүлгөн.

Орус армиясынын 5-октябрда Украинанын Купянск районуна жасаган чабуулунда элүүгө жакын адам каза болгон. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, набыт кеткендердин арасында алты жаштагы бала да бар. Президент Владимир Зеленский карапайым элге жасалган бул кол салууну Орусиянын "өзгөчө катаал кылмышы" деп атады.

Купянск району - Харьков облусунда жайгашкан. Расмий маалыматта районго караштуу Гроза азык-түлүк дүкөнүнө ракета тийгени айтылат. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат.

Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк аткыланганын четке кагып, аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын белгилейт.

5-октябрга караган түнү орус армиясы "Шахед" жанкечти дрондору менен Украинанын Кировоград, Николаев жана Одесса облустарына да сокку урган. Киев 29 учкучсуз аппараттын 24ү атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Орусиянын Курск облусунун губернатору ушул күнү украин күчтөрү Орусиянын чек арадагы Суджа, Коренев, Глушков райондоруна, Рыльск шаарына дрон менен чабуул коюп, электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын маалымдаган.

13:34 6.10.2023

Орусиянын президенти Владимир Путин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин учагы жарылганда мерт болгондордун денесинен гранатанын сыныктары табылганын билдирди. Бул тууралуу ал "Валдай" форумунда сүйлөп жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, Тергөө комитети учакка сырттан таасир болбогонун билдирген.

Путин Санкт-Петербургдагы Пригожиндин кеңсесинен беш килограмм маңзат жана накталай 10 миллиард рубль табылганын билдирди.

23-августта Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин Тверь облусундагы учак кулаганда каза болгон. Бул окуядан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги "Вагнер" компаниясынын Сириядагы жана Африкадагы ишмердигин өз көзөмөлүнө алууга даярдык көрүп жатканы кабарланган.

Өткөн айдын аягында Путин “Вагнердин” мурдагы штаб башчысы Андрей Трошевге ыктыярчылардан турган аскердик топторду түзүүнү тапшырганы белгилүү болгон. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Трошев Коргоо министрлигинде эмгектенип жатканын айткан.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG