Украинанын президенти Владимир Зеленский румын парламентинде сөз сүйлөбөй турган болду. Ал 10-октябрда саат 17:00дө сүйлөмөк, бирок ал "орусиячыл депутаттар үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн" деген себеп менен токтотулганын "Азаттык" радиосунун румын кызматы билдирди.
Зеленский шейшембиде Бухарестте президент Клаус Йоханнис менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сенаттын төрагасы Николай Чуке менен да жолугат.
Зеленский Орусия Украинага басып киргенден бери алгач ирет Румынияга барды. Сапар тууралуу румын тарап бир күн мурун маалымат тараткан.
Бухарестте Владимир Зеленский менен Клаус Йоханнистин биргелешкен маалымат жыйынында украин лидери Румынияда учкучтарды даярдоо борбору түзүлүп жатканын, украиналык учкучтарды окутуунун биринчи баскычына кошуу макулдашылганын билдирди.
Украинанын президенти Румыния парламентинде сүйлөгөн сөзүнүн жокко чыгарылышы тууралуу суроого:
"Мен Румынияга президент Йоханнис менен стратегиялык маселелерди талкуулоо үчүн, ошондой эле премьер-министр жана парламенттеги эки палатанын башчылары менен жолугушуу үчүн келдим. Мен сөз даярдаган жокмун. Кийинки жолу ишенип коюңуз, мен муну парламент жана журналисттер үчүн жасайм", - деп жооп берди.
Сентябрдын этегинде Румыния Украина менен чектеш аймактарга абадан коргонуу техникасын жеткирип, кошумча күч тарта баштаган. Бухарест жана НАТО орус армиясы Одесса облусунда Кара деңиздин боюндагы портторго сокку уруп жатканына кабатыр.
Америкалык сенаторлор Украинаны мындан ары колдоону жактап, Киевге 50 миллиарддан 100 миллиард долларга чейин жылдык жардам пакетин тез арада кабыл алуу маселесин талкуулап жатышат.
Муну республикачылар да, демократтар да колдоо ниетинде экенин Wall Street Journal басылмасы жазды. Журналисттер сенаторлор талкуулап жаткан пакет президент Жо Байден август айында сураган жардамдын көлөмүнөн алда канча көп экенин жана 2024-жылдын ноябрында АКШда өтүүчү президенттик шайлоого чейинки мезгилди камтый турганын белгилешти.
Басылма жайында президент 24 миллиард доллар өлчөмүндө кошумча жардам сураганын, бул көптөгөн республикачылардын каршылыгын жаратканын маалымдады.
Жардам берүүнүн жактагандар Украина үчүн бир чоң пакетти колдоо бир нече майда колдоолорго салыштырмалуу жеңилирээк болот деп эсептешет.
Мунун алдында АКШнын НАТОдогу миссиясынын башчысы Жулиан Смит Киевге колдоо токтобой турганын билдиргенин "Азаттыктын" украин кызматы жазган. Бул тууралуу Смит 10-октябрда Брюсселде журналисттерге альянс өкүлдөрүнүн АКШга өткөн айдагы сапарынын жыйынтыктары тууралуу отчет берип жатканда айткан.
Октябрдын башында республикачылардын тобу өздөрүнүн партиялашы Кевин Маккартини Өкүлдөр палатасынын спикерлигинен кетиришкен. Добуш берүү Конгресс Украинага жардам көрсөтүү үчүн эч кандай каражат камтылбаган 45 күндүк убактылуу бюджетти жактыргандан бир нече күн өткөндөн кийин болгон.
Орус армиясы 10-октябрга караган түнү Украинанын аймагына "Шахед" жанкечти дрону менен 36 жолу чабуул жасады. Украинанын Куралдуу күчтөрү дрондор аннексияланган Крымдын Чауда аймагынан учурулганын билдирди. Алардын 27си Одесса, Николаев жана Херсон облустарынын чегинде атып түшүрүлдү.
Одесса облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Кипер калкты аба чабуулу жөнүндө эскертүүгө көңүл бурууга жана баш калкалоочу жайларда болууга чакырды.
Харьков обладминистрациянын башчысы Олег Синегубов орус аскерлери Купянск районундагы Великий Бурлук айылына ракеталык чабуул жасаганын айтты. Баштапкы маалыматтарга караганда, С-300 ракетасы менен урулган соккуда үч тургун жараат алды.
Херсон облусун көздөй 440 снаряд атылганы кабарланды. Днепропетровск облусунун Никополь шаарында ок атылганын маалымат булактары жазды.
Киевдин маалыматында, украин авиациясы акыркы суткада Орусиянын турумдарына 10 жолу сокку урду. Орус тарап дүйшөмбү күнү Чернигов облусундагы курал-жарак кампасына чабуул болгонун, украиналыктардын ар кайсы багыттагы 11 чабуулунун мизин кайтарганын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Батышты биримдикке чакырып, ХАМАС радикалдык тобунун Израилге кол салуусу менен Орусиянын Украинага басып киргенин салыштырды.
"Бир эле айырма, Израил террордук топтун, ал эми Украина террордук мамлекеттин кол салуусуна дуушар болду", - деди ал 9-октябрда НАТОнун Копенгагенде өтүп жаткан парламенттик ассамблеясынын жыйынына онлайн катышкан учурда.
7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге абадан чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип барган.
Тель-Авивдин маалыматына караганда, аталган кыймылдын өкүлдөрү ондогон адамды барымтага алган. Кол салуу учурунда Израил тараптан каза болгон кишилер 700дөн ашкан, эки миңден көбү жараат алган.
Израилдин армиясы Газа тилкесине жооп катары абадан сокку ура баштаган. Палестин бийлигинин маалыматына караганда, Газа секторунда каза тапкандар 413кө жетти, жараат алгандар 2300 болду. Израилдин бийлиги 50 жылдан бери биринчи жолу согуштук абал жарыялады.
Орусиянын армиясы 2022-жылдын февраль айында Украинага басып киргенден бери миңдеген жай тургундардын, аскерлердин өмүрү кыйылган. Шаар-кыштактар талкаланып, миңдеген кишилер жараат алды, дагы миңдегени үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Украинадагы согушта Орусия да олуттуу аскердик жоготууларга кабылды.
Киев украин армиясы Донецк районундагы кармаштарда "жарым-жартылай ийгиликке жетишкенин" билдирди.
"Клещеевка жана Андреевка айылдарынын айланасында жарым-жартылай ийгилик болду", - деп жазылган 9-октябрдын таңында украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тараткан билдирүүдө.
Контрчабуул башталгандан бери украин күчтөрү Бахмуттун тегерегинен орус күчтөрүн сүрүп чыкканга аракет кылып келишет. Аталган калааны орус армиясы бир нече айга созулган айыгышкан кармаштан кийин ээлеп алган эле.
Жалпысынан соңку бир суткада фронтто 37 кагылышуу катталды.
Ал арада облустук администрациялардын жетекчилери соңку бир суткада орус армиясынын аткылоосунан кеминде 16 жайкын тургун мүрт кеткенин кабарлашты.
8-октябрда Херсон облусуна жасалган орус күчтөрүнүн соккусунан ондогон карапайым киши жаракат алды. Алардын арасында 27 жаштагы аял жана анын тогуз айлык наристеси бар. Бул тууралуу аймактын губернатору Александр Прокудин телеграмга жазды.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн тактоо мүмкүн эмес.