Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:12
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:12 13.10.2023

Орусиянын армиясы соңку 24 саатта өлкө түштүгүндөгү Херсон облусуна абадан 100 жолу чабуул койду. Эки карапайым тургун мүрт кетип, жарандык жана өндүрүштүк жайлар жабыркады. Орусиянын Коргоо министрлиги Брянск жана Белгород облустарынын үстүнөн украиндердин эки дрону атып түшүрүлгөнүн бейшембинин кечинде билдирди.

Украина: Херсонго 100 жолу абадан чабуул болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

17:34 13.10.2023

Орусия Авдеевкада оор техникаларын жоготууда

Атайын операциянын күчтөрү акыркы суткада Авдеевкага чабуул койгон орусиялык аскерлердин сегиз оор техникасын жок кылынганын билдирди. Соңку күндөрү жоготуулар тууралуу фронттогу кырдаалга көз салган изилдөөчүлөр дагы ачык булактарга таянуу менен билдиришкен. Социалдык тармактарда орусиялык техникалардын колоннасы аткылоого кабылганы тартылган видео тарады.

Орусия үч күндөн бери Авдеевканын түндүк жана түштүк тарабынан чабуул коюуда.

Авдеевка - Донецк облусунун түндүгүндөгү шаар, аны орусиялык күчтөр Украинага кол салган күндөн бери алууга аракет кылып келет. Бул райондо украин күчтөрүнүн коргонуусу жакшы экенин америкалык Согушту изилдөө институту билдирди. Изилдөөчүлөр Орусия украин күчтөрүн бир жерге имерип, фронттун башка аймактарына жибербөөгө умтулууда. Киев бул тактиканы жакшы түшүнүп турат.

Айрым жерлерде орусиялык күчтөр алдыга жылганы айтылууда. Орусиялык аскердик блогерлер жана украин булактары Донецк облусундагы Горловка аймагындагы көпүрө жардырылганын, бул орусиялык аскерлердин логистикасын кыйын абалга кептей турганын айтууда.

17:14 13.10.2023

Орусиянын армиясы соңку 24 саатта Украинанын түштүгүндөгү Херсон облусуна 100 жолу абадан чабуул койду. Жыйынтыгында эки карапайым тургун мүрт кетип, жарандык жана өндүрүш инфратүзүмдөрү жабыркаганынын 13-октябрда облус губернатору Александр Прокудин билдирди.

Ал Фейсбукка жазгандай, орус армиясы чабуулда артиллерияны, минометторду, "Град" ракеталарын, учкучсуз аппараттарды колдонгон.

Прокудин Херсон шаары гана 49 жолу бутага алынганын кошумчалады. Жаракат алгандардын арасында бала да бар экени маалым болду.

Херсон облусунун орус армиясынан бошотулган бөлүгү, анын ичинде Херсон шаары бир нече айдан бери Днепр дарыясынын сол жээгинде жайгашкан орус күчтөрүнүн тынымсыз аткылоосуна дуушар болуп келет.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

18:34 12.10.2023

Орус армиясынын Харьков облусундагы Гроза айылындагы ракета соккусунан каза тапкандар 59 кишиге жетти. Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Телеграм-каналына жазгандай, криминалисттер алардын бардыгынын тек-жайын аныктады. Буга чейин 53 киши набыт болгону айтылып келген. Клименко курмандыктардын бардыгы жергиликтүү карапайым тургундар – пенсионерлер, медиктер, дыйкандар, мугалимдер жана ишкерлер экенин, кээ бир үй-бүлөлөр толугу менен жок болгонун билдирди.

Согушка чейин Грозада 350дөй киши жашачу.

5-октябрда айылдын кафесинде согушта курман болгон жоокерди эскерип жатышканда ракетадан сокку урулган. Тергөөчүлөр ал жай атайлап бутага алынган, орус аскерлерине ушу тапта Орусияда жашап жаткан эки жергиликтүү тургун жардам берген деп эсептешет.

“Свобода” радиосу жазганына караганда, бул версияны иш жүзүндө Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя тастыктады. Коопсуздук кеңешинин жыйынында дипломат Грозада белгилүү улутчулду эскерип жатышат, ал жакта “неонацисттер” чогулду деп айткан.

Киев Орусияны жайкын адамдарга каршы теракт кылганы үчүн айыптады.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG