Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Днепрде Орусиянын соккусу эки өмүрдү алды, алтоо жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




01:51 16.10.2023

Украинада Орусиянын армиясынын 15-октябрдагы аба чабуулдарынан алты карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Харьков облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Синегубов билдиргендей, Изюм районуна жасалган соккудан эки жай тургун мүрт кетти.

Синегубов кошумчалагандай, облустагы дагы эки район аба чабуулга дуушар болду. Ал эми Купянск районунда «айыгышкан салгылаш» уланып жатканы кабарланды.

Херсон облусунда эки карапайым тургун набыт болуп, үч киши жаракат алганын губернатор Александр Прокудин социалдык тармактарга жазды.

Авдеевка шаары катуу аткыланып жатканда эки карапайым тургун мүрт кеткени маалым болду.

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-октябрда мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып, орус армиясы «активдүү коргонуу» позициясында экенин айтты.

«Кеп Купянск, Запорожье жана Авдеевка тууралуу болуп жатат», - деди Путин.

Украин армиясынын расмий өкүлү Наталья Гуменюк билдиргендей, Украинанын түштүгүндөгү орус күчтөрү түн ортосунда карапайым тургундар жашаган аймактарды, жарандык инфратүзүмдөрү жана айыл чарба ишканаларын аткылоодо.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

15:51 15.10.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 15-октябрга караган түнү өлкө аймагында 27 учкучсуз аппарат абадан атып түшүрүлдү. Маалыматка караганда, алардын 18и Курск облусунда, экөө Белгород облусунда жок кылынган. Дагы жети дрон кайдан атып түшүрүлгөнү айтылган жок.

Министрлик дрондор менен коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Киевге жүктөдү.

Курск облусунун губернатору Роман Старовойттун жазганына караганда, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары Курск калаасынын тегерегине жана Зорино айылына түшкөн. Ал жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

Киев адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын аткылоону улантууда. 15-октябрга караган түнү Харьков облусуна жасалган аба чабуулдан эки карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Облус губернатору Олег Синегубов кабарлагандай, орус күчтөрү Дружелюбовка айылын бутага алышкан.

10:45 15.10.2023

14-октябрда Украинанын Херсон облусундагы Берислав шаарына орус аскерлери ракетадан ок атышты. Жыйынтыгында 60 жаштагы аял мерт кетти. Бул тууралуу Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин Телеграм каналына жазды.

"Таңкы саат 6:00 чамасында орус аскерлери шаарга чабуул жасады. Атылган ракеталардын бири жер үйгө тийди. Урандылардын алдынан 60 жаштагы аялдын сөөгү табылды", - деди ал.


Орус аскерлери дээрлик күн сайын Херсон облусун аткылап жатат.

20:34 14.10.2023

Орусиялык аскерлер бешинчи күн катары менен Донецк облусундагы Авдеевка районунда чабуул жасап, украин күчтөрүн жырып өтүп, шаарды курчоого аракет кылууда. Украинанын Башкы штабы орусиялык күчтөрдүн чабуулу "ийгиликсиз" болуп жатканын айтты.

Фронттун линиясына жакын бул шаарда украин бийлигинин эсебинде 1600 жашоочу кала берүүдө. Акыркы чабуулда Авдеевканын бир тургуну каза болду.

Шаардык аскердик администрациянын башчысы Виталий Барабаш украин радиосуна курган маегинде орусиялык аскерлердин Авдеевкада жанданып жатышын аларга 31-декабрга чейин Донецк облусунун чек арасына чыгуу (орус бийлиги бул жерди Орусиянын аймагы катары эсептейт) тапшырмасы берилгени менен түшүндүрдү.

"Алар Авдеевканы алса, Покровскиге чыгарын, андан ары жылууга оңой болорун сезип турат. Андыктан Авдеевка алар үчүн өтө маанилүү", - деди Барабаш.

Орусиянын Коргоо министрлиги жана аскер кабарчылары Авдеевка тууралуу маалыматтарды аз чыгарууда. Бир катар кремлчил блогерлер орусиялык күчтөр алдыга жылганын, башкалары чабуул өтө жай жана кыйынчылык менен жүрүп жатканын жазышууда.

АКШнын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Жон Кирби орусиялык армия "даярдыгы начар аскерлерди согушка салуу" менен чоң жоготууга учурап жатканын жазды. Америкалык Согушту изилдөө институту (ISW) орусиялык күчтөр алдыга жыла албай жатканын ачык булактардагы маалыматтарды анализдеген соң билдирди.

Өткөн суткада орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан Украинанын Донецк облусунун фронттон кыйла алыс Богатырь айылынын айрым тургундары каза таап жана жарадар болушту. "Смерч" жапырт ок чыгаруучу ракеталык системасы менен аткан учурда 11 жаштагы балага тийген. Донецк облусунун Покровск шаарында 20 адам жараат алды. Херсон облусунун Берислав шаарында жеке турак жай аткылоого кабылып, бир аял кайтыш болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG