Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Украинадагы согушта адам укуктарынын бузулушун иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиясы кезектеги баяндамасын жарыялады. БУУнун Башкы Ассамблеясына багытталган баяндамада орус аскерлеринин, оккупацияланган аймактардагы орусиялык бийликтин аракеттери, Орусиянын өзүндөгү украиналыктарга мамиле тууралуу баяндалган.
Иликтөөчүлөр Херсон жана Запорожье облустарындагы зордуктоолорго жана сексуалдык ыдык көрсөтүүлөргө басым жасап, бир нече окуя тууралуу кеңири маалымат берилген. Анын ичинде Херсон облусунун 2022-жылдын март-июль айларында Орусиянын оккупациясында болгон айрым кыштактарындагы окуялар бар.
Зомбулуктун курмандыктары көбүнчө 16-83 жашка чейинки аялдар. Зомбулуктун басымдуу бөлүгү орус аскерлери алардын үйлөрүнө кирип барган учурларда болгон. Курал менен коркутуп, айрым учурларда көптөп зордуктоого кабылган аялдар бар. Зордуктоо болбогон учурларда уруп-сабап, өлтүрүп коебуз деп коркутушкан. Орус аскерлери аялы менен күйөөсүн атып салышкан.
Жабыр тарткандардын ичинде 16 жаштагы кош бойлуу кыз бар, дагы бирөөнүн курагы 75, кийинкиси 83 жаштагы аял болгон. Баяндамада сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун 10 учуру тууралуу кеңири маалымат берилген.
Анда ошондой эле украиналыктардын өлтүрүлүшү, сабалганы, барымтага алынганы, балдарды өлкөдөн сыртка чыгарып кетүү, инфраструктураны кыйратуу менен элдин жашоосун оорлотуу жана башка окуялар тууралуу да жазылган. Ошол эле учурда украин бийликтери тарабынан да адам укуктары бузулганы да белгиленген.
Орусия оккупациялап алган аймактардагы зомбулуктар тууралуу согуш башталган биринчи күндөн тартып айтыла баштаган. Украин бийлиги жана Батыш өлкөлөрү Орусияны бул үчүн айыпташкан. Быйыл мартта Украинанын Башкы прокуратурасы орус аскерлери катышкан 170тен ашуун зомбулук окуялары иликтенип жатканын кабарлаган. Ошол эле убакта балдардын зордукталганы тууралуу маалыматтар такталган эмес, натыйжада украин Акыйкатчысы Людмила Денисова кызматтан кеткен.
Орус бийлиги аскерлери тарабынан зордук-зомбулук аракеттери болгонун танып келет. Алардын Украинадагы кылмыштары боюнча Орусиянын өзүндө бир да кылмыш иши козголгон эмес.
22-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Харьковду ракета менен аткылашты. Алардын бири почтанын имаратына тийип, алты адам набыт болду. Дагы 16 адам жараат алды.
Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов чабуул С-300 комплексинин ракеталары менен жасалганын баштапкы маалыматтарга таянып билдирди. Учурда урандыларды тазалоо жүрүп жатат, анын алдында да адамдар калганы кабарланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жоготуулар болгонун ырастап, маркумдардын жакындарына көңүл айтты.
"Орусия террор жана өлтүрүүлөр менен эч нерсеге жетишпейт. Террорчулардын баары мыйзам алдында жооп берет", - деп жазды ал соцтармактардагы расмий баракчасына.
Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы маалымдагандай, акыркы суткада өлкө аймагында алты ракеталык, 54 авиациялык, 54 артиллериялык чабуул катталды. Соккулар Донецк, Запорожье жана Херсон облустарынын эл жашаган аймактарына да багытталган.
Орусиянын армиясы Украинаны күн сайын аткылап келет. Орусиянын Коргоо министрлиги чабуул аскердик обьектилерге гана жасалып жатканын айтып, инфратүзүмдөргө, жарандык, социалдык мекемелерге, эл жашаган аймактарга жасалган соккулар тууралуу маалымат бербейт.
Бир суткада жүздөн ашуун салгылаш болду
Украинанын башкы штабы 21-октябрда бир сутка ичинде жүздөй кагылышуу орун алганын билдирди.
Маалыматта айыгышкан салышуулар Купянск багытында жана Авдеевка районунда болуп жатат. Украин тарап орусиялык армиянын бул аймакты курчоо аракеттери майнапсыз болуп, чоң жоготууга учурап жатканын билдирди.
Маалыматты айрым орусиялык Телеграм-каналдар жарым-жартылай ырастады.
Өткөн түнү Украинанын аймагына учкучсуз учактар менен чабуул болду. Украин тараптын маалыматында өлкө аймагына "Искандер" ракетасы атылып, Х-59 авиабомбалары ташталган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Су-34 менен украин армиясынын Купянск багытындагы 32чи бригадасына сокку урулганын кабарлады.
Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
АКШ президенти Жо Байден бейшембиде Ак үйдөн америкалыктарга кайрылып, "АКШ Украинаны жана Израилди - туш тараптан террористтер менен диктаторлордун чабуулуна кабылган демократияны колдоого милдеттүү", - деп билдирди.
Байден мунун Америка үчүн маанисин чечмелеп берди.
"Анткени террористтер жана диктаторлор келтирген кесепетине жоопкерчилик албай, анысын уланта берет", - деген Байден эки жакын союздаш өлкөнү колдоо жана жардам берүү АКШнын улуттук кызыкчылыгына туура келерин эскертти.
"Террористтер жасаган террору үчүн, диктаторлор баскынчылыгы үчүн жазага тартылбаса хаоско, өлүмгө жана кыйроолорго алып келерин бизге тарых көрсөттү. Алар токтобойт, Америкага жана дүйнөгө коркунуч өсүп баратат", - деп билдирди Жо Байден.
Ал Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевдин жакында эле Эстония, Латвия жана Литваны "Орусиянын Балтикадагы провинциялары" деп айтканын белгиледи.
Байдендин сөзүнө караганда, эгер АКШ Украина менен Израилдеги кырдаалга көңүлкош карасы, бул АКШнын коопсуздугун жана америкалык баалуулуктарды камсыздап турган, дүйнөлүк туруктуулук, союздук мамилелер таянып турган америкалык лидерликти коркунучка кептейт. Ал Конгресске Израилге жана Украинага чукул жардам сурап, кайрылганын жарыялады.
Байден өзүнүн Украинадагы согуштун бир жылдыгында Киевге барганын эстеп, "Мен өзүмдү жалгыз сезгеним жок, мен өз алдынчалык үчүн күрөшүп жаткан элге, биз 250 жыл мурда күрөшкөн идеалдар: эркиндик, эгемендикти жана Американын идеясын, үмүтүн алып келгенимди сездим", - деди.
Бул президент Байдендин америкалыктарга Украинаны колдоонун маанисин түшүндүргөн алгачкы кайрылуу болду. Конгрессмендеринин көпчүлүгү Украинаны колдоону кубаттаганы менен, акыркы убактарда Украинага жардам берүү качанга чейин уланат деген суроолор айтыла баштаган.
Америка коомчулугуна жүргүзүлгөн сурамжылоолор да Украинаны колдоо үчүн каражат бөлүүнү кубаттоолор азайганын көрсөтүүдө. АКШ президентинин кайрылуусу мындай маанайга жооп болду.
"Бих ХАМАСтын террористтерине, Путин сыяктуу тирандарга көкөлөөгө жол бербейбиз. Мен буга жол бербейм! Биз өзүбүздүн ким экенибизди унутпашыбыз керек. Биз - Америка Кошмо Штаттарыбыз. Колубуздан келбечү эч нерсе жок", - деп сөзүн бүтүрдү АКШнын президенти Жо Байден.