Украинанын Реинтеграция министрлиги Донецк жана Херсон облустарынын Киевдин көзөмөлүндөгү айрым жерлеринен балдар эвакуация болорун жарыялады. Мекеменин каналында айтылгандай, бул чара орус армиясы аймакты аткылап, кирип барышы ыктымалдыгынан улам көрүлүудө.
Донецк облусунун Бахмут жана Покровск райондорунан 250гө жакын тестиер чыгарылат. Адегенде аларды гуманитардык хабга алып келип, зарыл болгон жардам берилгенден кийин Житомирге жөнөтүшөт.
Херсондогу 23 жерден 802 бала Николаев, Одесса жана Львов облустарына эвакуацияланмакчы.
Донецк жана Херсон облустарында азыр айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Орус аскерлери Авдеевка шаарына чабуул коюп келатканына бир жумадан ашты. Алардын аткылоосу да күч алды.
Жайдын аягында украин бийлиги Харьков облусунун Купянск районунан да жеткинчектерди коопсуз жерлерге көчүрүп кеткен. Сентябрда Херсон облусунун Киевдин көзөмөлүндөгү калктуу конуштардан балалуу үй-булөлөр чыгарылган.
Севастополдун Москва дайындаган губернатору Украина “суу астынан диверсиялык чабуул” койгонун билдирди.
Михаил Развожаевдин айтымында, Орусиянын Кара деңиз флоту 24-октябрда таң эрте чабуулга туруштук берүүгө катышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин редакциясы кабарлады. Орусия 2014-жылы Севастополь жайгашкан Крым жарым аралын мыйзамсыз аннексиялап алган.
Орус Коргоо министрлиги “диверсияларга каршы ракеталар менен бомбалар (украиналык) пилотсуз катерлер аныкталган районго тийгенин” билдирди.
Киев бул маалыматтарды комментарийлеген жок. Аларды көз карандысыз булактардан тастыктоо да мүмкүн эмес. Жабыркагандар барбы же жокпу белгисиз.
Ал арада украин куралдуу күчтөрүнүн Аба аскерлери Хмельницкий, Винницк жана Николаев облустарына урулган бардык алты «Шахед» дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский шейшембиде эки башка форумда видео байланыш аркылуу сөз сүйлөгөнү жатат. Прагада Крым платформасынын жыйынына чех премьери Петр Фиала жана украин парламентинин спикери Руслан Стефанчук катышмакчы.
Зеленский Украина-Германия бизнес-форумуна да онлайн кайрылуу жасайт. Ал жыйынга немис канцлери Олаф Шольц менен украин өкмөт башчысы Денис Шмыгаль катышат.
Украина президенти 20 айдан бери Москванын агрессиясына туруштук берип келаткан өлкөсүнө болгон колдоонун токтоп калбашы үчүн аракет көрүүдө.
Дүйшөмбүдө Украинанын Башкы прокуратурасы 2022-жылы 24-февралда согуш башталгандан бери 508 тестиер баланын өмүрү кыйылганын билдирди. Андан тышкары бери дегенде 1138 бала жарадар болду. Мекеме белгилегендей, бул маалымат толук эмес, жапа чеккендерди тактоо иши уланууда. Статистикага ылайык, эң көп жеткинчек Донецк облусунда жабыркаган.
Харьков: "Жаңы почтага" тийген соккуда набыт болгондор
21-октябрдын кечинде орус аскерлери Харьков шаарынын жака белиндеги Коротич айылындагы почта терминалына ракетадан сокку урганда ал жерде иштеген алты кызматкер мерт кеткен, 17си жарадар болгон. Маалыматка караганда, жабыркагандардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөө жасалма дем алуу аппаратына туташтырылган.