БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси Украинанын Гроза айылында 59 кишинин өмүрүн алган сокку үчүн Орусиянын аскерлери жооптуу деп айтууга “олуттуу негиз” бар деген жыйынтыкка келди. Кеңсенин отчётунда ошол маалда ал жерде эч кандай “аскердик бута” же “аскер кызматкерлери” болгонуна далил табылбаганы айтылат.
5-октябрда Харьков облусундагы Гроза айылынын кафесинде согушта курман болгон жоокерди эскерип жатышканда ракетадан сокку урулуп, 59 жайкын тургун набыт болгон. Тергөөчүлөр ал жай атайылап бутага алынган, орус аскерлерине ушу тапта Орусияда жашап жаткан эки жергиликтүү тургун жардам берген деп эсептешет.
Адам укуктары боюнча кеңсе “орус куралдуу күчтөрү бута аскердик объект эмес экенин аныктоо аракетин көргөн эмес же атайылап жарандык жайды бутага алган” деген бүтүмгө келди. Курман болгондордун арасында наристе болгон.
Сокку болжол менен "Искандер" комплексинен урулган.
Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя ошондо Коопсуздук кеңешинин жыйынында "Грозада белгилүү улутчулду эскерип жатышат, ал жакта неонацисттер чогулду" деп айткан.
Украин президенти Владимир Зеленский соккуну “атайылап жасалган теракт” деп атаган. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш мындай чабуулдарды токтотууну талап кылган.
Улуттар Уюмунун 29-августта тараткан маалыматына караганда, согуш башталган былтыркы февралдан бери Украинада 9 жарым миңден ашык карапайым кишинин өмүрү кыйылды.
Шейшембиге караган түнү Орусия Украинага “Шахед” дрондору жана Х-59 ракеталары менен чабуул койду. Украин аскерлери алардын бардыгы атып түшүрүлгөнүн, бирок ракеталардын сыныктары Днепропетровск облусундагы турак жайга тийгенин билдиришти.
Андан мурунку күнү Херсон облусунда дүрмөттөрдүн бири маршруттук таксиге тийип, 7 киши жараат алды. Херсон шаарынын борборунда ракета соккусунан бир аял мүрт кетти.
Ал арада 21-октябрда Харьков облусундагы почта терминалына урулган соккудан каза тапкандардын саны 7 кишиге жетти. Жараат алган эки киши оор абалда экени кабарланды.
Дүйшөмбүгө караган түнү Украина аннексияланган Крымда Орусиянын Абадан коргонуу системасынын объектисин бутага алганын, оккупацияланган Луганскиде С-400 ракеталарын жок кылганын билдирген. Крым жарым аралында орусиялык 17 аскер жараат алганы маалымдалган.
Украин армиясынын жөө аскерлеринин кол башчысы генерал Александр Сырский каршы тарап Бахмуттагы аскерлерин күчтөндүрүп, активдүү согуштук аракеттерге өткөнүн билдирди. Май айында орус армиясы 20 айга созулган кандуу кармаштардан кийин Бахмутту ээлеп алган. Июндан тарта Украина түштүк жана чыгышта оккупацияланган жерлерди, анын ичинен Бахмутту кайтарып алуу максатында контрчабуулга өткөн.
Генерал Купянск тарапта да орусиялыктар активдүү болуп жатканын, "жанкечти дрондорду" көбүрөөк колдонгонун белгиледи.
Орусиянын куралдуу агрессиясынан Украинада 510 жашы жете элек бала набыт болду, 1141и жараат алды. Мындай маалыматты 30-октябрда Украинанын Башкы прокуратурасы таратты. Прокуратура «1651ден көп жеткинчек жабыркаганын» билдирип, бул сан толук эместигин, куралдуу кармаштар жүрүп жаткан, убактылуу оккупацияланган жана бошотулган аймактардан статистиканы тактоо уланып жатканын кошумчалады.
Маалыматка караганда, эң көп бала Донецк облусунда жабыркады.
Прокуратура соңку окуяларды мисал келтирип, 29-октябрда Запорожьенин Орехов районунда орус аскерлеринин аткылоосунан 16 жаштагы өспүрүм жарадар болгонун, 27-октябрда Днепропетровск облусунда 5 жашар бала жабыркаганын билдирди.
Августта БУУнун баш катчысынын орун басары Розмари Дикарло Украинада согуш башталгандан бери кеминде 9444 карапайым киши, арасында 545 тестиер каза тапканын маалымдаган. Дипломат кеп аныкталган гана учурлар тууралуу жүргөнүн белгилеген.
Эл аралык уюмдардын, журналисттердин көптөгөн далилдерине, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө карабай, Москва жайкын тургундарды бутага алганын танып келатат.
Украин армиясы дүйшөмбүгө караган түндөн бери аннексияланган Крымдагы буталарга сокку урду. Мындай маалыматты күбөлөр, украин армиясы жана орус бийлиги таратууда. Кабарларга караганда, жарым аралдын батышында аскердик объектиге дүрмөт тийди.
Орусиялык Телеграм каналдар жазгандай, түн ичинде Оленевка айылынын жанындагы зениттик-ракеталык полкко чабуул коюлду. “Астра” басылмасы 17 аскер жарадар болгонун, бир нече автомашина жок кылынганын кабарлады.
«Азаттыктын» украин редакциясы Оленевка жакта орусиялык полк жайгашканын белгилейт. Августта Украинанын аскердик чалгын кызматы Крымдын батышында Орусиянын Абадан коргонуу системасынын заманбап жабдуусу жок кылынганын билдирген.
30-октябрда украин армиясынын Стратегиялык коммуникциялар борбору жарым аралда орусиялык куралдуу күчтөрдүн “абадан коргонуу системасынын стратегиялык объектиси” бутага алынганын маалымдап, соккунун чоо-жайын айткан жок.
Крым.Реалии сайты кабарлагандай, Севастополь шаарында чак түштө аба соккусу тууралуу эскерткен сиреналар жаңырып, төрт жарылуунун добушу угулду. Орусия дайындаган администрация эки бутаны атып түшүргөнүн билдирди. Ал эми орус Коргоо министрлиги Севастополь портунда украиналык эки деңиз дрону кармалганын, дагы экөө Херсонес бухтасына кирүүгө аракет кылганын маалымдады.
Социалдык тармактарда жарым аралды Орусия менен туташтырган Керч көпүрөсүндө кыймыл токтотулганы тууралуу маалыматтар тарады.