Орусия Украинага басып киргенден бери Волга боюндагы аймактан чыккан кеминде 7169 киши каза болду. Бул тууралуу тиешелүү статистиканы жургүзгөн «Азаттыктын» татар-башкыр редакциясы («Idel.Реалии») жазды. Тизмеде башкыртостандык миңден ашуун кишинин ысымы бар. Экинчи сапта Самара облусу турат, журналисттер ал жерлик 933 кишинин өлүмүн тактай алган.
Тизмени түзгөндө алар орус тарап моюнга алган, жакындары, окуу жайлар же башка мекемелер бышыктаган учурларды гана алган. Жоготуулардын чыныгы саны мындан ашышы мүмкүн. Орусиянын Коргоо министрлиги согушта канча аскер каза болгонун ачыктабайт жана журналисттердин маалыматтарын комментарийлебейт. Акыркы жолу министрлик былтыр сентябрда 5937 жоокер набыт кеткенин билдирген.
«Idel.Реалии» жазганына караганда, Башкортостанда сегиз батальондун куралганы же ал жараян башталганы белгилүү. 2022-жылы үч батальон урушка жөнөтүлгөн.
Би-Би-Синин орус кызматы жана «Медиазона» сайты 20-октябрга карай орус армиясынын 34 857 аскери Украинадагы согушта каза тапканын кабарлады. Алар эсепти ачык булактардагы маалыматтарга таянып чыгарып турат.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси Украинанын Гроза айылында 59 кишинин өмүрүн алган сокку үчүн Орусиянын аскерлери жооптуу деп айтууга “олуттуу негиз” бар деген жыйынтыкка келди. Кеңсенин отчётунда ошол маалда ал жерде эч кандай “аскердик бута” же “аскер кызматкерлери” болгонуна далил табылбаганы айтылат.
5-октябрда Харьков облусундагы Гроза айылынын кафесинде согушта курман болгон жоокерди эскерип жатышканда ракетадан сокку урулуп, 59 жайкын тургун набыт болгон. Тергөөчүлөр ал жай атайылап бутага алынган, орус аскерлерине ушу тапта Орусияда жашап жаткан эки жергиликтүү тургун жардам берген деп эсептешет.
Адам укуктары боюнча кеңсе “орус куралдуу күчтөрү бута аскердик объект эмес экенин аныктоо аракетин көргөн эмес же атайылап жарандык жайды бутага алган” деген бүтүмгө келди. Курман болгондордун арасында наристе болгон.
Сокку болжол менен "Искандер" комплексинен урулган.
Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя ошондо Коопсуздук кеңешинин жыйынында "Грозада белгилүү улутчулду эскерип жатышат, ал жакта неонацисттер чогулду" деп айткан.
Украин президенти Владимир Зеленский соккуну “атайылап жасалган теракт” деп атаган. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш мындай чабуулдарды токтотууну талап кылган.
Улуттар Уюмунун 29-августта тараткан маалыматына караганда, согуш башталган былтыркы февралдан бери Украинада 9 жарым миңден ашык карапайым кишинин өмүрү кыйылды.
Шейшембиге караган түнү Орусия Украинага “Шахед” дрондору жана Х-59 ракеталары менен чабуул койду. Украин аскерлери алардын бардыгы атып түшүрүлгөнүн, бирок ракеталардын сыныктары Днепропетровск облусундагы турак жайга тийгенин билдиришти.
Андан мурунку күнү Херсон облусунда дүрмөттөрдүн бири маршруттук таксиге тийип, 7 киши жараат алды. Херсон шаарынын борборунда ракета соккусунан бир аял мүрт кетти.
Ал арада 21-октябрда Харьков облусундагы почта терминалына урулган соккудан каза тапкандардын саны 7 кишиге жетти. Жараат алган эки киши оор абалда экени кабарланды.
Дүйшөмбүгө караган түнү Украина аннексияланган Крымда Орусиянын Абадан коргонуу системасынын объектисин бутага алганын, оккупацияланган Луганскиде С-400 ракеталарын жок кылганын билдирген. Крым жарым аралында орусиялык 17 аскер жараат алганы маалымдалган.
Украин армиясынын жөө аскерлеринин кол башчысы генерал Александр Сырский каршы тарап Бахмуттагы аскерлерин күчтөндүрүп, активдүү согуштук аракеттерге өткөнүн билдирди. Май айында орус армиясы 20 айга созулган кандуу кармаштардан кийин Бахмутту ээлеп алган. Июндан тарта Украина түштүк жана чыгышта оккупацияланган жерлерди, анын ичинен Бахмутту кайтарып алуу максатында контрчабуулга өткөн.
Генерал Купянск тарапта да орусиялыктар активдүү болуп жатканын, "жанкечти дрондорду" көбүрөөк колдонгонун белгиледи.