АКШнын президенти Жо Байден республикачылардын Украинанын кызыкчылыктары эске алынбай, Израилге гана жардам берүү каралган мыйзам долбооруна вето коерун эскертти. Бул тууралуу Ак үй билдирди. Документ адегенде Конгресстин эки палатасынын кароосунан өтүүгө тийиш.
Президенттин администрациясынын Башкаруу жана бюджет бюросу белгилегендей, Израилге жана Украинага берилчү жардам бир пакетке камтылууга тийиш, аларды бөлүү улуттук коопсуздук үчүн «глобалдуу кесепеттерге алып келиши» ыктымал.
30-октябрда Өкүлдөр палатасындагы республикачылар Израилге 14,3 млрд доллар жардам берүүнү, бул үчүн АКШнын салык кызматын каржылоону кыскартууну сунуш кылышкан.
Палатанын жаңы спикери Майк Жонсон адегенде Израилге жардамды бөлүүнү, Украинаны өзүнчө талкуулоону жактарын айткан. Буга чейин Трамптын тарапташы катары белгилүү мыйзам чыгаруучу Киевге кошумча жардам берүүгө каршы добуш берип келген.
Демократтар республикачыларды "Израилге көмөктөшүү ишине жолтоо болууда" деп айыпташты.
Байден Конгресстен 106 млрд доллар бөлүүнү сураган. Анын теңинен көбү Украинага, калганы Израил, Тайван жана АКШ менен Мексика чек арасын коргоого жумшалмак.
Украина 31-октябрда өлкөнүн ар кайсы жериндеги 118 шаар, айыл-кыштактар чабуулга кабылганын билдирди. Быйыл мынча көп сандагы калк жашаган жерлерге сокку урулганы катталган эмес. Ички иштер министрлиги 10 облус аткыланганын шаршембиде маалымдады.
Ал эми Украина армиясынын Аба күчтөрү 1-ноябрга караган түнү орус аскерлери учкучсуз учактар жана Х-59 авиациялык ракета менен чабуул койгонун билдирди. Өлкөнүн борбордук жана батыш тараптарындагы маанилүү инфраструктурага жана аскердик жайларга сокку урулду. Маалыматта украин аскерлери 20 дрондун 18ин жана бир ракетаны атып түшүргөнү айтылат.
«Азаттыктын» украин кызматы жазганына караганда, Полтаванын облустук администрациянын башчысы Филип Пронин бир дрон Кременчуг шаарындагы мунай иштетүүчү заводго тийгенин билдирди. Жетекчи өрт өчүрүлгөнүн, алдын ала маалыматтарга ылайык эч ким жабыркабаганын, ишкана иштебей турганын айтты.
Хмельницкий, Кировоград, Полтава жана дагы бир нече облустарда сокку ыктымалдагын эскерткен сиреналар жаңырып турду.
Түнкү аткылоодон Харьков облусунда бир киши окко учканы, экинчиси жараат алганы украин Ички иштер министрлигинин маалыматында жазылган.
Донецкиде бир киши каза тапты, Херсондо экөө жараат алып, бирөө мүрт кетти.
Орусия 31-октябрдын отчетторунда куралдуу күчтөрү Бахмуттун айланасында ийгиликтүү чабуул койгонун билдирди.
Согуш шартында касташкан тараптардын маалыматтарын дароо текшерүү мүмкүн эмес.
Орусия Украинага басып киргенден бери Волга боюндагы аймактан чыккан кеминде 7169 киши каза болду. Бул тууралуу тиешелүү статистиканы жургүзгөн «Азаттыктын» татар-башкыр редакциясы («Idel.Реалии») жазды. Тизмеде башкыртостандык миңден ашуун кишинин ысымы бар. Экинчи сапта Самара облусу турат, журналисттер ал жерлик 933 кишинин өлүмүн тактай алган.
Тизмени түзгөндө алар орус тарап моюнга алган, жакындары, окуу жайлар же башка мекемелер бышыктаган учурларды гана алган. Жоготуулардын чыныгы саны мындан ашышы мүмкүн. Орусиянын Коргоо министрлиги согушта канча аскер каза болгонун ачыктабайт жана журналисттердин маалыматтарын комментарийлебейт. Акыркы жолу министрлик былтыр сентябрда 5937 жоокер набыт кеткенин билдирген.
«Idel.Реалии» жазганына караганда, Башкортостанда сегиз батальондун куралганы же ал жараян башталганы белгилүү. 2022-жылы үч батальон урушка жөнөтүлгөн.
Би-Би-Синин орус кызматы жана «Медиазона» сайты 20-октябрга карай орус армиясынын 34 857 аскери Украинадагы согушта каза тапканын кабарлады. Алар эсепти ачык булактардагы маалыматтарга таянып чыгарып турат.