Орусия түн ичинде Украинанын аймагына ондогон сокку урду. Украин армиясынын Башкы штабы 2-ноябрдагы бюллетенинде соңку бир суткада жоокерлердин позициялары жана калк жашаган аймактар ракетадан, абадан, артиллериядан аткыланганын билдирди. Маалыматка караганда, украин аскерлери Купянск, Бахмут, Марьинка жана Шахтерск чөлкөмдөрүндө орустардын чабуулунун мизин кайтарышты.
АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) Москва Авдеевка аймагында жерден чабуулдардын дагы бир толкунуна кам көрүп жатканын билдирди.
ISW спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, орус армиясы ондогон техникасын жоготконун, буга чейинки “ийгиликсиз чабуулдардан сабак албаганын” жазды.
28-октябрда британ аскердик чалгыны Орусия Авдеевка багытында быйыл эң көп жоготууларга учураганын маалымдаган.
Украин куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный The Economist басылмасына берген маегинде куралдуу жаңжал жаңы баскычка өтүп, позициялык согушка айланганын, бул – Орусиянын кызыкчылыгына дал келет деген ою менен бөлүштү.
"Алсыратуучу уруш украин армиясын жана элин чоң коркунучтарга кептеши мүмкүн", - деген генерал бул тузактан суурулуп чыгуу үчүн Киев абадан артыкчылыкка, жаңы технологияларга ээ болууга тийиш деп белгиледи.
Орусиянын президенти Владимир Путин Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарган буйрукка кол койду. Тиешелүү документ укуктук маалымат порталында жайгаштырылды.
Ратификацияны кайтарып алуу мыйзам долбоору Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володиндин тапшырмасы менен иштелип чыгып, 12-октябрда орус парламентине сунуш кылынган. Аны эки палата тең жактырган.
Келишимден чыгуу демилгесин Путин өзү көтөргөн. Ал Орусиянын атомдук доктринасын өзгөртүүнүн кажети жок экенин, бирок ратификацияны чакыртып алса болорун айткан. Путин АКШ документти азыркыга чейин ратификациядан өткөрө электигин белгилеген.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул кадам Орусиянын өзөктүк сыноолорду жүргүзүү ниетин чагылдырбайт деп билдирди.
Атомдук сыноолорго тыюу салган келишим 1996-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында кабыл алынган.
Москва жакынкы тарыхта өзөктүк жабдыкты жардырып, сыноо өткөргөн эмес. Бирок Батыш Орусия Украинага кол салгандан бери өзөктүк риториканы колдонгонун айыптап келатат.
Украинада орусиялык аскерлердин кербени аткылоого кабылганда Чувашиядан мобилизацияланган ондогон киши набыт болду. Idel.Реалии сайты жазганына караганда, окуя 29-октябрда болгон. КамАЗ жана УАЗ менен бараткан аскерлерди HIMARS ракеталары менен аткылашкан. Өлгөндөрдүн так саны белгисиз.
Чувашиялык дагы бир сайт майдандагы булактарына шилтеме менен бери дегенде 19 киши каза тапканын жана жарадар болгонун жазды. Жараат алгандардын бири Idel.Реалии сайтына курмандыктардын саны 47ге жетерин айткан.
Аймактын бийлиги бул кабарларды украин Телеграм каналдары уюштурган жана «коомдо дүрбөлөң жаратууну" көздөгөн "маалымат чабуулу" деп атады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Чувашиядан согушка чакырылгандардын каза тапканы жөнүндө маалыматтарды комментарийлеген жок. Москва Украинадагы жоготууларын ачыкка чыгарбайт.
Украин бийлиги өткөн 24 саатта орус армиясынын аткылоосунан бери дегенде үч карапайым киши мүрт кеткенин, 10дон ашууну жарадар болгонун бейшембиде эртең менен билдирди.
Пхеньян акыркы үч айда Орусияга миллиондон ашуун артиллериялык дүрмөт жөнөткөнун Түштүк Кореянын чалгын кызматы билдирди. Алар тараткан маалымат менен парламент депутаты Ю Сан Бом бөлүшкөнүн "Свобода" радиосу жазды.
Анын айтымында, чалгынчылар Түндүк Корея Орусияга учактар жана кемелер менен ок-дары жиберген 10 учурду каттаган. Андан кийин жүк темир жол менен Украинанын оккупацияланган аймактарына, ал жерден майданга жеткирилип турганы маалымдалды.
Түштүк кореялык чалгын кызматынын баамында, миллион дүрмөт Украинада эки ай активдүү согуш жүргүзүүгө жетиштүү. Маалыматка караганда, бул үчүн Орусия Пхеньянга спутник технологияларын берген болушу мүмкүн. Май жана август айларындагы спутник учуруулар ийгиликсиз аяктаган.
Ю Сан Бом чалгынчылар Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Израил менен согушуп жаткан ХАМАС тобуна жардам берүү жолун издеп атат деп эсептерин кошумчалады. Ага чейин израилдик аскерлер жоочулар Түндүк Кореяда чыгарылган курал-жаракты пайдаланышканын тастыкташкан.
Расмий Сеул азырынча депутаттын айткандарын комментарийлеген жок. Түштүк Корея жана өнөктөштөрү Пхеньян Москваны ок-дары менен камсыздап, ал жактан ракета технологияларын алышы ыктымал деген камтамасын айтып келишкен. Орусияга колдоосун билдирип жүргөн Пхеньян каруу-жарак жөнөткөнүн танып жатат. Москва дагы муну моюнга алган эмес.
Сентябрда Ким Чен Ын Орусияда президент Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушкан. Жакында Пхеньянга Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров барып кетти.