Расмий Вашингтон 3-ноябрда Украинага көрсөтүлө турган жаңы аскердик жардамдын айлампасы тууралуу жарыялоого камданууда.
Бул тууралуу өз булактарына таянып Рейтер агенттиги кабарлады. Жалпы 425 млн долларды түзгөн бул жардамга дрондорго каршы күрөштө колдоно турган каражаттар жана абадан коргонуу системасынын тетиктери кирет. Андан тышкары NASAMS, РСЗО HIMARS сыяктуу зениттик-ракеталык комлекстерине караштуу жабдыктар да камтыларын агенттик жазды.
Бул Вашингтон Украинага көрсөтүп жаткан жардамдын 50-айлампасы. Буга чейинкисине Stinger зениттик ракеталары, танктарга каршы колдончу Javelin ракеталык комплекстери да кирген.
Орусия Украинага согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери Вашингтон Киевге 43,9 миллиард долларлык жардам жөнөттү.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы тараткан билдирүүдө Орусиянын армиясы 3-ноябрга караган түнү Украинанын аймагына 38 учкучсуз аппарат жана бир Х-59 канаттуу ракетасы менен кол салганы жазылат. Украин аскерлеринин маалыматына караганда, 24 дрон жана бир ракета атып түшүрүлгөн.
Харьков облусунун полициясы билдиргендей, орус армиясы учурган он дрон аймактын жарандык инфратүзүмдөрүн бутага алды.
Харьков шаарынын мэри жана облус администрациясы эки дрондун соккусунан карапайым кишилер жашаган үйлөр, окуу жайдын имараты жана автоунаалар жабыркаганын кабарлашты. Жараат алгандар тууралу азырынча маалымат жок. Ошондой эле дрондор Украинанын батышындагы Львов облусуна чейин жеткени кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуул боюнча маалымат бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Кошмо Штаттарында Өкүлдөр палатасы Украинаны кошпой, Израилге гана 14,5 миллиард долларлык жардам берүүнү колдоду. Сенатта көпчүлүктү түзгөн демократтар буга каршы чыгып, эки өлкөгө тең жардам берилишин талап кылып жатат.
Буга чейин президент Жо Байден эгер бул документ Конгресстин эки палатасында тең колдоо тапса вето коерун эскерткен. Сенаттын спикери Чак Шумер аны добушка койбосун айткан.
Байден Конгресстен жалпы баасы 106 млрд долларга жеткен жардам берүүнү колдоого чакырган. Анда каражаттын басымдуу бөлүгүн Украинага жумшоо, калганын Израилге, Тайванга жана Мексика менен чек араны бекемдөөгө берүү каралган.
30-октябрда Өкүлдөр палатасындагы республикачылар Израилге 14,3 млрд доллар жардам берүүнү, бул үчүн АКШнын салык кызматын каржылоону кыскартууну сунуш кылган.
Палатанын жаңы спикери Майк Жонсон адегенде Израилге жардамды бөлүүнү, Украинаны өзүнчө талкуулоону жактарын айткан. Буга чейин Трамптын тарапташы катары белгилүү мыйзам чыгаруучу Киевге кошумча жардам берүүгө каршы добуш берип келген.
Орусия түн ичинде Украинанын аймагына ондогон сокку урду. Украин армиясынын Башкы штабы 2-ноябрдагы бюллетенинде соңку бир суткада жоокерлердин позициялары жана калк жашаган аймактар ракетадан, абадан, артиллериядан аткыланганын билдирди. Маалыматка караганда, украин аскерлери Купянск, Бахмут, Марьинка жана Шахтерск чөлкөмдөрүндө орустардын чабуулунун мизин кайтарышты.
АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) Москва Авдеевка аймагында жерден чабуулдардын дагы бир толкунуна кам көрүп жатканын билдирди.
ISW спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, орус армиясы ондогон техникасын жоготконун, буга чейинки “ийгиликсиз чабуулдардан сабак албаганын” жазды.
28-октябрда британ аскердик чалгыны Орусия Авдеевка багытында быйыл эң көп жоготууларга учураганын маалымдаган.
Украин куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный The Economist басылмасына берген маегинде куралдуу жаңжал жаңы баскычка өтүп, позициялык согушка айланганын, бул – Орусиянын кызыкчылыгына дал келет деген ою менен бөлүштү.
"Алсыратуучу уруш украин армиясын жана элин чоң коркунучтарга кептеши мүмкүн", - деген генерал бул тузактан суурулуп чыгуу үчүн Киев абадан артыкчылыкка, жаңы технологияларга ээ болууга тийиш деп белгиледи.