Украин президенти Владимир Зеленский азыр “шайлоо өткөрчү убакыт эмес” деп эсептейт. Мындай пикирин ал 6-ноябрда кезектеги видеокайрылуусунда билдирип, шайлоо маселесин азыр талкуулоонун өзү “жоопкерчиликсиз” жана “жеңил ойлуулук” экенин айтты.
"Азыр согуштук абалда экенибизди баарыбыз түшүнүп турабыз. Көптөгөн коркунучтар тооруп турган чакта коомчулукка шайлоо темасын жайылтуу жеткен жоопкерчиликсиз мамиле", - деди Зеленский.
Өлкө биримдикте иштеши зарылдыгын белгилеген украин лидери “Бардык суроолорго жооп берүүчү, жаңжалдарга жана кимдир бирөө Украинага каршы оюн жүргүзүшүнө мейкиндик калтырбаш үчүн коомчулукка тийиштүү жоопторду берүүчү мамлекеттик структуралар иштеп жатат", - деп кошмчалады.
2024-жылы президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү темасы соңку кезде Украинанын контрчабуулу ийгиликтүү ишке ашпай, Зеленскийдин мурдагы тарапташтары жана аскерлер арасында ага нааразылык жаралып жаткан чакта активдүү талкуулана баштады.
Зеленскийдин президенттик ыйгарым укуктары 2024-жылдын май айында аяктайт.
Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кол салгандан бери согуш токтой элек.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Закарпатье бригадасындагы аскерлердин өлүмүн текшерүү буйругун берди. Мунун алдында украиналык маалымат каражаттары, анын артынан бийлик Орусияны аткылоосунан Запорожье облусунда майданга жакын жерде сыйлыктарды тапшыруу аземине чогулган ондогон жоокер набыт болгонун жана жараат алганын билдиришкен. Министр ал окуянын чоо-жайы териштирилерин Фейсбукка жазды. Канча аскер каза тапканы айтылган жок. Закарпатье облусунда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Маалыматтарга караганда, 3-ноябрда эртең менен аскерлер артиллерия кунүнө карата медалдарды тапшыруу салтанатына фронтко жакын жердеги айылга чогулганда орусиялык “Искандер” ракетасынан сокку урулган. Ошондо көптөгөн жоокерлер өлгөнү кабарланган.
"Украинская правда" гезити Ички иштер министрлигине шилтеме менен жоготуулар 20дан ашканын жазган. Орусиялык "Рыбарь" деген Телеграм канал булакты айтпастан, 50 киши каза болгонун маалымдады. Адатта согуш шартында тараптар душмандын жоготууларын көбөйтүп көргөзөт.
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ жана Европа Биримдиги аны Орусия менен сүйлөшүүгө барууга көндүрүп жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты.
Ал 4-ноябрда Киевде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дэр Ляйен менен чогуу өткөргөн басма сөз жыйынында “азыр Орусия менен отуруп алып сүйлөшүү, ага кайсы бир нерселерди берүү деген болбойт”,-деп айтты.
Еврокомиссиянын төрайымы өз кезегинде Украинага жардам иретинде дагы 50 миллиард доллар бөлүү маселеси чечилип жатканын билдирди. Ал жетектеген уюм келерки аптада Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтомун жарыяларын айтты.
Мунун алдында NBC News телеканалы Кошмо Штаттарындагы азыркы жана мурдагы эки таасирлүү аткаминерге шилтеме кылып АКШнын жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү Украинанын Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу талкууларды баштаганын жазган.
Ага ылайык, "айрым бир аялуу талкуулар" өткөн айда 50дөн ашык өлкө кирген Украинаны коргоо боюнча байланыш тобунун жолугушуусунда талкууланган.
Аталган телеканалдын булактары тынчтык мунасасына жетүү үчүн Киев эмнеден баш тарта алышы мүмкүн деген жагдайда сөз болгон. Ошол эле маалда НАТОго мүчө мамлекеттер Орусияын агрессиясын чектөө максатында Украинага "коопсуздуктун кайсы бир кепилдиктерин" сунуштоого даяр экенин билдирген.
NBC News каналынын билдиришинче, мындай талкуулар Вашингтон менен Брюсселдин согуш каатчылыкка кептелип, Киевге мындан ары керектүү жардам берилбей калат деген кооптонуулардан улам башталган.
Тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу соңку маалыматтарга Кремл комментарий бере элек.
Ишемби күнү, 4-ноябрда кечинде Украинанын армиясы Керч кысыгындагы кеме курган “Залив” заводун ракеталар менен аткылады. Орусиянын Коргоо министрлиги анда бир кеме жабыркаганын ырастады.
Крымдын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксеновдун билдиришинче, Керч районунда бир нече ракета атып түшүрүлдү, айрым сыныктар ошол заводдун аймагына кулады, бирок жабыркагандар болбогон жок.
Муну менен катар социалдык тармактарда заводду көздөй учурулган ракеталар жана тутанган өрт тартылган видеолор тарады.
Орусиянын Коргоо министрлиги заводду көздөй 15 ракета учурулганын, анын 13ү атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Айрым украиналык булактарга караганда, ракеталардын саны мындан алда канча аз болгон.
Украинанын Абадан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы Николай Олещук “Залив” заводуна тактикалык авиация аркылуу чабуул жасалганын айтты. Анын ырасташынча, ошол маалда “Калибр” үлгүсүндөгү ракеталарды алып жүргөн Орусиянын Кара деңиз флотунун заманбап кемеси болгон.
Орусия кандай кеме жабыркаганы тууралуу маалымат бере элек.
“Залив” Чыгыш Европадагы эң ири кеме куруучу завод болуп саналат. Бул жайда 2020-жылдан тартып Орусиянын Аскер-деңиз флоту үчүн кеме куруу иштери жүргүзүлөт.