Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 4-ноябрда Киевге келди. Ал бул сапарынын алкагында Жогорку Радада сөз сүйлөп, билдирүү жасайт. Аны темир жол вокзалынан Украинанын президенти Владимир Зеленский тосуп алды.
Аталган уюмдун башчысы сапарынын алдында Зеленский менен Украинаны Европа Биримдигине кабыл алуу, Киевди колдоо жана Орусияга каршы санкциялар маселесин талкууларын айткан.
Буга чейин ал Еврокомиссия камакка алынган орусиялык активдерди Украинаны кайра калыбына келтирүү иштерине жумшоонун үстүндө иштеп жатканын билдирген.
Урсула фон дер Ляйен камакка алынган орусиялык активдердин жалпы баасы 211 миллиард еврого жетерин маалымдаган.
Мындан туура бир жыл мурда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Орусия Украинага репарация төлөшү керек деген резолюция кабыл алган. Аткарылышы милдеттүү эмес документти 193 мүчөнүн 94ү колдогон жана каршы добуш берген 14 өлкөнүн арасында Беларус, Куба, Иран, Зимбабве бар. 73 мамлекет, анын ичинде Кыргызстандын өкүлү калыс позицияны карманган.
Муну менен Башкы ассамблея Орусия Украинага согуш ачуу менен эл аралык мыйзамды бузду жана “укуктук кесепеттерди тартып, чыгымдын ордун толтурууга тийиш” деп тапкан. Документте зыяндын өлчөмүн жана кенемтени санап чыгуу үчүн атайын эл аралык механизм түзүү сунушу жазылган. Орусиянын БУУдагы өкүлү бул чечимди сынга алган.
Башкы ассамблеянын резолюциялары Коопсуздук кеңешинен айырмаланып, саясий гана мүнөзгө ээ. Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Орусия ал жакта өзүнө каршы документтерди өткөрбөй келет.
АКШнын жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү Украинанын Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу талкууларды баштады. Бул тууралуу NBC News телеканалы Кошмо Штаттарындагы азыркы жана мурдагы эки таасирлүү аткаминерге шилтеме кылып жазды.
Ага ылайык, "айрым бир аялуу талкуулар" өткөн айда 50дөн ашык өлкө кирген Укранинаны коргоо боюнча байланыш тобунун жолугушуусунда талкууланган.
Аталган телеканалдын булактары тынчтык мунасына жетүү үчүн Киев эмнеден баш тарта алышы мүмкүн деген жагдайда сөз болгон. Ошол эле маалда НАТОго мүчө мамлекеттер Орусияын агрессиясын чектөө максатында Украинага "коопсуздуктун кайсы бир кепилдиктерин" сунуштоого даяр экенин билдирген.
NBC News каналынын билдиришинче, мындай талкуулар Вашингтон менен Брюсселдин согуш каатчылыкка кептелип, Киевге мындан ары керектүү жардам берилбей калат деген кооптонуулардан улам башталган.
Каналдын ырасташынча, АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы дагы Украинанын күчү мокоп баратат деп тынчсызданууда. Ошол эле маалда Вашингтон Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүгө баруу ниетин көрбөй жатканын белгилеген
АКШнын бийлик өкүлдөрү Украинаны тынчтык сүйлөшүүлөргө барууга көндүрүп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.
Буга чейин Кошмо Штаттарынын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Эдриен Уотсон "сүйлөшүүлөр тууралуу кандай гана чечим болбосун, аны Украина кабыл алат. Биз өз эркиндигин, орусиялык агрессиядан эгемендигин коргоп жаткан Украинанын колдоону уланта беребиз", - деген.
Тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу соңку маалыматтарга Киев менен Кремл комментарий бере элек.
Расмий Вашингтон 3-ноябрда Украинага көрсөтүлө турган жаңы аскердик жардамдын айлампасы тууралуу жарыялоого камданууда.
Бул тууралуу өз булактарына таянып Рейтер агенттиги кабарлады. Жалпы 425 млн долларды түзгөн бул жардамга дрондорго каршы күрөштө колдоно турган каражаттар жана абадан коргонуу системасынын тетиктери кирет. Андан тышкары NASAMS, РСЗО HIMARS сыяктуу зениттик-ракеталык комлекстерине караштуу жабдыктар да камтыларын агенттик жазды.
Бул Вашингтон Украинага көрсөтүп жаткан жардамдын 50-айлампасы. Буга чейинкисине Stinger зениттик ракеталары, танктарга каршы колдончу Javelin ракеталык комплекстери да кирген.
Орусия Украинага согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери Вашингтон Киевге 43,9 миллиард долларлык жардам жөнөттү.