Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Днепрде Орусиянын соккусу эки өмүрдү алды, алтоо жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




22:32 7.11.2023

Украинадагы согушка тартылгандардын аялдары Москвада алгачкы жолу пикетке чыгышты. Алар бийликтен күйөөлөрүн үйлөрүнө кайтарууну талап кылышты. Бул тууралуу «Важные истории» басылмасы жазды.

Пикет калаанын борборундагы Театральная аянтында өттү. Мобилизацияга тартылгандардын жакындары акция өткөрүүгө уруксат сурап кайрылган. Бирок Москванын өкмөтү уруксат бербей койгон. Ошондуктан алардын пикети беш мүнөттөн көп созулган жок.

Ошол эле учурда ал жакта Октябрь революциясынын 106 жылдыгына арналган коммунисттердин митинги өтүп жаткан.

“Полиция башкы уюштуруучуну чакырып кетти. Бизге Зюганов (КПРФ партиясынын башчысы) келди. Мавзолейге гүл койгондон кийин ага кайрылуубузду берүүнү макулдаштык” - деди катышуучулардын бири.

Мобилизацияга тартылгандардын аялдары социалдык тармактар аркылуу ар кандай акцияларды өткөрүп, согуштан күйөөлөрүн кайтарууну, алардын шарттарын жакшыртууну талап кылган видеокайрылууларды жасап жүрүшөт.

Октябрь айынын соңунда Вологда аймагында мобилизацияга тартылгандардын жакындары жасаган видео кайрылууда 347-полктун аскерлерин Ивановка айылындагы кармашка даярдыксыз жана тийиштүү курал-жабдыксыз жөнөтүп жибергенин айтышкан.

Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылдын сентябрынан бери Орусияда “жарым-жартылай мобилизациянын” алкагында запастагы 330 миңден ашуун жаран аскер кызматына чакырылган.

22:10 7.11.2023

Орусиянын Европадагы куралдуу күчтөрдү чектөө келишиминен чыгуу жараяны 7-ноябрга караган түнү аяктады. Москва бул макулдашууну аткарууну 2007-жылы эле токтоткон. Орусиянын Ички иштер министрлиги "ал биз үчүн толугу менен тарыхта калган" деп билдирди.

Мекеме тараткан билдирүүдө азыр курал-жабдыкка көзөмөл орнотуу боюнча “НАТОго мүчө жана ага ыктаган мамлекеттер менен кандайдыр бир келишим түзүү" жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес экени айтылган.

Денонсация тууралуу мыйзам долбоорун Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын кароосуна 10-майда жөнөткөн. Түшүндүрмө катында 90-жылдардын башынан бери келишим “олуттуу аскердик-саясий өзгөрүүлөрдөн, оболу НАТОнун кеңейиши менен абдан эле эскирип, азыркы убакытка дал келбей калганы” белгиленет.

16-майда депуттар президенттин сунушун бир добуштан колдогон. Ал эми 24-майда денонсацияны Федерация Кеңеши жактырган.

Аталган келишимге 1990-жылы Парижде НАТОго мүчө 16 мамлекет жана Варшава келишими уюмуна кирген алты өлкө кол коюшкан. Документ 1999-жылы жаңыланып, бирок аны Москва, Киев, Астана жана Минск гана ратификациялаган. Ага ылайык, келишимге кол койгон мамлекеттер танктардын, брондолгон аскердик машинелердин, артиллериянын, аскердик тик учактардын жана учактардын санын чектеши зарыл.

2007-жылы Путин бул келишимди жана аны менен байланышы бар документтерди НАТО ратификацияламайынча токтото турууну караган буйрукка кол койгон.

15:27 7.11.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңиздин үстүнөн жана аннексияланган Крымдын аймагынан тогуз дрон атып түшүрүлүп, сегизи тузакка илингенин билдирди.

Мекеме бул чабуул үчүн украин тарапты айыптады. Расмий Киев Орусиянын аймагында болгон окуяларга адатта комментарий бербейт.

Аннексияланган Севастополдун Орусия дайындаган жетекчиси Михаил Развозжаевдин айтымында, дрондордун чабуулу таңкы үчтөрдө башталган. Ал атып түшүрүлгөн дрондун сыныгы Андреевка айылындагы менчик турак жайдын чатырына түшкөнүн кошумчалады. Учкучсуз аппараттын сыныктары Кача айылынан да табылган.

Андан тышкары Орловка айылына түшкөн дрондун сыныгынан бир киши жабыркаганын, анын абалы оор экенин Развозжаев билдирди.

Буга чейин 4-ноябрда Украинанын күчтөрү Керчтеги «Залив» деп аталган кеме куруучу заводго чабуул коюшкан.

Соңку айларда украин күчтөрү аннексияланган Крымдагы орус аскердик жайларын бутага алууну күчөттү. Орусия аннексиялап алган жарым арал фронттон алып болгондуктан негизинен дрондор жана айрым учурда ракеталар менен чабуул жасалат. Буга чейин Севастополдогу Кара деңиз флотунун баш кеңсесине сокку урулган.

14:18 7.11.2023

Киевдин астында жарылуудан Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Залужныйдын жардамчысы курман болду

Киевдин жанындагы Чайки айылында "белгисиз жарылуучу заттын" ишке киргенинен улам (бул тергөөнүн расмий маалыматы) Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысынын жардамчысы, 39 жаштагы майор Геннадий Частяков курман болду.

Болгон окуянын эки версиясы айтылууда - атайылап кол салуу же аскер куралдарын этиятсыз колдонуудан улам болгон кырсык.

Залужный өзү Частяков "өзүнүн туулган күнүндө үй-бүлөсүнүн жанында" каза болгонун билдирди. Куралдуу күчтөрдүн жетекчисинин айтымында, жарылуучу зат Частяков үйүнө алып келген белектин ичинде болгон. Жардамчысынын өлүмүн Залужный "айтып бере алгыс оор жоготуу" деп атады. Өз кезегинде Частяковдун аялы күйөөсү спирт ичимдиги жана гранатага окшош рюмка салынган баштыкты белекке алганын айтып берген. Баштыкты ачкан учурда жарылуу болгон.

Украин ИИМнин өкүлү Марьяна Рева УНИАН агенттигинин комментаторуна куралды, ок-дарыны жана жарылуучу заттарды этиятсыздык менен колдонуу беренеси менен иш козголгонун билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG