Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41
Краматорск
Краматорск

Украинага жүздөй дрон чабуул койду, курмандыктар бар

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:08 11.11.2023

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын союздаштарын Киевге орус агрессиясына каршы согушта аскердик колдоо көрсөтүүнү улантууга чакырып, "узак жаңжалга" даяр болууну эскертти.

“Биз украиналыктар согуш талаасында жеңилип калбашы үчүн аларга курал-жабдык жөнөтүүнү улантышыбыз керек”,-деди Столтенберг Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолуккандан кийин.

Ошол эле маалда баш катчы немистердин dpa маалымат агенттигине курган маегинде Украинага жана анын союздаштарына өз максатына жетүү үчүн дагы көп убакыт керек болуп калышы мүмкүн экенин айтты.

15:44 10.11.2023

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын кызматы билдиргендей, 10-ноябрга караган түнү аннексияланган Крымда Орусияга караштуу эки катуу ылдамдыкта жүргөн десанттык катер жок кылынды. Мекеме жарыялаган видеодон, дрондор менен катерлерге сокку урулуп жатканын көрүүгө болот.

Бир катар украин маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазгандай, катерлердин бортторунда брондолгон техника жана экипаж мүчөлөрү болгон. Аннексияланган Крымдын батышындагы Черноморск айылына жакын жерде болгон окуя тууралуу орусиялык “Рыбарь” Телеграм-каналы да жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги катерлер тууралуу маалымат берген жок, болгону Крымдын үстүнөн эки дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. “База” Телеграм-каналы тараткан маалыматта, дрондор менен Феодосиядагы мунай базасына чабуул коюу аракети көрүлдү.

Украинанын армиясы тараткан маалыматка ылайык, орус күчтөрү 10-ноябрга караган түнү Украинанын аймагын алты дрон-жанкечти жана эки ракета менен чабуул койду. Беш дрон жана бир ракета абадан атып түшүрүлгөнү маалым болду. Черкасск облусунда бир катар турак жайлар жабыркаганы, карапайым тургундар арасында жоготуулар азырынча болбогону кабарланды.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

15:20 9.11.2023

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 9-ноябрда орус аскерлри өткөн суткада жарандык эки жайга ракетадан сокку урганын билдирди. Днепропетровск облусунун башчысы Сергей Лысак Днепр районунда орусиялык ракета жок кылынганын билдирди.

Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин кызматы жазды.

Cиреналар Днепропетровск, Кировоград, Херсон жана Николаев облустарында жаңырып турганы маалымдалды.

Алдыңкы күнү Украинанын чыгышында орусиялыктардын чабуулунан беш жайкын тургун каза болгон. Орус армиясы кошуна өлкөнүн шаар-кыштактарын дрондордон, ракеталардан жана артиллериядан аткылап келет. Бирок көптөгөн далилдерге карабай, Москва аскердик гана жайларды бутага алганын айтууда.

Ал арада Одессадагы сот Херсон шаарынын мурдагы жетекчиси Владимир Салдону 15 жылга сыртанан эркинен ажыратты. Ал мамлекеттик чыккынчылык, душман менен кызматташуу жана Орусиянын кол салуусун актоо үчүн айыптуу деп табылды.

Былтыр Салдо Украинага басып кирген орусиялык аскерлердин тарабына өткөн. Москва аны “Орусиянын курамынагы Херсон облусунун губернатору” деп атайт.

Киев жана дүйнө коомчулугу украин аймактарынын аннексиясын тааныбайт.

20:54 8.11.2023

Орусиянын армиясынын аткылоосунан соңку бир сутка ичинде беш карапайым тургундун өмүрү кыйылып, бир нечеси жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы 8-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Донецк облусундагы Бахатыр айылына жасалган соккудан кеминде үч киши мүрт кетти. Чабуул “Смерч” реактивдүү системасынан жасалган болушу мүмкүн деп белгиленет прокуратуранын билдирүүсүндө. Ондогон менчик турак жай жабыркаганы кабарланды.

Харьков облусунда орус күчтөрүнүн аткылоосунан 57 жаштагы карапайым тургун набыт болуп, үч полиция кызматкери жараат алганын Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди. Ал жакта кол салууда темир жол вокзалы талкаланганы маалым болду.

Херсон облусуна жасалган орус армиясынын аба чабуулунан бир жайкын тургун мүрт кетип, бир киши жабыркаганын облус губернатору Александр Прокудин 8-ноябрда Телеграмга жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы шаршембиде билдиргендей, орус армиясы Донецкидеги Авдеевка шаарын курчоого алуу аракетин көрүп жатышат. Соңку бир суткада фронтто 45тей кагылышуу катталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG