Орусиянын мамлекеттик ТАСС жана РИА "Новости" кабар агенттиктери Коргоо министрлигине шилтеме менен Украиндагы аскерлер «Днепр дарыясынын чыгыш тарабына, артыкчылыктуу позицияларга жайгаштырылары» тууралуу маалыматты чыгарып, бир нече мүнөттөн кийин алып салышты.
«Свобода» радиосу адатта бул армия чегингенде колдонуларына көңүл буруп, мындай абал былтыр Харьков жана Херсондо байкалганын белгилейт.
Өчүрүлгөн маалыматта «Түзүлгөн кырдаалды баамдап, «Днепр» тобунун командачылыгы аскерлерди Днепрдин чыгышындагы артыкчылыктуу позицияларга которууну чечти. Кайра топтолгондон кийин айрым бөлүктөр башка багыттардагы кармаштарга тартылмакчы» деп жазылган.
Орус Коргоо министрлиги мекеменин басма сөз кызматы таратканы айтылган маалыматты «чагым» деп атады. Маалыматтын булагы көрсөтүлгөн жок. Бул тууралуу РБК жазды.
Акыркы жумаларда украиналык армия бир нече жерде Днепр дарыясынан Херсон облусуна өткөнү кабарланган. Талдоочулар алар плацдармын кеңейтүүгө жетишкенин айтып келишет.
Германиянын канцлери Олаф Шольц башында турган башкаруучу коалиция Украинага аскердик жардамды 8 млрд еврого чейин жеткирүүгө макулдугун берди. Бул тууралуу Reuters Берлиндин саясий чөйрөсүндөгү булагына шилтеме кылып жазды. Парламент колдоп берсе, Германиянын коргонуу чыгашасы өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) 2,1% чейин көбөйөт. Бул НАТОго мүчө өлкөлөргө бекитилген чыгашалардын төмөнкү чегинен ашып түшөт.
Reuters маалымдагандай, социал-демократтар, "Эркин демократиялык партиясынын" жана Жашылдар партиясынын мүчөлөрү чыгашаны көбөйтүүнү келерки жылдын федералдык бюджетин талкуулаган учурда макулдашты. Маселени Бундестагдын бюджет комитети 16-ноябрда карайт.
Берлиндин аскердик жардамды көбөйтүү дымагын алгачкылардан болуп, ишембиде Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып маалымдаган.
Bild am Sonntag гезити парламент мүчөсү Андреас Шварцтын: "Аскердик чыгашаны эки эсе көбөйтүү - туура жана маанилүү", - деген сөзү менен парламент комитети кошумча төрт млрд евро бөлүүнү бекитип берүүгө тийиштигин жазды. Шварц парламенттеги аскердик бюджетке жооп берет.
Коргоо министрлигинин өкүлү Бундестаг комитетинде маселе талкууланып бүтө электигин айтып, комментарий берүүдөн баш тарткан.
Германия - Украинанын Европадагы башкы өнөктөшү. Киевге берилген жардам боюнча өлкө АКШдан кийинки орунда турат.
Украина Орусия көзөмөлдөгөн Мелитопол шаарында "жергиликтүү каршылык көрсөтүү кыймылдары" уюштурган чабуулдан үч орус офицери өлгөнүн билдирди.
Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы 12-ноябрда Телеграмдагы каналына жазгандай, Мелитополдогу орус күчтөрү басып алып, өз штабына айландырган "Жаңы почта" аттуу имаратта ишемби күнү жардыруу болгон. Башкармалык бул жардыруу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жана Росгвардиянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жаткан учурда болгонун кабарлап, аны "өч алуу акциясы" деп сыпаттады.
"Баскынчылардын штабындагы жардыруудан улам Росгвардиянын кеминде үч офицери жок кылынды. Калган жоготуулар тууралуу маалымат такталып жатат. Соккудан кийин Мелитополдо башаламан кырдаал жаралды", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн боло элек. Орусия Мелитополдогу жардыруу тууралуу маалымат бере элек.
Украинанын чалгын кызматынын билдирүүсүнөн Мелитополдогу штабдын жанында автоунаа жарылганын түшүнүүгө болот.
Украинанын түштүк-чыгышындагы Мелитопол шаарында согушка чейин 150 миңдей адам жашап турган. Орус күчтөрү бул шаарды былтыр февраль айынын соңунда ээлеп алган.
Орусиянын Тергөө комитети Рязан облусундагы темир жол кырсыгына байланыштуу кылмыш ишин террордук акт жана жардыргыч затты мыйзамсыз алуу, өткөрүп берүү жана сактоо тууралуу беренелердин негизинде козгогонун 11-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, “Рыбное” жана “Блок Пост 204-километр” станцияларынын ортосундагы аралыкта колго жасалган жардыргыч жарылып, 19 вагон рельстен чыгып кеткен, алардын 15и талкаланган.
Окуя 11-ноябрда эртең менен болгон. “Москва темир жолу” ишканасы “сырттан кийлигишүүнүн натыйжасында” темир жол кырсыгы болгонун, жүк ташыган вагондор рельстен чыгып кетер алдында жарылууну укканын жергиликтүү тургундар айтып беришкенин, адамдардан эч ким жабыркабаганын, экологияга зыян тийбегенин билдирген.
Орусияда соңку жарым жыл ичинде темир жолдогу диверсия окуялары дээрлик эки эсе көбөйдү.
"Агентство" басылмасы Рязандагы окуя Москвага жакын катталган алгачкы диверсия экенин белгиледи.
"Медиазона" Орусия Украинага кол салгандан бери бул өлкөнүн темир жол тармагындагы диверсияларга байланыштуу 150дөй кылмыш иши козголгонун жазды.
Мындай кылмыш үчүн өлүм жазасына тартууга чейинки чаралар каралган.
Кылмышка шектелип кармалгандардын үчтөн бири өспүрүмдөр.