Дрон чабуулу, аскерлердин ийгилиги, Зеленскийдин билдирүүсү
Украианын Энергетика министрлиги Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу Орусия ишемби күнү Shahed дрону менен чабуул койгон Одессадагы "энергетикалык инфраструктуранын объектиси" мунай базасы болгонун билдирди.
Чабуулдун натыйжасында электр түйүндөрү иштен чыгып, 1500 адам жана 416 калктуу пункт жарыксыз калган. Электр жарыгы Запорожье, Донецк жана Чернигов облустарында өчкөн.
Орусия 18-ноябрга караган түнү Киев, Одесса жана Хмельницкий облустарына "Шахед" жанкечти дрондору менен кол салган. Украинанын аба күчтөрү Курск облусунан учурулган 38 дрондун 29ун атып түшүргөнүн ырастады.
Киевдин мэриясы шаарга учурулган 10 дрондун баары атып түшүрүлгөнүн билдирди. Украин армиясынын маалыматында Одесса облусунда бир учаксыз учак энергетикалык инфраструктуранын объектисине келип түшкөндө бир адам жараат алды.
Одесса облусунун администрациясынын башчысы Олег Кипер ишкана жабыркап, жараат алган адам ооруканага жаткырылганын тастыктады.
Херсон облусунда өткөн сутка ичинде атышуулардан бир адам каза таап, үчөө жараат алды. Облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудиндин айтымында, снаряддар облустун калктуу конуштарынын турак жай кварталдарына жана Берислав районундагы маданият үйүнө тийген.
Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын учкучсуз учагы Брянск облусуна кол салууга аракет кылганын билдирди.
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков ишемби күнү эртең менен Телеграм- каналында 17-ноябрда аймактагы калктуу пункттарга артиллериядан жана минометтордон 40тан ашык ок атылганын, бир нече айылга дрондор кол салганын жазды. Гладков аткылоодон жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин белгиледи.
Украин тарап азырынча мындай билдирүүгө комментарий бере элек.
17-ноябрда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Днепрдин сол жээгиндеги плацдармдарды ээлеп алганын расмий билдирген.
Анда аскерлер Херсон облусунда бир катар аракеттери ийгиликтүү болгонун кабарлашкан.
"Эрктүүлүк жана адискөйлүктүн арты менен украин деңиз күчтөрү башка бөлүктөр менен тыгыз кызматташуусунун негизинде бир нече плацдармда позициясын бекемдеди", - деп айтылат Деңиз күчтөрүнүн маалыматында.
Буга чейин Батыш аналитиктери украин күчтөрү Днепрдин сол жээгиндеги плацдармдарды аларын билдирген. Украин президенти Владимир Зеленский аскерлеринин бул ийгилигин өзүнүн Телеграм-каналына жазды.
Зеленский ушул эле күнү Израилдин ХАМАС куралдуу тобу (АКШ менен Европада террордук деп табылган) менен согушу Батыш коомчулугунун көңүлүн Жакынкы Чыгышка бурганын белгиледи. Анын айтымында, бул жагдай Украинага өтө керектүү 155-миллиметрлик артилериялык снаряддардын келишин жайлаткан.
Bloomberg агенттиги билдиргендей, Зеленский журналисттердин алдында сүйлөп жатып "бул боло берчү көрүнүш, ар бирөө биз сыяктуу жашоого умтулуп жатат" деп айткан. Анткен менен ал Батыш өнөктөштөрү менен Украинага аскердик жардамды көбөйтүүнү сүйлөшүп жатканын билдирген. Украин президенти аларды өлкөсү аскердик аракетти кышында да өткөрө турганына ынандырууга аракет кылууда.
Украинага жардам берүү маселесинде АКШда Байдендин администрациясы менен Өкүлдөр палатасындагы республикачыл көпчүлүк ортосундагы келишпестик чыккан. Алар бул маселеде эки башка көз карашты карманышууда. Politico басылмасы республикачылардын көпчүлүгү Киевге кошумча берилчү каражатты Латын Америкасы аркылуу келген миграция агымына каршы күрөшүү үчүн түштүк чек араны бекемдөөгө жумшоого чакырууда.
Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери кеминде 37 миң орусиялык аскер набыт болду, алардын 4,5 миңдейи мобилизация аркылуу армияга тартылгандар. Алардын тек -жайларын “Медиазона” басылмасы менен Би-Би-Синин орус кызматы аныктаган.
Ачык булактардан алынган маалыматтарга таянып жасалган иликтөөдө журналисттер белгилегендей, күз башталганы некрологдордун саны суткасына 100-110го чейин жетип жатат. Салыштыра келгенде, быйыл жаз-жай айларында суткасына 80дей орусиялык аскер курман болгону тууралуу маалыматтар чыгып турчу.
Бул көрсөткүчтүн жогорулашынын себебин журналисттер Донецк облусундагы Авдеевка үчүн айыгышкан кармаштагы жоготууларга байланыштырган.
Ал жакта октябрь айынын башында орус армиясы чабуулга өтүп, украин күчтөрүнүн коргонуусуна туш болушкан. Октябрь-ноябрь айларында жарыялаган күнүмдүк отчетунда украин армиясы жетекчилиги күнүнө миңдей орусиялык аскер жок кылынганын билдирип келет. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.
Иликтөөчүлөр Орусиянын армиясындагы жогорку офицердик курамында да жоготуулардын саны өскөнүн аныкташкан. Алардын маалыматына караганда, ноябрдын алгачкы эки жумасында подполковник жана андан жогору наамдагы 14 офицердин өмүрү кыйылган.
Украин президенти Владимир Зеленский Киевде британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту. Украин мамлекет башчысынын кеңсеси социалдык тармакка 16-ноябрда жарыялаган маалыматта Кэмерон бул кызматка дайындалгандан кийин биринчи болуп Украинага келгени белгиленип, Британияга аскердик жардам үчүн ыраазычылык айтылат.
Мурдагы өкмөт башчы Кэмерон падышалыктын тышкы саясий мекемесин 13-ноябрда жетектей баштады.
Зеленскийдин кеңсеси анын Киевге сапары качан болгонун тактаган жок.
Украин президенти сүйлөшүүлөрдө майдандагы жоокерлерди курал-жарак менен камсыздоо, абадан коргонуу системасын чыңдоо, жарандык инфраструктураны коргоо маселелери кеп болгонун билдирди.
Кэмерон бул сапар Британиянын “моралдык, дипломатиялык колдоосу, биринчи кезекте аскердик көмөгү уланарына ишендирүү” экенин белгиледи. 15-ноябрда Зеленский африкалык журналисттерге берген маегинде Украина согуштун туңгуюкка такалышына жол бербесин айткан.
Ал арада Орусиянын армиясы Украинанын шаар-кыштактарына сокку урууну улантууда.
Чехия өкмөтү шаршембидеги отурумунда Орусияга тиешелүү бардык мүлктөрдү камакка алууну чечти.
Бул тизмеге Орусияын Прагадагы элчилигинин имараты жана Москва дипломатиялык максатта колдонуп келген төрт имарат кирбей турганын Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский билдирди.
Маалыматка ылайык, санкциялык тизмеге Орусиянын президентинин иш башкармалыгынын менчигиндеги чет өлкөлүк мүлктөрдү башкаруучу мекеме киргизилет. Липавскийдин сөзүнө караганда, мекеме "Украинада жай тургундарды өлтүрүп жаткан орусиялык режим каржыланып жаткан" ишканалардын сабында турат.
Орусиянын менчигиндеги банк эсептери жабылып, кыймылсыз мүлктү сатууга чек коюлат. Липавскийдин айтымында, кыймылсыз мүлктөр Прагада жана Карловы Вары аймагында жайгашкан. Орусия менен келишим түрүндө имараттарын ижарага берген жарандар келишимди уланта берет, бирок ижара акысы атайын эсепке төлөнүүгө тийиш.
Чехия бир нече жыл мурда "Магнитский мыйзамы" сыяктуу - Евробиримдиктин кара тизмесине кирбеген тараптарга жеке санкция киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алган. Азыр бул тизмеде патриарх Кирилл, "Тактикалык ракета жабдыктары" корпорациясынын башчысы Борис Обносов жакындары менен жана башка жалпы жети орусиялык жаран бар.