Орус аскерлери 15-ноябрга караган түнү Донецк облусундагы Селидово шаарына ракеталардан сокку урду. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. Ал эми башкы прокурордун кеңсеси маалымдагандай, төрт кабат турак жайдын бир кире бериши ураганда 85 жаштагы аял каза тапты. Анын 56 жаштагы баласы, дагы бир аял жарадар болду.
Клименко куткаруучулар төртүнчү кабаттагы батирден үч кишини, арасында бир баланы алып чыгышканын жазды.
Урандылардын астында дагы тургундар болушу мүмкүн экени кабарланды. Куткаруу иши уланууда.
Башкы прокурордун кеңсеси Селидового орус аскерлери С-300 зениттик-ракеталык комплекстен төрт сокку урганын кошумчалады.
Маалыматка караганда, 20 жер там, алты көп кабаттуу үй, менчик автоунаа жана чарбалык курулуш жарым-жартылай же толугу менен талкаланды.
Орусия тарап түнкү аткылоону комментарийлеген жок. Москва далилдерге карабай Украинадагы жарандык жайларды бутага алганын танып келет.
Көптөгөн өлкөлөрдө жерге мина коюуга тыюу салынса дагы бир топ адам өмүрү ошонун айынан кыйылат. Бул маселе менен алектенген уюмдар тобу 14-ноябрда жарыялаган Landmine Monitor 2023 докладында белгилегендей, Орусия Украинага жок жерден ачкан согушта миналоону кеңири пайдаланууда. Киев Москвадан айырмаланып, Минага тыюу салган эл аралык конвенцияга кол койгон.
Докладдын авторлору былтыр 51 өлкөдө минадан 4 миң 710 кишинин жабыркаганы катталганын жазышкан. Алардын арасынан 1 миң 661 киши каза тапты. Алардын 85% жөн-жай адамдар, жарымы балдар.
Курмандыктар жагынан Украина 608 киши менен Сириядан кийинки экинчи орунду ээледи. Конвенцияга кошулбаган Сирияда 834 киши минага жарылып, өмүр менен кош айтышкан.
Маалыматка ылайык, Орусия украин аскерлеринин жазгы контрчабуулу алдында майдан тилкесиндеги 174 миң чарчы километр аянтты миналап салган. Муну менен Украина эң көп миналанган өлкөгө айланды.
Адистердин баамында, алардан тазалоо үчүн согуштан кийин да ондогон жылдар кетмекчи.
Муну менен катар докладдын авторлору “ишенимдүү булактарга” таянып, Украина 2022-жылы конвенцияны бузуп, орус оккупациясында калган Изюм шаарын жана айланасын миналаганын билдирди.
Былтыр ноябрда Украинанын коргоо министринин орун басары Александр Полищук Human Rights Watch уюмунун катына жооп бергенде Киев “согуш аяктагыча кандай курал колдонгону тууралуу маалымат бере албасын” айткан.
1999-жылы күчүнө кирген Жердеги минага каршы конвенцияга 164 мамлекет кошулган. АКШ ал макулдашууга кол койгон эмес.
14-ноябрда Украинанын бүткүл аймагында аба соккусу коркунучун эскерткен сирена жаңырды. Аскер бийликтери орус авиациясынын МиГ-31К согуштук учактары базаларынан көтөрүлгөнү тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.
Анын алдында Днепропетровск облусунун Никопол шаарында орусиялык дрондордун чабуулунан бери дегенде бир киши каза таап, экинчиси жарадар болгон. Бул тууралуу облусттун губернатору Сергей Лысак Телеграм-каналга жазды.
Днепропетровск орус армиясынын соккуларына такай туш болуп келаткан аймактардын бири.
Муну менен катар Украинанын Аба күчтөрү шейшембиге караган түнү орусиялыктар аннексияланган Крымдан аткан тогуз "Шахед" жанкечти дрондун жетөө атып түшүрүлгөнүн билдирген. Бирок кайсы регион чабуулдарга кабылганы жана жапа чеккендер тууралуу кабарланган жок.
Орус армиясы Запорожье облусунун оккупацияланган бөлүгүнүн аба мейкиндигинен "Искандер" баллистикалык ракетасын жана Х-35 ракетасын атканы маалымдалды.
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги учак түрүндөгү дрондор 14-ноябрга караган түнү Москва, Тамбов, Орел жана Брянск облустарында атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орел облусунун губернатору Андрей Клычков "инфраструктура зыян тартпаганын, эч ким жабыркабаганын" билдирди.
Киев бул маалыматты комментарийлеген жок.
Буга чейин орус аскердик мекемеси каршы тараптын дрондору тууралуу 12-ноябрда кабарлаган. Ошондо Белгороддун үстүнөн эки дрон жок кылынганы айтылган.
Орусиянын Коргоо министрлиги төрт дрон атып түшүрүлгөнүн, украин аба күчтөрү орусиялык жети дрону жок кылынганын билдиришти.
Орусиянын министрлигинин маалыматында, учак түрүндөгү дрондор 14-ноябрга караган түнү Москва, Тамбов, Орел жана Брянск облустарында атып түшүрүлдү.
Орел облусунун губернатору Андрей Клычков "инфраструктурага зыян келтирилбегенин, эч ким жабыркабаганын" билдирди. Калган аймактардын жетекчилери азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин орус аскердик мекемеси каршы тараптын дрондору тууралуу 12-ноябрда кабарлаган. Ошондо Белгороддун эки дрон жок кылынганы айтылган.
Еврокомиссия шаршембиде Орусиянын экономикасына каршы кезектеги 12-санкцияны киргизери күтүлүүдө. Анын ичинде Орусиянын алмазын экспорттоого да тыюу салынарын Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 13-ноябрда билдирди.
Жаңы документте мунай баасына таасир этүүчү чектөөлөр, экономиканын тармактарына жана айрым адамдарга карата жеке санкциялар салынары белгиленген.
Еврокомиссия документти шаршембиде колдоп берсе, андан кийин биримдикке мүчө өлкөлөрдүн макулдугун алуу зарылдыгын Reuters маалымдады.
Bloomberg агенттиги санкциялар Орусияда чыгарылган ширетүүчү жабдыктарды, химикаттарды жана башка аскердик максатта пайдаланылуучу технологияларды экспорттоого таасирин тийгизерин өткөн айда жазган. Агенттиктин маалыматында, Евробиримдик Орусияны программалык камсыздоого лицензиялык тыюу киргизиши, иштетилген металлдарды импорттоого, алюминий, курулуш материалдарын сатууга тыюу салышы мүмкүн. Чектөөлөр жалпысынан 5 млрд евролук товарга киргизилет.
Евробиримдик Орусиядан жылына орто эсепте 1.5 млрд евролук алмаз сатып алат.
Чектөөлөр маселеси мурда да көтөрүлгөн. Бирок кымбат баалуу таштар соодаланган негизги борбор - Бельгиянын каршылыгына тушуккан. Брюссель санкциялар алмаздын башка өлкөлөргө сатылышына алып келерин айтып, каршы чыккан.
Орусиянын алмазын сатып алууга санкцияны Евробиримдиктен кийин бриллиант базарынын 70% камтыган G7 уюмундагы өлкөлөр да киргизери айтылууда. Reuters жазгандай, уюмдагы өлкөлөрдө санкциялар январдан тартып күчүнө кириши ыктымал.