Казакстандын жараны Павел Конторбаев Украинадагы согушка катышуу келишимине кол койгону үчүн орус жарандагын алды. Бул тууралуу Новосибирск облусунун Бердск шаарынын администрациясы билдирди.
Маалыматка караганда, аны менен кошо жубайы Вероникага да орус паспорту берилди.
Октябрда Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин орус паспортун алган мигранттар Украинадагы согушка барбаса, аларды жарандыктан ажыраутууну сунуш кылган. “Орусия жараны болуп туруп, аскердик милдетиңди аткарууга даяр болбосоң, андай кишини жарандыктан ажыратуу чечимин кабыл алуу керек”, - деген Бастрыкин.
"Настоящее время" телеканалынын маалыматында, ошондон кийин Москва шаарында борбор азиялык 22 мигрантка аскердик кызматты өтөөдөн баш тартуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алар буга чейин Орусиянын жарандыгын алган. Тергөө комитетинин Москва бөлүмү орус паспортун алган 80 киши куралдуу күчтөргө жөнөтүлгөнүн билдирген.
Жазында орус президенти Владимир Путин согуш маалында армияда кызмат өтөө келишимин түзгөн чет элдиктерге жарандыкты жеңилдетилген тартипте берүүгө жол ачкан токтомго кол койгон.
Айрым маалымат каражаттары жана укук коргоочулар Борбор Азия менен Кавказдан барган мигранттар урушка күчкө салып же алдап тартылганы, алар топтолгон жерлерде – базарларда, мечиттерде рейддер жүргөнүн айтып келишет.
Борбор Азиянын өкмөттөрү өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка катышуунун кесепеттерин эскертишкен.
Орусиянын Ички иштер министрлиги крым татар ырчысы жана актрисасы Жамалага (өзүнүн аты-жөнү Cусана Жамалидинова) издөө жарыялаганын “Медиазона” басылмасы мекеменин маалымат базасына таянып жазды.
Андагы маалыматка караганда, Жамалага орус армиясы тууралуу “фейктерди” таратканы үчүн кылмыш иши козголуп, ноябрь айында сыртынан орус соту камакка алуу чечимин чыгарган.
Буга чейин “Известия” басылмасы ырчыга Орусиянын аймагына 50 жылга кирүүгө тыюу салынганын жазган эле.
Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин, Жамала 2016-жылы “Евровидение” ыр сынагын “1944” деген аталыштагы крым татарларынын депортациясы тууралуу ыры менен жеңген.
Орусия Украинага жапырт кол салгандан кийин Жамала эки баласы менен мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Жамала 1983-жылы Кыргызстанда төрөлүп, кийин үй-бүлөсү менен Крымга көчүп кеткен.
Өткөн суткада фронтто 71 куралдуу кармаш болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жекшембиде эртең менен билдирди.
«Орусиянын террористтик чабуулдарынан бейкүнөө элдин арасында өлгөндөр жана жарадар болгондор бар. Менчик үйлөр, жарандык жайлар жабыркады» - деп айтылат билдирүүдө.
Чернигов, Сумы, Харьков, Луганск, Донецк, Запарожье, Херсон жана Николаевск облустарынын 150дөн ашуун айыл-кыштагы артиллериялык чабуулга кабылган.
Лиман багытында орус армясы чабуул койсо, украин жоокерлери Бахмут багытында алардын мизин кайтарган. Украин армиясы Бахмуттун түштүгүндө контрчабуулун улантууда.
Орус армиясы Авдеевканы курчоого алууга аракеттенип, украиндер коргонууну кармап турганы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө белгиленген.
Авдеевкага чабуулду орус күчтөрү 10-октябрда баштап, алгачкы күндөрү чоң жоготууларга учурганы маалым болгон. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту орус армиясы жүздөн ашуун аскеринен жана жүздөн көп брондолгон техникасынан ажыраганын кабарлады.
2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан бери кеминде 37 миң орусиялык аскер набыт болгонун, алардын 4,5 миңдейи мобилизация аркылуу армияга тартылгандар экенин “Медиазона” басылмасы менен Би-Би-Синин орус кызматы аныктаган.
Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын 20 дронунун 15ин атып түшүргөнүн билдирди. Москванын мэри Сергей Собянин Москва облусунда дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын маалыматы боюнча, Киев, Чернигов жана Полтава шаарларына сокку урулду. Киев шаардык аскердикк администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, түнү Киевдин үстүндө жана борбордун четинде онго жакын дрон жок кылынган.
Киев облусунда түнкү дрон чабуулунан улам инфраструктуралык объектиге зыян келтирилгенин РБК-Украина жергиликтүү аскердик администрациясына таянуу менен билдирди. Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок, өрт өчүрүлдү.