Кеминде төрт кишини өлтүргөнү үчүн айыпталып, каннибализм боюнча 22 жылга соттолгон Сахалин облусунун тургуну Денис Горин Украинадагы согушка аттанганы маалым болду.
Бул тууралуу "Сахалин против войны" Телеграм-каналы жазды.
Ушу тапта Горин орточо деңгээлдеги жараат алып Түштүк Сахалиндеги ооруканада жатканын күбөлөрдүн бири "Сибирь.Реалии" сайтына билдирген.
Горин 2003-жылы адам өлтүрүү жана мыкаачылык беренелери менен он жылга кесилген. Жети жылдан кийин "үлгүлүү тартиби" үчүн шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган.
2012-жылы бир тууганы Евгений Горин менен адам өлтүрүүгө айыпталып камалган. Ошол эле жылы анын колунан төрт киши өлгөнү маалым болгон. Тергөөнүн версиясына караганда, ал 2010-жылы бир адамды өлтүрүп, этин жеген. Анда Горин 22 жылга кесилген.
Бир ай мурда Гориндин социалдык тармактардагы баракчасына "Z" деген жазуусу бар аскердик форма кийип турган сүрөтү жарыяланган.
Украинада согуш башталгандан бери Орусия оор кылмыш үчүн соттолгондорду да бошотуп, фронтко жөнөтүп келет. Алардын колунан каза тапкандардын жакындары буга каршы ар кандай акцияларды өткөргөнү менен, эч кандай жыйынтык чыга элек.
Журналисттердин эсебинде, Орусиянын президенти Владимир Путин адам өлтүргөнү үчүн соттолгон 17 кишиге ырайым берген. Алардын баары Украинадагы согушка катышып, үйлөрүнө кайткан. Айрымдары жаңы кылмыштарды жасаганы да маалым болгон.
Украинанын Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Юрий Малашко соңку бир сутка ичинде Орусиянын куралдуу күчтөрү аймакты 127 жолу аткылаганын билдирди. Бул үчүн артиллерия, учкучсуз аппараттар, реактивдүү системалар колдонулганы маалым болду.
"23 турак жай жана инфратүзүм объектилери жабыркаганы тууралуу кабарланды. Карапайым тургундар арасында жабыркагандар жок", – деди Малашко.
Ал арада Херсон облусунда орус армиясынын аткылоосунан бир киши набыт болуп, дагы бири жараат алганын облус башчысы Александр Прокудин билдирди.
Анын сөзүнө караганда, соңку бир суткада орус күчтөрү аймакты миномет, артиллерия, танк жана авиация менен 65 жолу аткылаган.
Харьков облусунда орус армиясынын соккуларынан 61 жаштагы бир карапайым тургун жараат алып, ооруканага жеткирилгенин жергиликтүү бийлик маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги адатта Украинадагы аскердик жайларды гана бутага алганын билдирип, көптөгөн далилдерге карабастан калктуу конуштарды, жарандык инфраструктураларды аткылаганын моюнга албай келет.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Финляндиянын бийлиги Орусия менен чек арасындагы бир гана - түндүктөгү эң ыраак өткөрмө бекетинен башка бардык бекеттерин жабууну чечти. Бул тууралуу Финляндиянын премьер-министри Петтери Орппо шаршембиде билдирди.
Фин-орус чек арасындагы бир гана "Райа-Йоосеппи" көзөмөл өткөрмө бекети ачык болот. Аталган бекет Орусиянын Мурманск шаарынан 240 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калган чек ара бекеттери 25-ноябрдан кеминде 23-декабрга чейин жабылат.
Хельсинки Москва үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын атайылап фин тарапка өткөрүп жатат деп эсептейт. Кремль бул айыптоону четке кагып келет.
Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонендин сөзүнө караганда, зарылчылык болсо Орусия менен чек ара толук жабылышы да ыктымал.
Финляндиялык Yle медиасы маалымдагандай, ноябрдын башынан бери Орусиядан фин тарапка башпаанек сураган 500дөн ашуун адам өткөн. Алардын ичинде Сирия, Йемен, Ирак, Сомали жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар. Дем алыш күндөрү түштүк-чыгыш чек арасындагы "Вартиус" бекетинен 83 адам башпаанек сурап өтсө, шаршемби күнү эле "Вартиус" жана "Салла" өткөрмө бекеттеринен үчүнчү өлкөлөрдүн 75 жараны кирген.
Фин-орус чек арасында унаа өтүүчү сегиз өткөрмө бекети бар. 19-ноябрга караган түнү алардын Санкт-Петербург шаарына жакын жайгашкан төртөө 18-февралга чейинки мөөнөткө жабылган. Карелия жана Мурманск облустары менен чектешкен төрт чек ара бекети иштеп жатат.
Орусиядагы бир катар "Русское радио", "Хит FM" жана "Монте-Карло" радиолорунун башын бириктирген "Русская медиагруппа" медиахолдингинин ээси, ишкер Владимир Киселёв өкмөт уюштуруп жаткан патриоттук митинг-концерттерди сындады. Бул тууралуу The Moscow Times басылмасы маалымдады.
Киселёв НТВ телеканалында сүйлөп жатып, мындай митингдердин "пайдасыздыгын" айтты. Ал 29-сентябрда Кызыл Аянтта украин аймактарынын аннексияланышынын мааракесине арналып уюштурулган иш-чараны мисал келтирди. Ал концерттин "Бир өлкө, бир үй-бүлө, бир Орусия" деп аталган чакырыгын сындады.
"Кимдир-бирөө бул деген фашисттик Германиянын - бир фюрер, бир эл, бир өлкө" деген чакырыгы экенин ойлодубу?", - деген Киселёв иш-чаранын уюштуруучуларын "бешинчи колоннага" теңеди.
Ал ошондой эле 29-сентябрдагы митинг-концертке элди акча төлөп чакырышканын да билдирди. "Москва жана Подмосковьенин тургундарын акча төлөп алып келүүдөн башка нерсе ойлоруна да келбейт. Баарынан да жапайычылыгы - аларга акчасын митинг аяктаганда, үч саат кетпей турса гана берүүнү ойлоп табышыптыр", - деди Киселёв.
The Moscow Times белгилегендей, ишкер Орусия президенти Владимир Путиндин жакын чөйрөсүндөгү адамдарын бири. Анын фонду Путиндин катышуусу менен иш-чараларды өткөрүп келген.
Forbes 2011-жылы Путин Киселёвдун баласынын өкүл атасы (крёстным отцом) болгонун жазып чыккан.