Украинанын Куралдуу күчтөрү билдиргендей, 1-декабрга караган түнү Орусиянын армиясы 25 жанкечти дрон жана эки X-59 ракетасы менен аткылады.
Маалыматка караганда, дрондор аннексияланган Крымдан жана Краснодарск аймагындагы Приморск-Ахтарск шаарынан учурулган. Ракеталар Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнөн атылган.
Украин армиясы 18 дронду жана бир ракетаны абадан атып түшүргөнүн билдирди.
Николаев, Херсон, Запорожье жана Днепропетровск облустарында абадан коргонуу системалары иштеди. 1-декабрга караган түнү баш калаа Киевде жана Киев облусунда сиреналар жаңырды.
Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү билдиргендей, 1-декабрда эртең мененки саат сегиздерде Кара деңиз акваториясынын батыш бөлүгүндө “Крым жарым аралын көздөй багыт алган украин күчтөрүнүн экипажсыз катери” жок кылынды.
Расмий Киев Орусиянын Коргоо министрлигинин бул билдирүүсүнө реакция жасаган жок.
Украинанын армиясы билдиргендей, 30-ноябрга караган түнү Орусиянын аскердик күчтөрү Хмельницкий жана Донецк облустарын аткылоону улантты.
Маалыматка караганда 20 “Шахед” жанкечти-дрону жана сегиз С-300 ракетасы менен чабуул жасалган. Украин армиясы тараткан билдирүүгө ылайык, анын баары аннексияланган Крымдын аймагынан учурулган.
“Жыйынтыганда 14 дрон жок кылынды. Абадан коргонуу системасы түштүк, чыгыш жана борбордук облустарда иштеди”,-деп белгиленет билдирүүдө.
Хмельницкий облусунун бийлик өкүлү Сергей Тюрин маалымдагандай, дрондордун биринин калдыгы мурдагы заводдун аймагына түшкөн. Жабыркагандар жок.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко орус армиясы Донецк облусунун Покровск, Новогродовка жана Мирноград шаарларын аткылаганын тактады. 10 киши, анын ичинде төрт бала жараат алды. Беш кишини урандылардын алдынан издөө иштери жүрүп жатат. Алдын-ала маалыматтарга караганда, Покровск шаарында бир көп кабаттуу үй, тогуз менчик турак-жай, жергиликтүү полиция бөлүмүнүн имараты жана гараждар талкаланган. Жабыркагандардын арасында алты айлык наристе бар. Новоградовкада дагы көп кабаттуу имаратка тийген снаряддан 13 жаштагы өспүрүм жабыркады. орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуулдар тууралуу комментарий бере элек. Болгону Белгород облусунда бир учкучсуз аппарат жок кылынганын маалымдады.
- автор Элвира Будайчиева
29-ноябрда Украинанын абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн бир катар аймактарында дрондордун ири чабуулунун мизи кайтарылганын, түнү орус армиясынын Донецк жана Харьков облустарын аткылоосунан ондогон жай тургун жараат алганын кабарлады.
Ал эми Москванын мэри Сергей Собянин калааны көздөй учуп келаткан дрон Подольск шаарынын үстүнөн атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Муну Орусиянын Коргоо министрлиги да ырастап, учкучсуз учакты украин аскерлери учурганын маалымдады.
Харьков жана Донецк аткылоого кабылды
Шейшембиде Украинанын Сумы облусунун Середина-Буда шаарында орус армиясынын соккусунан үч адам набыт болду. Ракета көп кабаттуу үйлөргө тийгени айтылууда. Облустук прокуратуранын маалыматына караганда, эки аял жана жети жаштагы кыз каза болгон. Дагы үч адам жараат алган.
Украин армиясы акыркы суткада орус тарап Киевдин аскердик позицияларына жана калктуу конуштарга 14 ракеталык чабуул жасап, 80 жолу абадан сокку урганын маалымдады. Башкы штаб орус аскерлери Украинанын түндүгүндө, чыгышында жана түштүгүндө 100дөн ашуун калктуу конуштарды артиллериядан аткылаганын белгиледи.
Харьков облустук администрация башчысы Олег Синегубовдун айтымында, орус армиясынын аткылоосунан турак жайлар, административдик имараттар, ишканалар жана билим берүү мекемелери чоң зыян тартты.
Донецкиде түнкү аткылоодон жети жай тургун жараат алганын аймактын башчысынын милдетин аткаруучу Игорь Мороз билдирди.
Украин армиясынын Аба күчтөрүнүн командачылыгы 29-ноябрга караган түнү орусиялык аскерлер 21 Shahed дрону менен Одесса, Днепропетровск, Киев, Херсон, Запорожье жана Хмельницкий облустарына чабуул койгонун, бардыгы атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдиргендей, Авдеевканын айланасында да айыгышкан кармаш жүрүп жатат.
Буга чейин орусиялык бир катар Телеграм-каналдар жана блогерлер орус армиясы Авдеевкадагы өндүрүш аймагын толугу менен өз көзөмөлүнө алганын жазып, аны "тарыхый" окуя катары мүнөздөшкөн. Авдеевкага чабуулду орус күчтөрү 10-октябрда баштап, алгачкы күндөрү чоң жоготууларга учурганы маалым болгон.
Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардын тактоо мүмкүн эмес.
Херсондо орусиялык полиция кызматкерлери мерт кетти
28-ноябрь күнү эртең менен орус аскерлери басып алган Херсон облусунун Юбилейное айылында ракеталык чабуулдан полиция бөлүмүнүн имараты талкаланган. Анда орусиялык төрт полиция кызматкери каза болуп, дагы 17си жарат алганын ASTRA Телеграм-каналы билдирди.
Маалыматка караганда, бул бөлүмдө иштеген полиция кызматкерлеринин көбү Орусиядан барган. Каза болгондордун бири лейтенант Мерген Нимгиров Херсон облусуна Москвадан барган. Аткылоодо жараат алган лейтенант Елена Голодиаева жана подполковник Амида Миделашвили Юбилейноеге Астрахандан келишкен.
Ошол эле учурда Телеграм-канал каза болгондордун арасында полиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 33 жаштагы майор Артур Жунусов да бар экенин белгилейт.
Бирок сөз болгон бөлүмдө жергиликтүү тургундар жана мурдагы украиналык кызматкерлер да иштегени айтылууда.
Сууктан 12 киши көз жумду
Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-ноябрда өлкөнүн түштүгүндөгү Одесса аймагындагы жарандык жана аскерий бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.
"Көптөгөн маанилүү суроолор бар. Кара деңиздеги кырдаал, миналарга каршы күрөш жана "дан коридорунун" коопсуздугун камсыз кылуу", - деп жазды Зеленский Телеграм-каналына.
Украин лидери ошондой эле Одессада жана түштүк аймактарда аба ырайы кескин бузулганын, кеминде 12 адам каза болуп, 23 адам жараат алганын билдирди. Зеленский бул аймакты калыбына келтирүү аракеттерин талкуулоо үчүн жарандык бийлик менен жолугушканы да кабарланды.
Ал ортодо Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 29-ноябрда Брюсселде өтүп жаткан НАТО-Украина кеңешинин жыйынына катышты. Ал Киевдин өнөктөштөрүн Орусиянын негизсиз баскынчылыгына каршы Украинага жеткириле турган курал-жарак жана ок-дарылардын санын көбөйтүүгө чакырды.
"Бүтүндөй Европанын коопсуздугунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн коргонуу өнөр жайы өндүрүштү көбөйтүү зарыл" - деди Кулеба.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл быйыл жазда үч баскычтуу планын жарыялаган. Ага ылайык, Евробиримдик Украинага 12 ай ичинде адегенде учурдагы запастар аркылуу, андан кийин биргелешкен сатып алуу келишимдери жана өндүрүштү көбөйтүү аркылуу бир миллион артиллериялык курал менен камсыздашы керек болчу.
"Москваны көздөй учуп келаткан дрон атып түшүрүлдү"
Ал тапта Орусиянын абадан коргонуу түзмөктөрү Москваны көздөй учкан дронду Подольск аймагында атып түшүргөнүн мэр Сергей Собянин 29-ноябрда билдирди.
Муну Орусиянын Коргоо министрлиги да тастыктап, учкучсуз учакты украин аскерлери учурганын маалымдады. Баштапкы кабарларга ылайык, дрон сыныгы түшкөн жерде кыйроолор болгон жок.
Калаа башчысы 26-ноябрда да Москвага чабуул койгон бир нече учкучсуз аппараттар атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар жок экенин жазган.
Мындан улам Москванын Внуково жана Домодедово аба майдандары учактарды кондуруп-учурууну убактылуу токтоткон. Flightradar24.com булагынын маалыматы боюнча, Внуководо жүргүнчү ташуучу эки лайнер учак тилкесинде турган, дагы үч каттамдын учуусу кечеңдеген. Кийин эки аэропорт тең кайра мурдагы калыбында иштей баштаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги буга чейин төрт аймакта 20 дрондун чабуулу болгонун билдирген. Украинанын бийлиги бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек. Тула облусунун губернаторунун маалыматы боюнча, эки учкучсуз учактын бири көп кабаттуу турак үйгө кулап түшүп, андан бир тургун жаракат алган.
Москванын четиндеги чабуулдардан үч жерде курулуштарга зыян келтирилген, каза болгондор жана жабыркагандар болгон эмес.
Орусиянын абадан коргонуу түзмөктөрү баш калааны көздөй учкан дронду Подольск аймагында атып түшүргөнүн Москванын мэри Сергей Собянин 29-ноябрда билдирди. Муну Орусиянын Коргоо министрлиги да тастыктап, учкучсуз учакты украин аскерлери учурганын маалымдады. Киев буга комментарий берген жок.
Баштапкы кабарларга ылайык боюнча, дрон сыныгы түшкөн жерге зыян тийген жок.
Акыркы жолу 26-ноябрга караган түнү Подольскинин үстүнөн учкучсуз учак атып түшүрүлгөн. Сыныктары төрт жеке үйгө тийип, зыян тийгизгени айтылган. Коргоо министрлиги ал түнү Москва, Тула, Калуга, Смоленск жана Брянск облустарына учкучсуз учактар менен чабуул жасалганын билдирген.
Ал эми украин армиясы акыркы суткада орус тарап Киевдин аскердик позицияларына жана калктуу конуштарга 14 ракеталык чабуул жасап, 80 абадан сокку урганын маалымдады. Башкы штаб орус аскерлери Украинанын түндүгүндө, чыгышында жана түштүгүндө 100дөн ашуун калктуу конуштарды артиллериядан аткылаганын белгиледи.
Расмий кабарда өткөн суткада 87 согуштук кагылышуу болгону, Харьков, Донецк, Херсон облустары чабуулга кабылганы айтылат.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында басып киргенден бери айыгышкан салгылашуу уланууда.